Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаарынын аймагындагы авто транспортторду токтотуу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (Бишкек шаардык кеңешинин)
Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 135 токтомуна 2-тиркеме
Бишкек шаарынын аймагындагы авто транспортторду
токтотуу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана
төлөөнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Салыктык эмес төлөмдөр тууралу" Мыйзамына, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Бул Жобо Бишкек шаарынын аймагындагы авто транспортту токтотуу үчүн жыйымдардын тартибин аныктайт (мындан ары - жыйымдар).
1.3. Авто транспортту токтотуу үчүн атайын жабдылган орун же Бишкек шаардык мэриясы тарабынан ушул максатта белгиленген жерлерге авто транспортту токтотуу жыйымдын объектиси болот.
1.4. Жыйымдар Бишкек шаардык мэриясынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан ишке ашат (мындан ары - мэриянын ыйгарым укуктуу органы).
1.5. Бул Жободо авто транспортту токтотуу деп, ушул максатта атайын жабдылган орун же Бишкек шаардык мэриясы тарабынан белгиленген жерде убактылуу авто транспорттун токтотулушу түшүндүрүлөт.
1.6. "Атайын жабдылган орун" - бул Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бөлүнгөн, тиешелүү белгилер, жол сызыктары менен белгиленген, авто транспортту талапка ылайык кароого убактылуу тосмолору жана башка каражаттары бар авто транспортту токтотуучу аянт.
1.7. "Бөлүнүп берилген жер" - бул Бишкек шаардык мэриясы тарабынан белгиленген, тиешелүү белгилер менен белгиленген авто транспортту токтотуучу аянт.
II. Жыйымдарды төлөөчүлөр
2.1. Авто транспортту коюу үчүн атайын жабдылган орун же Бишкек шаардык мэриясы тарабынан ушул максатта белгиленген жерлерге авто транспорттун коюлушун ишке ашырган юридикалык жана жеке жактар жыйымдын төлөөчүлөрү болуп эсептелет.
III. Жыйымдардын чени
3.1. Бир авто транспорт коюлуучу орундун эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүнөн 10 пайыз эсебинде жыйымдын чени белгиленген.
3.2. Жыйымдардын чени Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен аныкталат.
IV. Жыйымдарды төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү
4.1. Авто транспортту коюу үчүн атайын жабдылган орун же Бишкек шаардык мэриясы тарабынан ушул максатта белгиленген жерлерге авто транспортту койгон учурда, бекитилген формадагы дүмүрчөктү алуу менен жыйым төлөнөт (№ 1 тиркеме).
4.2. Жыйымды төлөө жөнүндөгү дүмүрчөктүн формасы (мындан ары дүмүрчөк) Бишкек шаардык мэриясынын сунушу менен Бишкек шаардык кеңеште бекитилет.
4.3. Дүмүрчөктөр мыйзамда белгиленген тартипке ылайык мэриянын ыйгарым укуктуу органы катталган жер боюнча салык органында катталат. Дүмүрчөк отчет бере турган документ болуп эсептелет, дүмүрчөк белгиленген мыйзамдык тартипте сакталат.
4.4. Жыйымдын суммасы ай сайын, кийинки отчеттуулук айынын 20 числосунан кеч эмес, мэриянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жергиликтүү бюджетке мыйзамда белгиленген тартипте катталган жери боюнча салык кызматынын ыйгарым укуктуу органына эсеп-кысапты берүү менен которулат.
V. Төлөөчүлөрдүн жана мэриянын ыйгарым укуктуу органынын милдеттери жана жоопкерчилиги
5.1. Төлөөчүлөр өз убагында жана толук өлчөмүндө жыйымды төлөп турушу керек. Келишимдин шарттары бузулганда алар Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопко тартылат.
5.2. Мэриянын ыйгарым укуктуу органы жыйымды которуу жана кабыл алууну, төлөөнүн мөөнөтүн жана жыйымдын суммасын өткөрүү тартибин бекем сактоого милдеттүү. Отчеттук маалыматтарды тапшырбагандыгы, бюджетке жыйымды которуунун мөөнөтүн бузгандыгы үчүн мэриянын ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопко тартылат.
5.3. Мэриянын ыйгарым укуктуу органы эсептөөнүн жана алуунун тартибин, жыйымдарды төлөө мөөнөтүн жана суммаларын эсептөө тартибин толук сактоого милдеттүү. Отчеттук маалыматтарды бербегендиги, жыйымдарды бюджетке которуу мөөнөтүн бузгандыгы үчүн Мэриянын ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
5.4. Авто токтотмолордун ордун уюштуруу, аларды талапка ылайык кармоо жана дүмүрчөктөрдү даярдоо мэриянын ыйгарым укуктуу органына жүктөлөт.
5.5. Жыйымдардын суммасын жергиликтүү бюджетке өз убагында жана толук өлчөмдө которулушун Кыргыз Республикасынын "Салыктык эмес төлөмдөрү тууралуу" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык контролдоону салык кызматынын органдары жүргүзөт.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
Ю. Шкуропатов
"Бишкек шаарынын аймагындагы авто транспортту токтотуу үчүн жыйымдардын тартиби жөнүндө" Жобого № 1 тиркеме
_______________________________________________________________________ Бишкек шаардык мэриясынын Бишкек шаардык мэриясынын автотоктотмо жана авто коюучу автотоктотмо жана авто дирекциясы коюучу жай дирекциясы Дирекция парковок и автостоянок Дирекция парковок и автостоянок мэрии г.Бишкек мэрии г.Бишкек ИНН 01905200810135 ИНН 01905200810135
Серия ВА ______________________ Серия ВА ______________________ (каттоо номуру/ (каттоо номуру/ регистрационный номер) регистрационный номер)
ДҮМҮРЧӨКТҮН БӨЛҮГҮ/КОРЕШОК КВИТАНЦИИ ДҮМҮРЧӨК/КВИТАНЦИЯ
10 сом 10 сом
А/транспорттун м/номуру / А/транспорттун м/номуру / Г/номер а/транспорта ______ Г/номер а/транспорта ______
Саат ____ саат ____ чейин Саат ____ саат ____ чейин С ____ час. до ____ час С ____ час. до ____ час
Автотранспорттун сакталышы, Автотранспорттун сакталышы, алардын ичиндеги баалуу алардын ичиндеги баалуу буюмдар үчүн Дирекция буюмдар үчүн Дирекция жоопкерчилик албайт. жоопкерчилик албайт. За сохранность автотранспорта, За сохранность автотранспорта, находящихся в них вещей и находящихся в них вещей и ценностей, Дирекция ценностей, Дирекция ответственность не несет. ответственность не несет. _______________________________________________________________________
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
Ю. Шкуропатов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 135 "Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" жана…Постановление · 29.12.2009 · № 135
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О местном самоуправлении и местной государственной администрацииЗакон · 12.01.2002 · № 5 · Күчүн жоготкон
- Постановление Бишкекского городского кенеша депутатов от 31 января 2002 года N 104 "О внесении изменений в постановление Бишкекского городского Кенеша депутатов "О введении…Постановление · 31.01.2002 · № 104 · Күчүн жоготкон