Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин токтомуна 1-тиркеме)
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-10-29.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
| 1-тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-октябрындагы № 732 токтомуна) |
Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрүн, анын ишине карата талаптарды жана анын ишине мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
2. «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык улуттук депозитарий статусу ыйгарылган жана ушул Жободо белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен иш жүргүзгөн депозитарий улуттук депозитарий болуп эсептелет.
3. Улуттук депозитарий өзүнүн ишин «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Жобого жана улуттук депозитарийдин эрежелерине ылайык жүргүзөт.
4. Улуттук депозитарийдин иши төмөнкү принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулук;
2) ишинин ишенимдүүлүгү, туруктуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
3) депозитардык эсептин аныктыгы, толуктугу жана сакталышы;
4) кардарлардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
5) кардарлардын улуттук депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө бирдей жана басмырлоосуз жеткиликтүүлүгү;
6) маалыматтын маалыматтык коопсуздугу жана купуялуулугу;
7) ак ниеттүүлүк жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу;
8) финансылык туруктуулук;
9) баалуу кагаздар рыногунун инфраструктурасынын туруктуулугун камсыз кылуу.
5. Улуттук депозитарий «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо улуттук депозитарийге жүктөлгөн функцияларды ишенимдүү, туруктуу жана үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн жетиштүү уюштуруучулук, кадрдык, финансылык жана технологиялык инфраструктуранын болушун камсыз кылууга милдеттүү.
6. Улуттук депозитарий Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде, ушул Жободо жана улуттук депозитарийдин эрежелеринде каралган учурларда жана тартипте маалыматтык системаларды, санарип документтерди, санарип кол тамганы жана электрондук өз ара аракеттенүүнүн башка каражаттарын колдонууга укуктуу.
7. Улуттук депозитарий Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин борбордук депозитарийлери, эл аралык депозитардык, эсептик жана финансы рыногунун башка инфраструктуралык уюмдары менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу.
8. Улуттук депозитарий өзүнүн маалыматтык системаларынын Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун инфраструктурасы менен шайкештигин камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлүк борбордук депозитарийлердин жана финансы рыногунун башка инфраструктуралык уюмдарынын инфраструктуралары менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга укуктуу.
9. Улуттук депозитарий баалуу кагаздар рыногунун туруктуулугуна, кардарлардын укуктарын коргоого жана ага жүктөлгөн функцияларды аткарууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон операциялык, укуктук, финансылык жана технологиялык тобокелдиктерди минималдаштыруунун зарылдыгын эске алуу менен иш жүргүзөт.
10. Ушул Жободо колдонулган терминдер, эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган маанилерде колдонулат.
2-глава. Улуттук депозитарийге карата талаптар
11. Депозитардык иш жүргүзүүгө лицензиясы бар, кеминде 3 (үч) жылдан кем эмес депозитардык иш жүргүзгөн жана «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген акционердик коом улуттук депозитарий болуп эсептелиши мүмкүн.
12. Улуттук депозитарий өзүнүн ишин төмөнкүлөрдү камсыз кыла тургандай уюштурууга милдеттүү:
1) иш жүргүзүүнүн ишенимдүүлүгүн, туруктуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн;
2) кардарлардын финансылык инструменттеринин, акча каражаттарынын жана маалыматтарынын сакталышын;
3) кардарлардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушун;
4) кардарлардын көрсөтүлүүчү кызматтарга бирдей жана басмырлоосуз жеткиликтүүлүгүн;
5) кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алууну;
6) баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын.
13. Улуттук депозитарий жүргүзүлүп жаткан иштин мүнөзүнө, көлөмүнө жана татаалдыгына шайкеш келген корпоративдик башкаруу, ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштешин камсыз кылууга милдеттүү.
14. Улуттук депозитарий төмөнкүлөрдү жөнгө салуучу ички документтерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө милдеттүү:
1) корпоративдик башкарууну;
2) ички контролду, анын ичинде кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контроль программасын ишке ашырууну;
3) тобокелдиктерди башкарууну, анын ичинде кардарларга жана операцияларга тобокелдикке багытталган ыкманы колдонууну;
4) ички аудитти;
5) иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууну;
6) маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууну;
7) кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алууну жана жөнгө салууну;
8) улуттук депозитарийдин башкаруу органдарынын ишин;
9) баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган иштеп чыгуу милдеттенмеси бар башка ички документтерди.
15. Улуттук депозитарий финансылык туруктуулукту, иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган функцияларды талаптагыдай жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү болгон өздүк каражаттарга (капиталга) дайыма ээ болууга милдеттүү.
16. Улуттук депозитарий баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында депозитарийлер үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрүн сактоого милдеттүү.
17. Улуттук депозитарий баалуу кагаздар рыногунда бир нече кесиптик иштин түрлөрүн айкалыштырганда, баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын тиешелүү кесиптик иштин түрлөрүн жөнгө салуучу мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тиешелүү лицензияга жана өзүнчө түзүмдүк бөлүмгө ээ болуу талаптарын сактоого милдеттүү.
18. Улуттук депозитарий төмөнкүлөрдү камсыз кылган программалык-техникалык комплекстин иштешин камсыз кылууга милдеттүү:
1) борборлоштурулган депозитардык эсепке алууну жүргүзүүнү;
2) маалыматты санкцияланбаган кирүүдөн, өзгөртүүдөн, жок кылуудан жана жоготуудан коргоону;
3) маалыматты резервдик көчүрүүнү;
4) өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда ишин калыбына келтирүүнү;
5) баалуу кагаздар рыногунун катышуучулары менен электрондук өз ара аракеттенүүнү;
6) бардык аткарылган операциялар жөнүндө маалыматтарды каттоону жана сактоону;
7) маалыматтык системаларга жана маалыматтык ресурстарга колдонуучулардын жеткиликтүүлүк укуктарын чектөөнү;
8) маалыматтык системада жасалган колдонуучулардын аракеттерин жана операцияларды каттоону;
9) депозитардык маалыматтын бүтүндүгүн жана сакталышын камсыз кылуу.
Программалык-техникалык комплекс баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген техникалык талаптарга шайкеш келиши керек.
19. Улуттук депозитарий маалыматтарды иштеп чыгуунун негизги борборунун иштеши бузулган учурда улуттук депозитарийдин ишин калыбына келтирүүнү жана маалыматтын сакталышын камсыз кылуучу маалыматтарды иштеп чыгуунун резервдик борборунун же башка технологиялык инфраструктуранын болушун камсыз кылууга милдеттүү.
Маалыматтарды иштеп чыгуунун резервдик борбору же башка технологиялык инфраструктура төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) программалык-техникалык каражаттарды жана маалыматтарды сактоочу системаларды резервдөөнү;
2) депозитардык маалыматтарды резервдик көчүрүүнү жана калыбына келтирүүнү;
3) иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтарды иштеп чыгуунун негизги борборунан көз каранды эместикти;
4) маалыматтардын резервдик көчүрмөлөрүн корголгон сактоону;
5) ченемдик талаптарда белгиленген мөөнөттөрдө маалыматтык системалардын иштешин калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн;
6) резервдөө жана ишти калыбына келтирүү жол-жоболорун үзгүлтүксүз сыноодон өткөрүүнү.
Маалыматтарды иштеп чыгуунун резервдик борборуна жана башка технологиялык инфраструктурага техникалык талаптар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
20. Улуттук депозитарий токтоосуз, бирок төмөнкүлөргө таасир этиши мүмкүн болгон жагдайлар аныкталган күндөн тартып бир жумуш күндөн кечиктирбестен:
1) улуттук депозитарийдин ишинин туруктуулугуна;
2 депозитардык ишти жүзөгө ашыруунун үзгүлтүксүздүгүнө;
3) маалыматтын сакталышына жана депозитардык эсепке алуу системасынын бүтүндүгүнө;
4) кардарлар алдындагы милдеттенмелердин аткарылышына;
5) баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган функцияларды аткаруу мүмкүнчүлүгүнө, бул тууралуу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого.
Кабарлама келип чыккан жагдайлардын мүнөзү, алардын улуттук депозитарийдин жана анын кардарларынын ишине тийгизиши мүмкүн болгон таасири, ошондой эле көрсөтүлгөн жагдайларды жоюу жана алардын кесепеттерин азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
21. Улуттук депозитарий ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар жоюлган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү маалыматтарды камтыган отчетту берүүгө милдеттүү:
1) көрсөтүлгөн жагдайлардын келип чыгуу себептери жөнүндө;
2) алардын улуттук депозитарийдин жана анын кардарларынын ишине тийгизген кесепеттери жөнүндө;
3) алардын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө;
4) мындан ары ушундай жагдайлардын келип чыгышына жол бербөөгө багытталган чаралар жөнүндө.
22. Улуттук депозитарий өзүнүн иши жөнүндө баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Жободо жана улуттук депозитарийдин эрежелеринде белгиленген көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө маалыматты ачыкка чыгарууну камсыз кылууга милдеттүү.
3-глава. Улуттук депозитарий статусун ыйгаруу
жана токтотуу
23. Улуттук депозитарий статусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушунун негизинде, «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого коюлган талаптарга жооп берген депозитарийге ыйгарылат.
24. Улуттук депозитарий статусун ыйгаруу үчүн депозитарий баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз, ошондой эле төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берет:
1) бардык катталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен уставдын көчүрмөсүн;
2) депозитардык ишти жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсүн;
3) акыркы 3 (үч) жыл үчүн аудиттен өткөн финансылык отчеттордун көчүрмөсүн;
4) депозитарийдин уюштуруу түзүмүн;
5) аталган адамдардын кылмыштуу кирешелерди каржылоого жана легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кылмыштуу ишти жасагандыгы үчүн жазаны өтөгөн жеке адамдардын тизмесинде жана санкциялык тизмектерде жок экендигин текшерүү үчүн фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо) көрсөтүү менен депозитарийдин башкаруу органдарынын курамын;
6) аталган адамдардын кылмыштуу кирешелерди каржылоого жана легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кылмыштуу ишти жасагандыгы үчүн жазаны өтөгөн жеке адамдардын тизмесинде (жеке адамдар үчүн) жана санкциялык тизмектерде жок экендигин текшерүү үчүн толук аталышын (юридикалык жактар үчүн) же фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо) (жеке адамдар үчүн), уставдык капиталдагы үлүшүнүн өлчөмүн жана үлүшүн көрсөтүү менен депозитарийдын уюштуруучулары жана акционерлери жөнүндө маалымат;
7) аталган адамдардын кылмыштуу кирешелерди каржылоого жана легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кылмыштуу иштерди жасагандыгы үчүн жазаны өтөгөн жеке адамдардын тизмесинде жана санкциялык тизмектерде жок экендигин текшерүү үчүн фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо) көрсөтүү менен депозитарийдин бенефициардык ээлери жөнүндө маалымат;
8) улуттук депозитарийдин функцияларын ишке ашырууну камсыз кылган программалык-техникалык инфраструктуранын бар экендиги;
9) ушул Жободо каралган ички документтердин бар экендиги;
10) баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында депозитардык иш үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрүнүн сакталышын ырастоо;
11) корпоративдик башкаруу, ички контролдоо, тобокелдиктерди башкаруу, ички аудит, иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана маалыматтык коопсуздук системасынын сыпаттамасы.
25. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтерди карайт, депозитарийдин «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Жобонун талаптарына шайкештигин баалайт, ошондой эле берилген маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө укуктуу.
Арызды жана документтерди кароо мөөнөтү алар катталган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндү түзөт.
26. Арызды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине депозитарийге улуттук депозитарий статусун ыйгаруу жөнүндө сунуштаманы киргизүү;
2) баш тартуунун жүйөөлүү негиздерин көрсөтүү менен мындай сунуштаманы киргизүүдөн баш тартуу.
27. Улуттук депозитарий статусун ыйгаруу жөнүндө сунуштаманы киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) депозитарийдин «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Жобонун талаптарына шайкеш келбеши;
2) документтердин толук эмес комплектин берүү;
3) анык эмес маалыматтарды берүү.
28. Баш тартуу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлгандан кийин депозитарий кайрадан улуттук депозитарий статусун ыйгаруу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
29. Улуттук депозитарий ага тиешелүү статусту ыйгарууга негиз болгон «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Жобонун талаптарына туруктуу негизде шайкеш келүүгө милдеттүү.
30. Улуттук депозитарийдин «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Жобонун талаптарына шайкеш келбегендиги аныкталган учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныкталган бузууларды жоюу мөөнөтүн көрсөтүү менен аларды жоюу жөнүндө жазма буйрук берет.
31. Белгиленген мөөнөттө бузуулар жоюлбаган учурда же улуттук депозитарий тарабынан өзүнүн функцияларын андан ары ишке ашырууга тоскоолдук кылган жагдайлар келип чыккан учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине улуттук депозитарийдин статусун токтотуу жөнүндө сунуштама киргизүүгө укуктуу.
32. Улуттук депозитарийдин статусун токтотуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Улуттук депозитарийдин статусун башка депозитарийге ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ошол эле учурда мурда аныкталган улуттук депозитарийдин статусун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат, улуттук депозитарийдин функцияларын өткөрүп берүү мөөнөтүн белгилейт, ошондой эле улуттук депозитарийдин ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон документтерди, маалымат базаларын жана башка маалыматтарды өткөрүп берүү боюнча чараларды аныктайт. Функцияларды өткөрүп берүү аяктаганга чейин, эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен башкача белгиленбесе, мурда аныкталган улуттук депозитарий Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган көлөмдө жана тартипте өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткарууну улантат. Улуттук депозитарийдин функцияларын өткөрүп берүү тартиби ушул Жобо менен аныкталат.
4-глава. Улуттук депозитарийдин функциялары
33. Улуттук депозитарий төмөнкү функцияларды аткарат:
1) баалуу кагаздарды номиналдык кармоо боюнча кызматтарды көрсөтөт;
2) баалуу кагаздар рыногунун уюштурулган жана биржадан тышкаркы рынокторунда түзүлгөн баалуу кагаздар менен бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзөт;
3) мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарды депозитардык тейлөөнү жүргүзөт;
4) «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда клирингдик ишти жүргүзөт;
5) депозитарийлердин корреспонденттик эсептерин ачат жана жүргүзөт;
6) резервдик депозитарийдин функцияларын аткарат;
7) депозитарийлердин маалыматтарынын резервдик көчүрмөлөрүн сактоону камсыз кылат;
8) чет өлкөлүк борбордук депозитарийлер менен корреспонденттик мамилелерди түзөт жана колдойт;
9) «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 711-статьясында каралган учурларда акча каражаттарын депонирлөө жүргүзөт;
10) Улуттук номерлөө агенттигинин функцияларын, анын ичинде ISIN/CFI коддорун ыйгарууну жүргүзөт;
11) санкциялык тизмектерге киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын токтоосуз тоңдурууну кошо алганда, максаттуу финансылык санкцияларды колдонот;
12) шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) токтоосуз токтото туруу чараларын көрөт.
34. Улуттук депозитарий баалуу кагаздарды номиналдык кармоо боюнча кызматтарды депо эсептерин ачуу жана жүргүзүү, баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алуу, ошондой эле «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана улуттук депозитарийдин эрежелерине ылайык депозитардык операцияларды аткаруу аркылуу көрсөтөт.
35. Улуттук депозитарий баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын баалуу кагаздар рыногунун уюштурулган жана биржадан тышкаркы рынокторунда түзүлгөн бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерин аткаруу максатында баалуу кагаздар менен бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзөт.
Эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу тартиби улуттук депозитарийдин эрежелери менен аныкталат.
36. Улуттук депозитарий мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарды тейлөөнү, анын ичинде аталган баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алууну, алар менен операцияларды жүргүзүүнү жана аларды жүгүртүүгө, жоюуга жана кирешелерди төлөөгө байланыштуу башка аракеттерди Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде жүргүзөт.
37. Улуттук депозитарий баалуу кагаздар менен бүтүмдөр боюнча депозитардык эсепке алуу жана эсептешүүлөрдүн борборлоштурулган системасын уюштуруу максатында депозитарийлердин корреспонденттик эсептерин ачат жана жүргүзөт.
Корреспонденттик эсептерди ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби улуттук депозитарийдин эрежелери менен аныкталат.
38. Улуттук депозитарий чет өлкөлүк баалуу кагаздарды эсепке алууну жана жүгүртүүнү камсыздоо, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда трансчек аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү максатында чет өлкөлүк борбордук депозитарийлер менен корреспонденттик мамилелерди түзөт жана колдойт.
39. Улуттук депозитарий ушул Жободо каралган учурларда резервдик депозитарий функцияларын аткарат.
Резервдик депозитарий функцияларын аткаруу тартиби ушул Жобонун 7-главасы менен аныкталат.
40. Улуттук депозитарий, маалыматтын сакталышын жана алар кесиптик ишин жүргүзүүгө тоскоолдук кылган жагдайлар келип чыккан учурда ишин калыбына келтирүүнү камсыз кылуу максатында депозитарийлердин маалыматтарынын резервдик көчүрмөлөрүн сактоону камсыз кылат.
Маалыматтын резервдик көчүрмөлөрүн сактоо, пайдалануу жана өткөрүп берүү тартиби улуттук депозитарийдин эрежелери менен аныкталат.
41. Улуттук депозитарий «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 711-статьясында каралган учурларда акча каражаттарын депонирлөөнү жүзөгө ашырат.
Атайын эсеп ачуу, акча каражаттарын которуу, эсепке алуу, сактоо, чегерүү жана кайтарып берүү тартиби ушул Жобонун 8-главасы менен аныкталат.
5-глава. Улуттук депозитарийдин эрежелери
42. Улуттук депозитарий өз ишин улуттук депозитарийдин эрежелеринин негизинде жүргүзөт, ушул Жободо каралган кызмат көрсөтүү жана функцияларды аткаруу тартибин жөнгө салат.
43. Улуттук депозитарийдин эрежелери улуттук депозитарий тарабынан бекитилет жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга жатат.
Улуттук депозитарийдин эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул пункттун биринчи абзацында белгиленген тартипте бекитилет жана макулдашылат.
44. Улуттук депозитарийдин эрежелери улуттук депозитарий, депозитарийлер, ошондой эле улуттук депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулар болуп саналган башка жактар үчүн алардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү бөлүгүндө милдеттүү болуп саналат.
45. Улуттук депозитарийдин эрежелери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) эсептерди ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби;
2) депозитардык операцияларды аткаруу тартиби;
3) баалуу кагаздар менен бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби;
4) депозитарийлердин корреспонденттик эсептерин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби;
5) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, клирингдик уюмдар жана эмитенттер менен өз ара аракеттенүү тартиби;
6) чет өлкөлүк борбордук депозитарийлер менен өз ара аракеттенүү тартиби;
7) маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана коргоо тартиби;
8) депозитарийлердин маалыматтарынын резервдик көчүрмөлөрүн сактоо тартиби;
9) резервдик депозитарий функцияларын аткаруу тартиби;
10) «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 711-статьясында каралган учурларда акча каражаттарын депонирлөө тартиби;
11) Улуттук депозитарийдин кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун негиздери жана тартиби;
12) кардарлардын кайрылууларын кароо тартиби;
13) Улуттук депозитарийдин ишин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча чаралары;
14) Улуттук депозитарийдин функцияларын аткарууда операциялык тобокелдиктерди башкаруу тартиби;
15) кардарларды тийиштүү текшерүүнү, анын ичинде акыркы бенефициардык ээлерин идентификациялоону жана верификациялоону, ошондой эле тиешелүү анкеталарды түзүүнү жана жаңыртууну жүргүзүү тартиби;
16) «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо жана финансылык чалгындоо органына алар жөнүндө билдирүүлөрдү жиберүү тартиби;
17) «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жогорку тобокелдүү өлкөлөрдүн жеке жана юридикалык жактары менен болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо жана финансылык чалгындоо органына алар жөнүндө билдирүүлөрдү жиберүү тартиби;
18) «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык кылмыштуу иш үчүн жаза өтөгөн жеке жактар тарабынан жасалган операцияларга (бүтүмдөргө) милдеттүү мониторинг жүргүзүү жана билдирүүлөрдү жиберүү тартиби;
19) «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык белгиленген босого суммага барабар же андан ашкан накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо жана билдирүүлөрдү жиберүү тартиби;
20) кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле бардык операциялар жөнүндө маалыматтарды ишкердик мамилелер токтотулгандан кийин кеминде 5 (беш) жыл бою сактоо тартиби.
46. Улуттук депозитарийдин эрежелери, ошондой эле аларга карата өзгөртүүлөр баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан макулдашылган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндөн эрте эмес күчүнө кирет.
47. Улуттук депозитарий улуттук депозитарийдин эрежелерин, ошондой эле аларга киргизилген бардык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду алар күчүнө кирген күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырууну камсыз кылат.
6-глава. Баалуу кагаздар рыногунун катышуучулары менен улуттук депозитарийдин өз ара аракеттенүүсү
48. Улуттук депозитарий баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, клирингдик уюмдар, эмитенттер, мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ошондой эле өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чет өлкөлүк борбордук депозитарийлер менен өз ара аракеттенет.
49. Улуттук депозитарий улуттук депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга укугу бар жактарга кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүктү бирдиктүү шарттарда камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, айрым адамдар үчүн артыкчылыктарды же чектөөлөрдү белгилөөгө жол берилбейт.
50. Улуттук депозитарий Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында мындай маалыматты берүү каралган же мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, өз ишин жүргүзүүдө алынган маалыматтын аныктыгын, толуктугун, сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү.
51. Улуттук депозитарий кардарлардын жана башка кызыкдар жактардын кайрылууларын Кыргыз Республикасынын жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү мыйзамдарында жана улуттук депозитарийдин эрежелеринде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө карайт.
7-глава. Резервдик депозитарийдин функцияларын
аткаруу
52. Улуттук депозитарий депозитардык ишти үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, баалуу кагаздардын ээлеринин укуктарын коргоону жана баалуу кагаздарга болгон укуктар жөнүндөгү маалыматтын сакталышын камсыз кылуу максатында резервдик депозитарийдин функцияларын аткарат.
53. Улуттук депозитарий депозитарийлердин маалымат базаларынын резервдик көчүрмөлөрүн кабыл алууну, сактоону жана актуалдаштырууну улуттук депозитарийдин эрежелеринде белгиленген тартипте камсыз кылат.
54. Депозитарийлер улуттук депозитарийдин эрежелери тарабынан белгиленген мезгилде жана форматта улуттук депозитарийге маалымат базаларынын резервдик көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү.
55. Улуттук депозитарий маалыматтын резервдик көчүрмөлөрүн жоготуудан, бузулуудан, санкцияланбаган кирүүдөн, өзгөртүүдөн, көчүрүүдөн жана жайылтуудан коргоону камсыз кылат.
56. Маалыматтын резервдик көчүрмөлөрүнө жеткиликтүүлүккө төмөнкүлөргө гана жол берилет:
1) тиешелүү депозитарийге;
2) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде.
57. Депозитарий өз ишин өзгөчө кырдаалдар, техникалык мүчүлүштүктөр, маалыматтык ресурстардын жоголушу же депозитардык ишти жүргүзүүгө тоскоол болгон башка жагдайлардын кесепетинен жүргүзүүгө мүмкүн болбогон учурда улуттук депозитарий улуттук депозитарийдин эрежелери тарабынан белгиленген тартипте ишин калыбына келтирүү үчүн тиешелүү резервдик маалыматты берүүнү камсыз кылат.
58. Улуттук депозитарий келип түшкөн резервдик көчүрмөлөрдү, аларды сактоо, пайдалануу жана өткөрүп берүү боюнча аракеттерди эсепке алат, ошондой эле аткарылган операциялар жөнүндөгү маалыматтардын сакталышын камсыз кылат.
8-глава. Акча каражаттарын депонирлөө
59. Улуттук депозитарий дивиденддерди төлөөгө, милдеттүү сатып алынууга тийиш акциялардын наркын төлөөгө, ошондой эле «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 711-статьясында каралган учурларда башка акча каражаттарына арналган акча каражаттарын депонирлөө жүргүзөт.
60. Акча каражаттары улуттук депозитарийдин депонирленген акча каражаттарын эсепке алуу жана сактоо үчүн гана ачылган атайын банктык эсебинде депонирленет.
Атайын банктык эсепте турган акча каражаттары улуттук депозитарийдин жеке мүлкүнөн өзүнчө эсепке алынат.
61. Акционердик коомдун тиешелүү төлөмдү жүргүзүү милдетин, ошондой эле «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда мындай төлөмдү түздөн-түз алуучуга жүргүзүү мүмкүн эместигин тастыктаган документтер акча каражаттарын депонирлөөгө кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
62. Улуттук депозитарий акча каражаттарын депонирлөөгө кабыл алат, аларды эсепке алат, сакталышын камсыз кылат жана аларды алууга укуктуу жактар үчүн төлөмдөрдү жүргүзөт.
63. Депонирленген акча каражаттарын төлөө, аларды алуу укугу бар адам тарабынан ушул Жободо жана улуттук депозитарийдин эрежелеринде каралган документтердин негизинде тастыкталгандан кийин жүргүзүлөт.
64. Улуттук депозитарий төмөнкү учурларда депонирленген акча каражаттарын төлөөдөн баш тартууга укуктуу:
1) документтердин толук эмес комплекти берилгенде;
2) берилген документтер белгиленген талаптарга жооп бербегенде;
3) арыз берүүчүнүн акча каражаттарын алуу укугу тастыкталбаганда;
4) төлөмдү жүргүзүүгө тыюу салган мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы болгондо.
65. Улуттук депозитарий депонирленген акча каражаттарын алуу, сактоо жана төлөө боюнча операциялардын эсебин жүргүзөт жана тиешелүү операцияларды аткарууга негиз болгон документтердин сакталышын камсыз кылат.
66. Акча каражаттарын депонирлөөгө кабыл алуу, аларды эсепке алуу, сактоо, төлөө, кайтарып берүү тартиби, ошондой эле аталган операцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги улуттук депозитарийдин эрежелери менен аныкталат.
9-глава. Улуттук депозитарийдин ишине
мамлекеттик контроль
67. Улуттук депозитарийдин ишине мамлекеттик контроль баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде жүргүзөт.
68. Улуттук депозитарий баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын укуктук актыларында белгиленген учурларда, тартипте жана мөөнөттөрдө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчетторду, маалыматтарды жана документтерди берүүгө милдеттүү.
69. Улуттук депозитарий баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте, мамлекеттик контролду жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерге, маалыматтык системаларга жана маалыматтарга баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн кирүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.
70. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын, ушул Жобонун же баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын милдеттүү түрдө аткарылуучу укуктук актыларынын талаптарынын бузуулары аныкталганда, улуттук депозитарий аныкталган бузууларды белгиленген мөөнөттө четтетүүгө жана аларды четтетилгендиги жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү.
71. Улуттук депозитарий тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
10-глава. Корутунду жоболор
72. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жаңы улуттук депозитарийди аныктоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндөн ашпаган мөөнөттө, улуттук депозитарийдин статусу токтотулган учурда, документтерди, маалымат базаларын, архивдерди, депонирлөөдөгү акча каражаттарын, ошондой эле башка активдерди жана маалыматтарды кайрадан аныкталган улуттук депозитарийге берүү өткөрүп берүү актысы боюнча жүргүзөт.
73. Улуттук депозитарий депозитардык ишти жүргүзүүгө байланышкан документтердин жана маалыматтардын сакталышын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде камсыз кылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 "Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз…Постановление · 13.09.2023 · № 469
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-октябры № 732 "Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 29.10.2026 · № 732 · Күчүнө кире элек