Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 13-сентябры № 469 Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген чийки заттардын жана материалдардын, жабдуулардын жана технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, кош багыттагы продукциялардын түрлөрүнө жана интеллектуалдык иштин натыйжаларына карата тышкы экономикалык ишти контролдоо механизмин өркүндөтүү максатында, "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уюмдар тарабынан уруксат алуунун эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
- Экспорттук контролдоо максатында контролдонуучу продукцияны идентификациялоо жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги төмөнкүлөрдү ишке ашырсын:
- жалпы методикалык жетектөөнү жана лицензиялык талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоону;
- контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат алган уюмдардын реестрин жүргүзүүнү.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2023-жылдын 21-сентябрында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Экспорттук контролдоо максатында контролдонуучу продукцияны идентификациялоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 токтомуна…Положение · 13.09.2023 · № 469
- Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уюмдар тарабынан уруксат алуунун (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 токтомуна…Правила · 13.09.2023 · № 469
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы № 344 "2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2024 · № 344 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Экспорттук контроль жөнүндөЗакон · 23.01.2003 · № 30