Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 1-октябры № 751-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 267-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттун 7-пунктчасындагы "1-июнуна" деген сөздөр "1-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.Касымалиев | |
| Тиркеме | ||
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоого мамлекеттик заказ жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун даярдоо боюнча мамлекеттик заказды (мындан ары - мамлекеттик заказ) уюштуруу жана ишке ашыруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун бири болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын жогорку көркөм деңгээлдеги долбоорлорун даярдоо;
2) мамлекеттик заказды уюштуруунун бирдиктүү механизмин белгилөө;
3) чыгармачыл союздардын, жамааттардын, маданияттын жана искусствонун көрүнүктүү ишмерлеринин мамлекеттик маанидеги чыгармачыл ишти аткарууга катышуусун камсыз кылуу;
4) мамлекеттик заказды ачык, ачык-айкын жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, конституциялык мыйзамдарына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
4. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик заказ - мамлекеттик маанидеги чыгармаларды жаратуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жайгаштырылган заказ;
2) долбоор - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин же музыкасын даярдоо боюнча автордун чыгармачыл эмгеги;
3) чыгармачыл жамаат - мамлекеттик заказды аткаруу үчүн түзүлгөн авторлордун, композиторлордун, музыканттардын, филолог окумуштуулардын жана башка адистердин бирикмеси;
4) чыгармачыл союз - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн чыгармачыл коомдук бирикме;
5) ведомстволор аралык комиссия - мамлекеттик заказдын алкагында даярдалган долбоорлорду кароо, баалоо жана мыкты долбоорду аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн комиссия.
5. Мамлекеттик заказ конкурсту өткөрбөстөн ишке ашырылат.
6. Мамлекеттик заказ Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан белгилүү чыгармачыл союздарды, чыгармачыл жамааттарды жана чыгармачыл ишмерлерди аны аткарууга тартуу аркылуу ишке ашырылат.
2-глава. Мамлекеттик заказдын максаты жана негизги милдеттери
7. Мамлекеттик заказдын максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн, элдин биримдигин, тарыхый эскерүүлөрүн, маданий мурасын, руханий баалуулуктарын жана келечекке умтулуусун чагылдырган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун даярдоо болуп саналат.
8. Мамлекеттик заказдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин долбоорлорун даярдоо;
2) даярдалган тексттердин негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин музыкалык чыгармасынын долбоорлорун түзүү;
3) чыгармачыл союздардын жана чыгармачыл жамааттардын потенциалын мамлекеттик маанидеги чыгармачыл ишти аткарууга багыттоо;
4) ведомстволор аралык комиссия тарабынан мыкты долбоорду аныктоо;
5) мыкты долбоорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү.
3-глава. Мамлекеттик заказды ишке ашырууну уюштуруу
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик заказчы болуп саналат.
10. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары - Министрлик) мамлекеттик заказды ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү мамлекеттик орган болуп эсептелет.
11. Министрлик мамлекеттик заказды ишке ашыруунун алкагында:
1) иш-чаралар планын жана аны ишке ашыруунун негизги этаптарын бекитет;
2) техникалык тапшырманы (техникалык өзгөчөлүктү) иштеп чыгат жана бекитет;
3) мамлекеттик заказды аткарууга тартылган чыгармачыл союздарды, чыгармачыл жамааттарды жана чыгармачыл ишмерлерди аныктайт;
4) мамлекеттик заказды аткарууга байланышкан жарандык-укуктук келишимдерди түзөт, өзгөртөт жана токтотот;
5) берилген материалдарды кабыл алат, каттайт жана алардын толуктугун текшерет;
6) мамлекеттик заказды ишке ашыруунун жүрүшүнө туруктуу мониторинг жүргүзөт;
7) зарыл болгон учурда орто аралыктагы чыгармачыл отчетторду сурайт;
8) мамлекеттик заказды ишке ашырууга байланышкан жумушчу жолугушууларды, консультацияларды жана талкууларды уюштурат;
9) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чыгармачыл уюмдар, илимий мекемелер жана эксперттер менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
10) ведомстволор аралык комиссиянын жана чыгармачыл кеңештин ишин уюштуруучулук, маалыматтык жана техникалык коштоону камсыз кылат;
11) ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна долбоорлорду киргизет;
12) ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин ишке ашыруу боюнча ишти уюштурат;
13) мамлекеттик заказды ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча тиешелүү материалдарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берет;
14) мамлекеттик заказды ишке ашырууга байланышкан архивдик материалдардын сакталышын камсыз кылат;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат;
16) жарандардын мамлекеттик заказды ишке ашырууга байланышкан кайрылууларын жана сунуштарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алат жана карайт.
12. Мамлекеттик заказды ишке ашырууга байланыштуу келип түшкөн документтер, долбоорлор, сунуштар жана башка материалдар Министрлик тарабынан кабыл алынат, катталат, эсепке алынат, сакталат жана Министрлик тарабынан белгиленген тартипте тиешелүү комиссияларга өткөрүп берилет.
4-глава. Мамлекеттик заказды берүү жана аткаруучуларды аныктоо тартиби
13. Мамлекеттик заказды ишке ашыруу максатында Министрлик мамлекеттик заказдын өзгөчөлүгүн эске алуу менен аны аткарууга тартылган чыгармачыл союздарды, чыгармачыл жамааттарды, маданияттын жана искусствонун айрым ишмерлерин аныктайт.
14. Мамлекеттик заказды аткарууга төмөнкүлөр тартылышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу;
2) Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзу;
3) чыгармачыл жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы;
4) акындар;
5) композиторлор;
6) музыка таануучулар;
7) филолог окумуштуулар;
8) дирижерлор;
9) аткаруучулар;
10) маданият жана искусство жаатындагы башка адистер.
15. Мамлекеттик заказдын аткаруучулары Министрликтин чечими менен аныкталат.
16. Министрлик мамлекеттик заказды аткарууга тартылган чыгармачыл союздар жана чыгармачыл жамааттар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык-укуктук келишимдерди түзөт.
17. Келишимде төмөнкүлөр милдеттүү тартипте каралууга тийиш:
1) мамлекеттик заказдын предмети;
2) жаралуучу чыгарманын мазмунуна талаптар;
3) мамлекеттик заказды аткаруу мөөнөтү;
4) автордук укук маселелерин жөнгө салуучу шарттар;
5) сый акынын өлчөмү, төлөө шарттары жана тартиби;
6) тараптардын укуктары жана милдеттери;
7) тараптардын жоопкерчилиги.
18. Мамлекеттик заказды ар бир аткаруучу Министрлик тарабынан бекитилген техникалык тапшырманын негизинде аткарат.
19. Техникалык тапшырма Министрлик тарабынан бекитилет жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин идеялык-көркөм концепциясы;
2) көркөмдүк талаптар;
3) тилдик талаптар;
4) музыкалык талаптар;
5) техникалык параметрлер;
6) аткаруу мөөнөтү.
20. Мамлекеттик заказдын аткаруучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) техникалык тапшырманын талаптарын аткарууну камсыз кылууга;
2) аткаруунун белгиленген мөөнөттөрүн сактоого;
3) жаралуучу чыгарманын оригиналдуулугун камсыз кылууга;
4) үчүнчү жактардын автордук жана башка укуктарын бузууга жол бербөөгө;
5) Министрликтин талабы боюнча мамлекеттик заказды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жана орто аралыктагы материалдарды берүүгө;
6) зарыл болгон учурда сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен берилген долбоорду толуктап иштеп чыгууга;
7) купуялуулукту жана кызматтык маалыматты коргоо боюнча талаптарды (мындай талаптар болсо) сактоого.
5-глава. Чыгармачыл кеңеш
21. Мамлекеттик заказдын сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу максатында Министрликтин алдында чыгармачыл кеңеш түзүлөт.
22. Чыгармачыл кеңеш консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
23. Чыгармачыл кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын эл акындары;
2) Кыргыз Республикасынын эл жазуучулары;
3) Кыргыз Республикасынын эл артисттери;
4) композиторлор;
5) музыка таануучулар;
6) филолог окумуштуулар;
7) тарыхчылар;
8) маданият жана искусство ишмерлери.
24. Чыгармачыл кеңеш:
1) мамлекеттик заказдын аткарылышы боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
2) долбоорлорго чыгармачылык баа берет;
3) авторлор менен чыгармачылык жолугушууларды өткөрөт;
4) долбоорлорду өркүндөтүү боюнча сунуштарды берет;
5) ведомстволор аралык комиссияга кароого сунушталуучу долбоорлор боюнча корутунду даярдайт.
25. Чыгармачыл кеңештин чечимдери сунуштама мүнөзүндө болот.
6-глава. Ведомстволор аралык комиссия
26. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) мамлекеттик заказдын алкагында даярдалган долбоорлорду кароо;
2) долбоорлордун мамлекеттик символдун мазмунуна шайкештигин баалоо;
3) көркөм аткаруу деңгээлин аныктоо;
4) долбоорлордун авторлорун угуу;
5) эксперттик корутундуларды кароо;
6) зарыл болгон учурда долбоорлорду толуктап иштеп чыгууга жөнөтүү;
7) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясынын мыкты долбоорун аныктоо;
8) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу.
27. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышы эгерде ага анын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса укуктуу деп эсептелет.
28. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынат.
29. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими анын жыйналышына катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
30. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана ага ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы кол коёт.
31. Ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин негизинде Министрлик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.
7-глава
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлоруна карата негизги талаптар
32. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн, элдин биримдигин, улуттун өзгөчөлүгүн жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырууга тийиш.
33. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин долбоору төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) мамлекеттик эгемендүүлүк идеясын чагылдырууга;
2) кыргыз элинин тарыхын, анын маданиятын, улуттук каада-салттарын жана руханий баалуулуктарын даңазалоого;
3) Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын кабыл алуусу үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга;
4) коомдун биримдигин, ынтымагын жана мекенчилдигин чыңдоого багытталууга;
5) адабий тилдин ченемдерине шайкеш келүүгө;
6) жогорку көркөмдүк деңгээли менен айырмаланууга;
7) башка чыгармаларды көчүрүүгө же алардын мазмунун негизсиз кайталоого жол бербөөгө.
34. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин музыкасынын долбоору төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) салтанаттуу мүнөзгө ээ болууга жана мамлекеттик символдун статусуна шайкеш келүүгө;
2) кеңири аудитория тарабынан аткаруу үчүн ыңгайлуу болууга;
3) улуттук музыкалык салттарды жана заманбап музыкалык чечимдерди айкалыштырууга;
4) мамлекеттик иш-чараларда, расмий аземдерде жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларда аткарууга жарактуу болууга;
5) жогорку көркөмдүк деңгээли менен айырмаланууга.
35. Долбоорлорду даярдоодо мамлекеттик символдордун кадыр-баркын төмөндөтүүчү, коомдун бөлүнүп-жарылышына өбөлгө түзүүчү, басмырлоочу жоболорду камтыган же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген мазмунга жол берилбейт.
8-глава. Долбоорлорду кароо жана баалоо тартиби
36. Министрлик белгиленген мөөнөттө мамлекеттик заказдын алкагында даярдалган бардык долбоорлорду кабыл алат жана аларды ведомстволор аралык комиссияга төмөнкү тартипте сунуштайт:
1) долбоорлорду кабыл алуу;
2) коштоочу документтерди каттоо;
3) ар бир долбоорго өзүнчө каттоо номерин ыйгаруу;
4) техникалык талаптарга шайкештигин алдын ала текшерүү;
5) толук эмес материалдарды кайра кайтаруу;
6) кабыл алынган материалдарды ведомстволор аралык комиссияга өткөрүп берүү;
7) кабыл алуу актысын тариздөө.
37. Ведомстволор аралык комиссия долбоорлорду төмөнкүдөй критерийлер боюнча баалайт:
1) мамлекеттик идеяны чагылдыруусу;
2) көркөмдүк деңгээли;
3) адабий сапаты;
4) музыкалык сапаты;
5) мамлекеттик символго карата коюлган талаптарга шайкештиги;
6) оригиналдуулугу;
7) аткарууга ыңгайлуулугу.
38. Зарыл болгон учурда ведомстволор аралык комиссия төмөнкү адистерди эксперт катары тартууга укуктуу:
1) адабият таануучулар;
2) лингвисттер;
3) тарыхчылар;
4) музыка таануучулар;
5) композиторлор;
6) дирижёрлор;
7) аткаруучулар;
8) башка адистер.
39. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен долбоорлордун авторлоруна өздөрүнүн чыгармаларын презентациялоого мүмкүнчүлүк берилет.
40. Долбоорлорду карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) долбоорду колдоо;
2) айтылган сунуштарды эске алуу менен долбоорду кайра иштеп чыгууга жөнөтүү;
3) долбоорду четке кагуу.
41. Бир нече долбоордун эң ийгиликтүү бөлүктөрүн бириктирүү зарыл болгон учурда, ведомстволор аралык комиссия авторлорго алардын макулдугу менен биргелешкен чыгармачыл иштерди уюштурууну сунуштоого укуктуу.
42. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан эң жогорку баа алган долбоор же долбоорлор Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясынын негизги долбоору же долбоорлору катары аныкталат.
9-глава. Мамлекеттик заказдын аткарылышына мониторинг жүргүзүү
43. Министрлик мамлекеттик заказдын өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында анын ишке ашырылышына туруктуу мониторинг жүргүзөт.
44. Министрлик мониторинг жүргүзүүнүн алкагында:
1) аткаруунун жүрүшүн баалайт;
2) аткаруучулардын келишимдин шарттарын жана техникалык тапшырманын талаптарын сактоосун контролдойт;
3) аткаруу мөөнөттөрүнүн сакталышын текшерет;
4) мамлекеттик заказды аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан көйгөйлөрдү аныктайт жана аларды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
5) зарыл болгон учурда аткаруучулардан кошумча маалыматтарды жана аралык материалдарды сурайт.
45. Мамлекеттик заказды аткарууга тартылган чыгармачыл союздар, чыгармачыл жамааттар жана чыгармачыл ишмерлер Министрликтин талабы боюнча белгиленген мөөнөттө мамлекеттик заказды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты, аралык натыйжаларды жана башка зарыл болгон материалдарды берүүгө милдеттүү.
46. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча Министрлик мамлекеттик заказдын аткарылышын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет, ал эми мамлекеттик заказдын талаптары же болбосо келишимдин шарттары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимге ылайык тиешелүү чараларды көрөт.
10-глава. Корутунду жоболор
47. Мамлекеттик заказды аткаруунун жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясынын эң мыкты долбоору (долбоорлору) 2026-жылдын 1-декабрынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.
48. Мамлекеттик заказды аткаруу менен байланышкан чыгымдар Министрликтин 2026-жылга каралган бюджеттик каражаттарынын эсебинен каржыланат.
49. Тандалып алынган долбоордун (долбоорлордун) сый акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталып, Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынан төлөнөт.
50. Мамлекеттик заказдын алкагында жаралган чыгармаларга карата автордук укуктар "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык жөнгө салынат.
51. Ушул Жобонун аткарылышын уюштурууну жана контролдоону Министрлик жүзөгө ашырат.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 6
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 267-т (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо…Распоряжение · 20.04.2026 · № 267-т