Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 20-апрели № 267-т
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана музыкасын даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 109-VIII «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө» токтомуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – ведомстволор аралык комиссия) 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоого мамлекеттик заказ жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги:
1) ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштурсун;
2) чыгармачылык жамааттарга мамлекеттик заказ аркылуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорун кесиптик деңгээлде иштеп чыгууга тапшырма берсин;
3) чыгармачыл жамааттардан келип түшкөн долбоорлорду ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизсин;
4) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун талкуулоого коомчулуктун кеңири катышуусун камсыз кылсын;
5) мамлекеттик заказды өткөрүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин аныктасын жана аны ишке ашырууну камсыз кылсын;
6) мамлекеттик заказды каржылоону 2026-жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырсын;
7) ведомстволор аралык комиссия тарабынан тандалган үч долбоорду 2026-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58 тескемеси;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 220 тескемеси;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 476 тескемеси;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-июлундагы № 582 тескемеси.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Койчиев Арслан Капайович
–
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Мамбеталиев Мирбек Кемелович
–
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич
–
«Элдик» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Калпаев Бактыяр Алиевич
–
«Ала-Тоо» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Салямова Венера Хамзаевна
–
«Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Талиева Камила Абдыразаковна
–
«Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Торобекова Нуржамал Турсуналиевна
–
«Ишеним» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Капалбаев Октябрь Эркинович
–
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары – стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн
башчысы;
Мураталиев Мелис Казакбаевич
–
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;
Арабаев Чолпонкул Исаевич
–
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Россия юридикалык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи;
Акматалиев Абдылдажан Амантурович
–
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик;
Тиленчиев Карагул Амантурович
–
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы хормейстери;
Осмонов Медет Марифович
–
«Манас» президенттик камералык оркестринин көркөм жетекчиси, композитор, дирижер;
Тентимишов Урмат Кожобекович
–
Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестринин башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси;
Уметалиева Чынар Темиркуловна
–
Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү,
музыка таануучу, маданият таануунун доктору;
Саламатов Тимур Сагынбаевич
–
Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыка сынчысы, композитор;
Казаков Түгөлбай Токтогулович
–
Кыргыз Республикасынын Музыка ишмерлер союзунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор;
Эралиева Каныкей Иманалиевна
–
Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор;
Алсаитова Динара Аалиевна
–
музыка таануучу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын окутуучусу;
Мусаев Сыртбай Жолдошович
–
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;
Тиллебаев Садык Алаханович
–
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, адабият таануучу;
Карбалас Бакиров
–
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз
Республикасынын эл акыны.
Кызмат орду боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
– Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерцияминистринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоого
мамлекеттик заказ жөнүндө жобо
1- глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоого акындардан, жазуучулардан, композиторлордон, оркестровщиктерден, хормейстерлерден жана дирижерлордон турган чыгармачыл жамаатты түзүү жолу менен мамлекеттик заказды (мындан ары – Мамзаказ) түзүүнүн, каржылоонун, жайгаштыруунун жана аткаруунун тартибин аныктайт.
2. Мамзаказдын негизги максаты – мамлекеттик символдордун бири болгон Гимндин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын жогорку көркөм деңгээлде даярдоо.
3. Мамзаказ конкурстук негизде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан (мындан ары – Маданият министрлиги) түзүлгөн чыгармачыл жамаат тарабынан аткарылат.
4. Мамзаказды ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Маданият министрлиги саналат.
5. Мамзаказды аткаруу үчүн төмөнкү багыттардагы адистер тартылышы мүмкүн:
– акындар жана жазуучулар (текстти даярдоо үчүн);
– композиторлор (музыкасын жаратуу үчүн);
– оркестровщиктер (оркестрлештирүү үчүн);
– хормейстерлер (хор партияларын иштеп чыгуу үчүн);
– музыкалык редакторлор жана эксперттер.
2-глава. Мамзаказды түзүү
6. Маданият министрлиги Гимндин жаңы редакциясындаярдоо боюнча мамлекеттик тапшырманын долбоорун иштеп чыгат.
7. Мамзаказдын долбоору төмөнкү негизги милдеттерди камтыйт:
– Гимндин жаңы редакциядагы поэтикалык текстин даярдоо;
– жаңы музыкалык чыгарманы – Гимнди жаратуу;
– чыгарманы оркестр жана хор үчүн иштеп чыгуу;
– Гимндин партитурасын, вокалдык жана инструменталдык версияларын даярдоо;
– мамлекеттик деңгээлде аткарууга ылайык акыркыредакциясын сунуштоо.
8. Мамзаказды аткаруу үчүн чыгармачыл жамаат түзүлөт, анын курамы конкурс же тандоо аркылуу аныкталат.
9. Чыгармачыл жамааттын курамы төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
– башкы композитор;
– акындар жана жазуучулар;
– оркестровщик;
– хормейстер;
– музыкалык редактор;
– эксперттик кеңеш.
10. Мамзаказды ишке ашырууда төмөнкүлөр эске алынат:
1) композициянын бүтүндүгү, жогорку көркөм таасири;
2) салтанаттуулук, мекенчилдик, эмоционалдуулук, улуттук мотивдер, жашоого шыктандыруучу мүнөз;
3) обондун жагымдуулугу, үндүн гармониялуулугу, оригиналдуулук, оңой эстеп калуу;
4) чет элдик сөздөрдү жана өздөштүрүлгөн лексиканы колдонбостон, тексттин кыргыз адабий тилинин эрежелерине ылайык келиши;
5) Гимнди ар түрдүү жаш курактагы, улуттагы жана диний ынанымдагы жарандардын кабыл алуусуна, жаттап алуусуна жана аткаруусуна жеңилдиги;
6) Гимндин текстинде төмөнкүлөрдү чагылдыруу керек:
– тарыхтагы маанилүү окуялар, көп улуттуулук, элдин биримдиги, бай маданий мурастар, руханий салттар жана өлкөнүн жогорку жетишкендиктери;
– Мекенге болгонсүйүү.
3- глава. Мамзаказды каржылоо
11. Мамзаказды каржылоо Маданият министрлигинин 2026-жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
12. Каржылоо төмөнкү чыгымдарды камтышы мүмкүн:
– чыгармачыл жамааттын гонорарлары;
– музыкалык жана поэтикалык чыгармаларды иштеп чыгуу;
– оркестрдик жана хордук партитураларды даярдоо;
– студиялык жазуулар;
– эксперттик баалоо;
– уюштуруучулук чыгымдар.
4- глава. Мамзаказды жайгаштыруу жана аткаруу
13. Маданият министрлиги Мамзаказдын алкагында:
1) Гимндин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо боюнча чыгармачыл конкурсту жарыялайт;
2) чыгармачыл жамаатты түзөт;
3) чыгармачыл жамааттын Гимндин текстинин жана музыкасынын бир нече вариантын иштеп чыгуу боюнча ишин уюштурат;
4) сунушталган варианттарды ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна баалоо үчүн берет;
5) Гимндин акыркы редакциядагы текстин жана музыкасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.
5- глава. Мамзаказды аткарууга мониторинг жүргүзүү жана контролдоо
14. Маданият министрлиги Мамзаказдын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү, уюштурууну, координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат, ошондой эле анын жыйынтыктары жөнүндө жалпыланган отчетту берет.
15. Ведомстволор аралык комиссия чыгарманын көркөм, музыкалык жана мазмундук сапатын баалайт.
16. Мамзаказды аткаруунун жыйынтыгы боюнча Гимндин даярдалган тексти жана музыкасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитүүгө берилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58-т (Мамлекеттик гимндин текстин жана музыкасын даярдоо максатында тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 04.02.2025 · № 58-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 476-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58-т тескемесине…Распоряжение · 12.06.2025 · № 476-р