Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 „Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-10-22.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 3-августу № 273 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 «Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Класстык чендерди ыйгаруу тартибин андан ары регламенттөө максатында, «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 «Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Класстык чендер кызматчыларга ушул Тартиптин 21, 22-пункттарында каралган учурлардан тышкары, кызмат орундарынын тобунун чегинде ээлеген кызмат орундарына ылайык ырааттуулукту сактоо менен жекече, ошондой эле кесиптик деңгээлин, мурдагы класстык ченде жана ээлеген административдик кызмат ордунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында болушунун узактыгын эске алуу менен ыйгарылат. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси класстык ченине талапкер кызматчылар үчүн мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпы 5 жылдан кем эмес иш стажынын болушу жөнүндө талап белгиленет. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченине талапкер кызматчылар үчүн мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпы 10 жылдан кем эмес иш стажынын болушу жөнүндө талап белгиленет. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча Кыргыз Республикасы үчүн тиешелүү кесиптик чөйрөдө жогорку жана олуттуу жетишкендиктери үчүн мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу ушул Тартипте каралган талаптарды эске албастан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын (мындан ары – Комиссия) жыйналышында карабастан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.»;
– 14-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Мында эгерде кызматчы бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде башка кызмат ордуна дайындалса, анда ыйгаруу үчүн мөөнөт бул мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында тиешелүү класстык ченди ыйгаруу каралган бардык кызмат орундарында үзгүлтүксүз кызмат өтөгөн жалпы бардык мезгили боюнча эсептелет.»;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
– 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Класстык чендер жогорку билими жана мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан төмөнкүдөй иш стажы болгон учурда, ээлеген кызмат ордуна ылайык ырааттуулукту сактоо менен жекече ыйгарылат:
– класстык чендердин улук тобу үчүн 5 жылдан кем эмес;
– класстык чендердин жогорку тобу үчүн 10 жылдан кем эмес.
Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча Кыргыз Республикасы үчүн тиешелүү кесиптик чөйрөдө жогорку жана олуттуу жетишкендиктери үчүн мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу ушул Тартипте каралган талаптарды эске албастан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын (мындан ары – Комиссия) жыйналышында карабастан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.»;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13. Класстык чендердин улук тобунун алкагында биринчи класстык чен ушул Тартиптин 6-пунктунда белгиленген талаптарды эске алуу менен адам бул саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна же саясий муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин бир жылдан эрте эмес ыйгарылышы мүмкүн. Класстык чендердин жогорку тобунун алкагында биринчи класстык чен ушул Тартиптин 6-пунктунда белгиленген талаптарды эске алуу менен адам бул саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна же саясий муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин 2 жылдан эрте эмес ыйгарылышы мүмкүн. Эгерде адам бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде башка саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна же саясий муниципалдык кызмат ордуна дайындалса, анда биринчи класстык ченди ыйгаруу үчүн мөөнөт мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында тиешелүү класстык ченди ыйгаруу каралган бул кызмат орундарында үзгүлтүксүз иштеген жалпы бардык мезгили боюнча эсептелет. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу каралган кызмат орундарын ээлеген адамдарга алардын арызы боюнча бул ченди ыйгарууга ушул Тартипте белгиленген талаптар сакталган шартта мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чени ыйгарылышы мүмкүн:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына кирген кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан төмөнкүлөргө карата:
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу мамлекеттик органдардын жетекчилерине; республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү, аткаруу органынын жетекчисине;
– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчилигине карата;
– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын штаттык санына кирген кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата;
– мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларына карата.»;
– жогоруда аталган Тартиптин 1-тиркемесинде:
3-пунктта «, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси» деген сөздөр алып салынсын; 4-пунктта «, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-октябрындагы № 80 (3840) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 30.12.2016 · № 308
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-августундагы № 273 "М.А.Азымбакиев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.08.2026 · № 273