Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып киргизүүнүн), анын аймагынан чыгуусунун (ташып чыгаруунун), аларды убактылуу каттоонун, эсепке алуунун жана эксплуатациялоонун ТАРТИБИ
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
| Тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 688 токтомуна) |
Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып киргизүүнүн), анын аймагынан чыгуусунун (ташып чыгаруунун), аларды убактылуу каттоонун, эсепке алуунун жана эксплуатациялоонун ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып киргизүүнүн), анын аймагынан чыгуусунун (ташып чыгаруунун), аларды убактылуу каттоонун, эсепке алуунун жана эксплуатациялоонун ушул тартиби (мындан ары - Тартип) башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү (ташып киргизүү), анын аймагынан чыгуу (ташып чыгаруу), аларды убактылуу каттоо, эсепке алуу жана эксплуатациялоо учурунда аракеттердин ырааттуулугун жана талаптарын аныктайт.
Ушул Тартиптин колдонулушу башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган жана Шахимардан, Сох анклавдары багытында жана андан кайра артка жүрүүчү автотранспорт каражаттарына жайылтылбайт.
2. Ушул Тартиптин 10-пунктунда каралган кирүүдө (ташып киргизүүдө) тариздөө бөлүгүндөгү ушул Тартиптин жоболору мурда башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган жана ошол органда эсептен чыгарылган автотранспорт каражаттарына да колдонулат.
3. Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып киргизүүнүн), эксплуатациялоонун жана анын чегинен тышкары чыгуусунун (ташып чыгаруунун) тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
4. Ушул Тартиптин алкагында жеке маалыматтарды иштетүү анын жоболорун ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын компетенциясынын чегинде мамлекеттик контролдоо максаттарында гана жүзөгө ашырылат.
Ушул Тартипти ишке ашыруунун алкагында жеке маалыматтарга жетүү мүмкүндүгү бар жазуулардын ээлери, иштетүүчүлөр жана башка жактар жеке маалыматтардын купуялуулугун жана корголушун камсыз кылууга жана аларга уруксатсыз жетүү мүмкүндүгүн, аларды өзгөртүүнү, жайылтууну, жок кылууну жана башка укукка жат аракеттерди болтурбоо боюнча зарыл уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрүүгө милдеттүү. Ушул Тартипти ишке ашыруунун алкагында иштетилүүчү жеке маалыматтар аларды иштетүүнүн максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон мөөнөттөн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдөн ашык сакталбайт. Иштетүүнүн максаттарына жеткенден кийин же андан ары пайдалануу зарылдыгы болбогондо жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жок кылынууга же ээсиздендирилүүгө тийиш.
5. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) автотранспорт каражаттары - рулдук башкаруунун жайгашуусуна карабастан, Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 018/2011) ылайык M1, M1G, N1, N1G категорияларындагы транспорт каражаттары;
2) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылда болгон автотранспорт каражаты - "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясынын 6-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келген автотранспорт каражаты;
3) автотранспорт каражатынын ээси - автотранспорт каражатына менчик укугунда ээлик кылган жеке же юридикалык жак, ошондой эле автотранспорт каражаты мыйзамдуу негизде (ижара, лизинг, ишеним кат, тиешелүү органдын автотранспорт каражатын бул адамга берүү жөнүндө тескемеси) убактылуу ээлик кылууга жана (же) пайдаланууга берилген жак.
2-глава. Автотранспорт каражаттарынын кирүүсү (ташып киргизүү), чек аралык тариздөө жана чыгуусу (ташып чыгаруу)
6. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсү (ташып киргизүү) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эл аралык каттамдын өткөрүү пункттары аркылуу жүзөгө ашырылат.
7. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү автотранспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө (ташып киргизүүдө) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкү документтерден маалыматтарды Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасына (мындан ары - ТМЭБС) белгиленген тартипте киргизүү жолу менен чек аралык таризделүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүү укугуна документ (автотранспорт каражатынын ээси жөнүндө маалыматтар);
2) төмөнкү маалыматтарды камтыган автотранспорт каражатын каттоо жөнүндө документ:
- каттоо (транзиттик) номери;
- маркасы, модели;
- тиби (жеңил, жүк ташуучу);
- автотранспорт каражатынын идентификациялык номери, ал жок болгон учурда - кузовдун, шассинин (раманын) номери же даярдоочу ыйгарган башка идентификациялык белгиси;
- автотранспорт каражатын каттоо жөнүндө документтин номери;
3) тиешелүү категориялардагы автотранспорт каражаттарын башкаруу укугун ырастоочу документ (айдоочулук күбөлүк);
4) менчик ээси жок болгон учурда ушул автотранспорт каражатын пайдалануу же тескөө укугун ырастоочу документ.
ЕАЭБ товары статусуна ээ болбогон автотранспорт каражаты Кыргыз Республикасында ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу өткөрүлгөн учурда, анын ЕАЭБ бажы аймагына убактылуу ташып киргизилгендигин ырастоочу бажы документи ЕАЭБ укугунда каралган учурларда жана өткөрүү этабында берилет. Автотранспорт каражаты юридикалык жакка менчик укугунда таандык болгон учурда, анын убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берилгендигин ырастоочу документ (ижара, лизинг келишими, ишеним кат же ыйгарым укуктуу органдын автотранспорт каражатын бул адамга берүү жөнүндө тескемеси) берилет. Юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын талабы боюнча көрсөтүлөт.
8. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында эсептен чыгарылбаган ташып киргизилип же ташып чыгарылып жаткан автотранспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды ТМЭБСке киргизүү мындай автотранспорт каражатынын ээсинин катышуусунда гана жүргүзүлөт. Бир ээсине бир автотранспорт каражатын бир убакта ташып киргизүүгө жол берилет.
9. Ушул Тартиптин 7-пунктунда каралган документтерди ээсинин берүүсү жана автотранспорт каражатынын чек аралык тариздөөнү жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүсү автотранспорт каражатынын Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу болуу шарттарын, анын ичинде аны кайра ташып чыгаруу боюнча милдеттенмелерди ээсинин кабыл алгандыгын ырастайт.
Ташып киргизилүүчү автотранспорт каражатынын ээси берилген документтердин аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
10. Мурда башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган, ошол органда эсептен чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын аймагына автотранспорт каражаттарын ташууга арналган адистештирилген транспорт каражаттарында ташып киргизилүүчү автотранспорт каражаттарын тариздөө коштоочу документтерди сканерлөө, андан кийин аларда камтылган маалыматтарды ТМЭБСке жана товарлардын өткөрүлүшүн эсепке алуунун маалыматтык системасына (ТӨЭ МС) белгиленген тартипте киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
11. ТМЭБСке киргизилген маалыматтар автотранспорт каражатынын издөөдө жүргөндүгүн автоматтык текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын маалыматтык системасы менен интеграцияланат.
ТМЭБСке киргизилген жана ушул Тартипти ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтар, анын ичинде автотранспорт каражаты, анын ээси жөнүндө, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын аймагына кирген (ташып киргизилген) жана анын чегинен тышкары чыккан (ташып чыгарылган) даталар жөнүндө маалыматтар электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын жана уюмдардын маалыматтык системаларына аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө берилет.
12. Автотранспорт каражаты издөөдө жүргөн факт аныкталган учурда, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипте ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аймактык таандыктыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына өткөрүлүп берилет.
13. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча ушул Тартиптин 12-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарына карата кабыл алынган чечим жөнүндө маалымдайт. Мындай автотранспорт каражаттарын сактоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 "Конфискацияланган, ээси жок, кароосуз калган мүлктөрдү, кылмыш иштери, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерди эсепке алуунун, сактоонун, жок кылуунун, сатуунун жана аларды мамлекеттин менчигине айландыруунун айрым маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманын 48-пунктунда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
14. Кыргыз Республикасынын жарандарынын башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында эсептен чыгарылбаган автотранспорт каражаттарында Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө (ташып кирүүсүнө) мындай автотранспорт каражаты "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык эл аралык кыймылда болгон учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана ЕАЭБ укугунда каралган башка учурларда жол берилет.
15. Кыргыз Республикасынын жараны мурда ал тарабынан эл аралык кыймыл режиминде ташып киргизилген жана белгиленген мөөнөттө ташып чыгарылбаган автотранспорт каражатын кайра ташып чыгаруу боюнча милдеттенмени аткарбаган учурда, бул жарандын башка автотранспорт каражатын эл аралык кыймыл режиминде ташып киргизүүсүнө ТМЭБСтин маалыматтары менен ырасталуучу көрсөтүлгөн милдеттенме аткарылганга чейин жол берилбейт.
Ушул Тартиптин 15-пунктунда каралган чектөө башка автотранспорт каражатын ташып киргизүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер же ЕАЭБ укугу менен жол берилген учурларда колдонулбайт. Мындай чектөө колдонулбаган жагдайлардын болушу тариздөөдө берилүүчү документтердин жана (же) мамлекеттик маалыматтык системалардан белгиленген тартипте алынуучу маалыматтардын негизинде белгиленет.
16. Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарында чек ара контролунан өткөндөн кийин ЕАЭБ товары статусуна ээ болбогон автотранспорт каражаттарына карата бажы операциялары ЕАЭБ укугуна жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарында мындай автотранспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ЕАЭБ укугунда каралган учурларда товарларды эсепке алуу пунктуна жөнөтүлөт.
17. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында эсептен чыгарылбаган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө (ташып киргизүүгө) тыюу салуу үчүн төмөнкүлөр да негиз болуп саналат:
1) автотранспорт каражатынын идентификациялык номеринин (VIN), ал жок болгон учурда - кузовдун, шассинин (раманын) номеринин же даярдоочу ыйгарган же аны каттоодо (эсепке алууда) түшүрүлгөн башка идентификациялык белгилөөнүн жоктугу, же идентификациялык белгилөөнүн автотранспорт каражатын каттоо жөнүндө документтеги маалыматтарга шайкеш келбеши;
2) башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында эсептен чыгарылбаган ташып киргизилип жаткан автотранспорт каражатын чек арада тариздөөнү жүзөгө ашырууда ээсинин жок болушу;
3) ЕАЭБ укугунда анын болушу жана берилиши каралган учурларда жана өткөрүүнүн тиешелүү этабында автотранспорт каражатынын ЕАЭБдин бажы аймагына убактылуу ташып киргизилгендигин ырастоочу бажы документинин жок болушу.
18. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу кайра ташып чыгарылышы жөнүндө маалыматтарды ТМЭБСке киргизүүнү камсыз кылат.
ТМЭБСте Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган укук бузуулар үчүн төлөнбөгөн айыптар жөнүндө маалыматтар болгон учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде чараларды көрөт. Автотранспорт каражатынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусуна (ташып чыгарылышына) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мындай чыгууга (ташып чыгарууга) тоскоол болгон негиздер болгондо гана жол берилбейт.
3-глава. Автотранспорт каражаттарынын эл аралык кыймылы, убактылуу каттоосу жана эксплуатацияланышы
19. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, ЕАЭБ укугунун жана ушул Тартиптин талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоого тыюу салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте жүзөгө ашырылат.
20. Эл аралык кыймылда болгон автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылына катышууга киргизүү төмөнкү документтер болгон учурда жүзөгө ашырылат:
1) автотранспорт каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө документ;
2) автотранспорт каражатынын мамлекеттик каттоочу номердик белгиси;
3) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими;
4) ЕАЭБдин бажы аймагына убактылуу ташып киргизилгендигин ырастоочу, белгиленген тартипте таризделген бажы документи - эгерде автотранспорт каражаты ЕАЭБ товары статусуна ээ болбосо жана мындай документтин болушу ЕАЭБ укугунда каралса.
21. Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык кыймылда болгон автотранспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагына кирген (ташып киргизилген) күндөн тартып мындай режимде алты айдан ашык боло албайт. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин автотранспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагынан узактыгы кеминде 30 календардык күнгө үзгүлтүксүз мөөнөткө кайра ташып чыгарылууга тийиш.
22. Автотранспорт каражатынын ушул Тартиптин 21-пунктунда каралган мөөнөт аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусу (ташып чыгарылышы), эгерде автотранспорт каражатынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары үзгүлтүксүз болуу мөөнөтүнүн узактыгы 30 календардык күндөн аз болсо, бул мөөнөттүн өтүшүн үзгүлтүккө учуратпайт жана жаңы алты айлык мөөнөттү эсептөө үчүн негиз болуп саналбайт.
23. Автотранспорт каражатынын эл аралык кыймылда болуусунун жаңы алты айлык мөөнөтү мындай автотранспорт каражаты Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кеминде 30 календардык күн үзгүлтүксүз болгондон кийин Кыргыз Республикасынын аймагына кийинки кирген (ташып киргизилген) күндөн тартып эсептелет.
24. Автотранспорт каражатын белгиленген мөөнөттө кайра ташып чыгарууга объективдүү тоскоол болгон ал жеткис күч жагдайлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте эске алынат.
Ушул пункт мыйзамдарда белгиленген автотранспорт каражатынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтүн узартуу же токтото туруу үчүн өз алдынча негиз болуп саналбайт.
25. ЕАЭБ товары статусуна ээ болбогон автотранспорт каражатын убактылуу ташып киргизүү мөөнөтү ЕАЭБ укугуна ылайык аныкталат жана автотранспорт каражатынын Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык кыймылда болуу мөөнөтүнөн өзүнчө эсепке алынат.
26. Эл аралык кыймыл режими токтотулгандан кийин автотранспорт каражатынын Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары болуусуна жана эксплуатацияланышына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аны каттоо же эсепке алуу үчүн каралган негиз болгон учурда жана ЕЭАБ укугунун талаптарын сактоо менен гана жол берилет.
4-глава. Маалыматтык өз ара аракеттенүү, контролдоо жана жоопкерчилик
27. Мамлекеттик органдар, уюмдар жана маалыматтык системалардын операторлору өз компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарын эсепке алуу, контролдоо, укуктук режимин жана Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтүн аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды ТМЭБСке жана башка мамлекеттик маалыматтык системаларга интеграциялоону жана өз убагында берүүнү камсыз кылат.
Көрсөтүлгөн маалыматтарды алмашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
28. Ушул Тартипти ишке ашыруу үчүн ведомстволор аралык алмашууга тийиш болгон маалыматтардын курамы ушул Тартип жана мамлекеттик органдардын тиешелүү ыйгарым укуктарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Көрсөтүлгөн маалыматтарды маалыматтык системалардын ортосунда алмашуунун техникалык тартиби, форматтары, ыкмалары жана мезгилдүүлүгү улуттук санариптик экосистеманын эрежелери жана аларга ылайык түзүлүүчү маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосундагы макулдашуулар менен аныкталат. Мындай макулдашуулар ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында берилиши каралган маалыматтардын курамын чектей албайт.
29. Автотранспорт каражатынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун укуктук режими Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык системаларында камтылган маалыматтарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕАЭБ укугуна ылайык аныкталат.
30. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 11-пунктуна ылайык алынуучу маалыматтардын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү башка маалыматтардын негизинде эл аралык кыймылда болгон автотранспорт каражатын убактылуу каттоо жөнүндө маалыматтарды жүргүзүүнү, анын ичинде убактылуу каттоо мөөнөтү аяктаган датаны автоматташтырылган түрдө эсептөөнү жана актуалдаштырууну камсыз кылат.
Көрсөтүлгөн орган автотранспорт каражатынын ээсине убактылуу каттоо мөөнөтү аяктаган дата жөнүндө маалыматты мамлекеттик маалыматтык системалар аркылуу жөнөтүүнү камсыз кылат. ЕАЭБ товары статусуна ээ болбогон автотранспорт каражатына карата бажы органдары тарабынан белгиленген тартипте берилген убактылуу ташып киргизүү мөөнөтү жөнүндө маалыматтар анын эл аралык кыймылда болуу мөөнөтүнөн өзүнчө эсепке алынат.
31. Автотранспорт каражатынын ээсинин убактылуу каттоо мөөнөтү аяктаган дата жөнүндө маалыматты албагандыгы автотранспорт каражатынын эл аралык кыймылда болуу мөөнөтүнүн өтүшүн токтото турбайт.
32. Ушул Тартиптин талаптары бузулган учурда автотранспорт каражатын эксплуатациялоону чектөө же тыюу салуу боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте колдонулат.
33. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ЕАЭБ укугунда белгиленген автотранспорт каражаттарынын болуу мөөнөттөрүнө, убактылуу ташып киргизилишине, катталышына жана эсепке алынышына карата талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик ЕАЭБ укугунун талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте келип чыгат.
34. Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу эсепке алынган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусу (ташып чыгарылышы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте алар убактылуу эсептен чыгарылгандан кийин жүзөгө ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 688 "Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз…Постановление · 12.10.2026 · № 688
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-марты № 102 "Конфискацияланган, ээси жок, кароосуз калган мүлктөрдү, кылмыш иштери, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча…Постановление · 01.03.2025 · № 102