Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2026-жылдын 10-сентябры № П-372
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 145 “Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында,буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартибинде:
– 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
“6) авто май куюучу станциялардан отун карталарын, тастыктамаларды жана/же отун талондорун пайдалануу менен мунай продуктуларын сатууда.”;
– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10. Толтурулууга тийиш болгон эсеп-фактуранын милдеттүү маалым даректерине төмөнкүлөр кирет:
1) товарды, жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн ИСНи жана аталышы (201 жана 202-уячалар);
2) жеткирүүчүнүн филиалынын ИСНи жана аталышы – филиал жеткирүүлөрдү жүзөгө ашырган учурда (203 жана 204-уячалар);
3) товарды, жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатып алуучунун ИСНи жана аталышы (аты-жөнү) (303 жана 304-уячалар);
4) сатып алуучунун филиалынын ИСНи жана аталышы – филиалдын дарегине жеткирүүлөрдү жүзөгө ашырган учурда (303 жана 304-уячалар);
5) жеткирүү датасы (401-уяча);
6) товарды, жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатуунун (жеткирүүнүн) түрү (402-уяча);
7) төлөө формасы (403-уяча);
8) товардын, жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн коду
(3-бөлүмдүн “Товардын коду” / “Жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн коду” графасы);
9) товардын, жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн аталышы
(3-бөлүмдүн “Товардын аталышы” / “Жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн аталышы” графасы);
10) товардын, жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн өлчөө бирдиги (3-бөлүмдүн “Өлчөө бирдиги” графасы);
11) товардын, жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү саны (көлөмү) (3-бөлүмдүн “Саны (көлөмү)” графасы);
12) товардын, жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн бирдиги үчүн баа (3-бөлүмдүн “Бирдиги үчүн баа” графасы);
13) кошумча нарк салыгынын ставкасы жана суммасы (3-бөлүмдүн “КНС” графасынын “Ставка” жана “Сумма” кичи графалары);
14) сатуудан алынуучу салыктын ставкасы жана суммасы
(3-бөлүмдүн “Сатуу салыгы” графасынын “Ставка” жана “Сумма” кичи графалары);
15)товар жеткирүүнүн наркын түзөтүүнүн маалым даректери (406 жана 407-уячалар) жана/же жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүнүн наркын түзөтүүнүн маалым даректери (405 жана 406) – бүтүмдүн шарттары өзгөргөн учурда түзөтүүчү ЭЭФти тариздөөдө толтурулат.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 191-пункт менен толукталсын:
“191. Ушул Тартиптин 19-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн ЭЭФти түзөтүү салык төлөөчү тарабынан ЭЭФке жаңылыш ашыкча киргизилген товарлардын санын (көлөмүн) азайтуу жолу менен жүргүзүлөт.”;
– 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“24. 207-уячада банктык идентификациялык код (мындан ары – БИК) жана жеткирүүчүнүн банкынын аталышы көрсөтүлөт.”;
– 26-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес-сатып алуучунун ИСНи жок болгон учурда же калкка сатууну тариздөөдө “9” цифрасы он төрт жолу көрсөтүлөт.”;
– 27-пункттун 2-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Калкка сатууну чагылдыруу үчүн ЭЭФти тариздөөдө “калкка сатуу” жазуусу көрсөтүлөт.”;
– 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“31. 307-уячада БИК жана сатып алуучунун банкынын аталышы көрсөтүлөт.”;
– 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“35. 403-уячада төлөө формасы көрсөтүлөт:
1) накталай эмес;
2) накталай;
3) кайтарымсыз;
4) товар алмашуу.”;
– 40-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) ЕАЭБдин укугуна жана/же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык “байкоо жүргүзүүгө тийиш болгон товар” уячасында байкоо жүргүзүүгө тийиш болгон товарды сатууда (жеткирүүдө) белги коюлат;”;
– 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Бажы декларациясынын маалым даректери же ЭЭФ” графасы ЕАЭБдин жана/же Кыргыз Республикасынын укуктарына ылайык байкоо жүргүзүүгө тийиш болгон товарларды сатууда толтурулат. Ушул графада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) же болбосо ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп саналбаган өлкөлөрдөн импорттолгон товардын эркин жүгүртүүгө чыгарылышы ишке ашырылган бажы декларациясынын каттоо номери;
2) же болбосо ЕАЭБдин алкагында байкоо жүргүзүүгө тийиш болгон товарлардын тизмесине кирген товардын жүгүртүүсүн жүзөгө ашырган салык төлөөчү тарабынан товар сатып алынган ЭЭФтин номери;
3) ташып киргизилген товар көрсөтүлгөн бажы декларациясындагы саптын номери.”;
– 51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“51. 207-уячада БИК жана жеткирүүчүнүн банкынын аталышы көрсөтүлөт.”;
– 53-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес-сатып алуучунун ИСНи жок болгон учурда же калкка сатылган кызматтарга ЭЭФти тариздөөдө “9” цифрасы он төрт жолу көрсөтүлөт.”;
– 54-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) калкка сатууну чагылдыруу үчүн ЭЭФти тариздөөдө “калкка сатуу” жазуусу көрсөтүлөт.”;
– 58-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“58. 307-уячада БИК жана сатып алуучунун банкынын аталышы көрсөтүлөт.”;
– 62-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“62. 403-уячада төлөө формасы көрсөтүлөт:
1) накталай эмес;
2) накталай;
3) кайтарымсыз;
4) товар алмашуу.”;
– 67-пункттун 10-пунктчасынын үчүнчү абзацында “сатуу салыгынын ставкасы 4 пайыз өлчөмүндө белгиленет” деген сөздөр “сатуу салыгынын ставкасы салык мыйзамдарына ылайык көрсөтүлөт” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 80-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“80. 307-уячада БИК жана сатып алуучунун банкынын аталышы көрсөтүлөт.”;
– 84-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“84. 403-уячада төлөө формасы көрсөтүлөт:
1) накталай эмес;
2) накталай;
3) кайтарымсыз;
4) товар алмашуу.”.
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О. Осмонов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө, аймактык жана функционалдык башкармалыктарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесине жеткирсин.
4. Фискалдаштырууну ишке киргизүүнү контролдоо башкармалыгы ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөсүн кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.А. Алманбетовго жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул буйруктун 1-пунктунун бешинчи абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күнүнөн тартып күчүнө кирет.
| Төрага | | А.Н. Шыкмаматов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 06.08.2026 · № 145
- Приказ ГНС "О мерах по реализации требований норм Налогового кодекса Кыргызской Республики" от 28 апреля 2023 года № 101Приказ · 28.04.2023 · № 101