Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-сентябры № 629
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясынын башкаруу системасын өркүндөтүү, анын Уставын уюмдаштыруучунун функцияларына ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
29-ноябрындагы № 742 «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясынын уставында:
– 19-пункттун он экинчи, он үчүнчү, он төртүнчү жана он бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
– 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«24. Компаниянын башкы директору Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.»;
– 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«– Компаниянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу.»;
– 26-пунктта «Кеңештин макулдугу менен» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №742 "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө" токтомуПостановление · 29.11.2011 · № 742
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөЗакон · 30.04.2022 · № 33