Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-ноябры №742 "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын калкынын улуттар аралык жана этностор аралык ынтымагын, маданияттар аралык өз ара байланышын, биримдигин чыңдоо, калктын көз карандысыз жана калыс маалыматтарга, билим берүүчү, балдар, маданий жана оюн-зоок программаларына керектөөлөрүн канааттандыруу, ошондой эле коомдук берүүлөрдүн ролун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облустук телерадиокомпаниясынын базасында "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы түзүлсүн.
2. "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги жана Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссия эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагындагы телекөрсөтүү жана радиоуктуруу үчүн жыштыктарды бөлсүн.
4. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясын телерадиоберүү уюмдары үчүн ылайык келген жай менен камсыздасын.
5. Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик администрациялары "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын филиалдарын алардын ачылышына жараша зарыл болгон жайлар менен камсыздашсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты:
- "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын телерадиоберүүлөрдү уюштуруусу үчүн гранттык каражаттарды тартуу боюнча чараларды көрсүн;
- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Бул токтом 2011-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (5)
- "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №742 токтому менен бекитилген)Положение · 29.11.2011
- КР Премьер-министринин 2020-жылдын 19-февралындагы № 94 ""Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 19.02.2021 · № 94
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
- КР Премьер-министринин 2018-жылдын 30-августундагы № 555 ""Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын Байкоочу кеңешин бекитүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 30.08.2018 · № 555 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомуПостановление · 02.04.2018 · № 178
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 367 "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү…Постановление · 24.07.2023 · № 367
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 141-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен Интерньюс Нетуорктун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн ортосундагы "Ынтымак"…Распоряжение · 12.04.2012 · № 141-р
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 18-майындагы № 149 ("Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө" токтомуна ылайык "Ынтымак" коомдук региондук…Распоряжение · 18.05.2012 · № 149