Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана Медиаторлор палатасынын сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуусун өткөрүү жана өз ара аракеттенүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 704 токтомуна 1-тиркеме)
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-10-16.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КӨҢҮЛ БУРУҢҮЗДАР !
Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 токтомуна ылайык 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет
| 1-тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана Медиаторлор палатасынын сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуусун өткөрүү жана өз ара аракеттенүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык иштелип чыккан жана сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушууну (мындан ары – СМММЖ) уюштуруу, кабарлоо жана өткөрүү, анын натыйжасын тариздөө, ошондой эле аны өткөрүүдө субъекттердин өз ара аракеттенүү механизмин аныктайт.
2. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген маанилерде колдонулат.
3. СМММЖ маалыматтык мүнөзгө ээ. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда СМММЖга катышуу милдеттүүлүгү, кийинки медиацияны өткөрүү, талаш-тартыштын жагдайларын таануу же медиациялык макулдашуу түзүү милдеттүүлүгүн билдирбейт. Медиация жол-жобосуна өтүү жөнүндө чечим тараптар тарабынан ыктыярдуу кабыл алынат.
4. СМММЖ «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык медиатордун колдонуудагы күбөлүгүнө ээ жана Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген медиатор тарабынан жүргүзүлөт. СМММЖны өткөрүүдө медиатордун көз карандысыздыгы жана бейтараптуулугу, тараптардын тең укуктуулугу жана өзүн-өзү аныктоосу, купуялуулук принциптери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптары сакталат. Тараптар квалификациялуу юридикалык жардам алууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте башка жактарды тартууга укуктуу.
2-глава. Жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгектик талаш-тартыштар боюнча СМММЖны демилгелөө
5. СМММЖны өткөрүү боюнча жарандык-укуктук талаш-тартыштардын категориясына кирген талаш-тартыш боюнча сотко кайрылууну каалаган жак өзү тандаган медиаторго же медиация борборуна кайрылат.
6. СМММЖны өткөрүү үчүн медиатор Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестринен тандалат. Конкреттүү медиаторду көрсөтпөстөн медиация борборуна кайрылганда, борбор анын адистигин, аймактык жеткиликтүүлүгүн, жүктөмүн жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугун эске алуу менен медиаторду сунуштайт. Медиация борбору «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келишимдик негизде медиаторду тартууга укуктуу. СМММЖны конкреттүү медиатор тарабынан өткөрүү, анын тараптар тарабынан кийинки медиация жол-жобосу үчүн автоматтык түрдө тандалгандыгын билдирбейт.
7. СМММЖны уюштуруу үчүн демилгечи тараптарды идентификациялоо, талаш-тартыштын категориясын аныктоо жана экинчи тарапка кабарлоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде тараптын фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо) же аталышын, болгон байланыш маалыматтарын жана талаш-тартыштын предметинин кыскача түшүндүрмөсүн берет. СМММЖны уюштуруу үчүн милдеттүү эмес маалыматтарды жана документтерди талап кылууга жол берилбейт.
Эгерде кайрылуу медиация борбору аркылуу түшсө, ал медиаторго бир жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
8. СМММЖ өткөрүүгө чейин тиешелүү борбор медиатордон медиатордун иш жүргүзүүгө укугу бар экендигин жана талаш-тартыштын СМММЖны өткөрүү боюнча жарандык-укуктук талаш-тартыштардын категорияларына шайкештигин текшерет.
9. Жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгектик талаш-тартыштар боюнча СМММЖ тараптын медиаторго кайрылган күнүнөн тартып 30 күндүн ичинде өткөрүлөт.
3-глава. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн сотко чейинки баскычындагы СМММЖнын өзгөчөлүктөрү
10. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн сотко чейинки баскычында СМММЖ кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн сотко чейинки баскычында милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштардын тизмегине киргизилген кылмыштар боюнча, шектүү жана жабырлануучу аныкталган жана тараптар өз алдынча элдешпеген шартта өткөрүлөт. СМММЖ өткөрүүгө шектүүнүн, жабырлануучунун жана башка адамдардын катышуусу алардын процессуалдык статусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
11. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларын СМММЖга жөнөтүү, тиешелүү процессуалдык чечимдин негиздери жана анын формасы, кылмыш-жаза ишинин материалдарын тапшыруу жана аны тиркөө тартиби, ошондой эле жиберүүгө байланыштуу процессуалдык иш-аракеттер жана анын кесепеттери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси менен аныкталат. Ушул Тартип кошумча процессуалдык ыйгарым укуктарды, чечимдерди, документтерди же натыйжаларды белгилебейт.
12. Тергөөчү, прокурор, судья жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан башка кызмат адамдары медиатордун функцияларын аткарбайт. Медиатор тараптарга медиациянын маңызын жана принциптерин түшүндүрөт жана тараптардын макулдугу болгон учурда медиацияны өткөрүү жөнүндө келишимдин шарттарын макулдашат. Процессуалдык укуктарды жана процессуалдык чечимдердин укуктук кесепеттерин, анын ичинде кылмыш-жаза ишин тараптардын элдешүүсүнө байланыштуу реабилитациялоосуз негиз боюнча токтотуунун кесепеттерин түшүндүрүү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте тергөөчү, прокурор, сот же башка ыйгарым укуктуу адам тарабынан жүзөгө ашырылат. Эгерде СМММЖны өткөргангө чейин тараптар мыйзамда белгиленген тартипте өз алдынча элдешкен болсо, СМММЖ өткөрүлбөйт.
13. Кылмыш-жаза иштери боюнча СМММЖ тараптын медиаторго кайрылган күнүнөн тартып 10 күндүн ичинде өткөрүлөт. Катышуучуларды СМММЖга жөнөткөн орган менен өз ара аракеттенүүдө, кайрылуу фактысын жана СМММЖнын жыйынтыгын тастыктоо үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маалыматтар гана берилет; сүйлөшүүлөрдүн мазмуну, тараптардын позициялары жана башка медиациянын купуя маалыматтары «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында түз белгиленген учурлардан тышкары берилбейт.
4-глава. Тараптарды кабарлоонун тартиби
14. Тарап медиаторга кайрылгандан кийин медиатор экинчи тарапка байланыштын жеткиликтүү каналдары аркылуу СМММЖга келүү зарылчылыгы жөнүндө кеминде үч жолу кабарлайт. Биринчи кабарлоо негизсиз кечиктирбестен, ал эми кылмыш-жаза иштери боюнча тарап медиаторга кайрылгандан кийин кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен жиберилет. Кылмыш-жаза иштери боюнча кайрадан кабарлоолор зарыл болгон учурда, «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген он күндүк мөөнөттүн чегинде СМММЖ өткөрүүнү жана ушул главада каралган аракеттерди аяктоону камсыз кылган мөөнөттөрдө жиберилет.
15. Кабарлоо билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, телекоммуникациялык сервис, тапшыруу жөнүндө кабарлоо менен заказдык почталык жөнөтүү же анын жөнөтүлүшүн ырастоого мүмкүндүк берген башка почталык жөнөтүү, ошондой эле адресатты идентификациялоого жана билдирүүнү жөнөтүү фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берген байланыштын башка каналы аркылуу жиберилиши мүмкүн. Тез билдирүүлөр жолу менен алмашуу сервистерин пайдаланууга, тиешелүү телефон номеринин же адресаттын эсептик жазууларынын таандыктыгы жөнүндө ишенимдүү маалыматтар бар болсо жол берилет. Телефон номеринин же эсептик жазуусунун таандыктыгы ырасталганга чейин кабарлоодо талаш-тартыштын предмети жөнүндө маалыматтар же медиациянын купуялуулугун же Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузушу мүмкүн болгон башка маалыматтарды камтыбашы керек.
16. Кабарлоодо медиатор жөнүндө жана анын байланыш маалыматтары, демилгечини идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтар, чакыруунун себеби, СМММЖны өткөрүү күнү, убактысы жана орду же аралыктан туташуунун ыкмасы көрсөтүлөт. Талаш-тартыштын предмети жөнүндө маалыматтар СМММЖны уюштуруу үчүн зарыл болгон көлөмдө гана жана Кыргыз Республикасынын санариптик башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана коргоо бөлүгүндөгү талаптарын сактоо менен адресатты идентификациялагандан кийин гана көрсөтүлөт.
17. Жооп жок болгондо же кабарлоону алгандыгы жөнүндө маалымат болбогондо, медиатор мүмкүн болушунча башка жеткиликтүү байланыш каналын колдонуп, кайра кабарлоо жөнөтүүгө укуктуу. Кабарлоолордун саны үчтөн ашпоого тийиш. Бардык кабарлоолор СМММЖны өткөрүүнүн жалпы мөөнөтүнүн чегинде жиберилет. Кылмыш-жаза иштери боюнча кайра кабарлоолордун мөөнөтү тарап медиаторго кайрылган күндөн тартып он күндүн ичинде СМММЖны өткөрүү зарылдыгын эске алуу менен аныкталат.
18. Кабарлоо жиберилгендигинин фактысы тиешелүү сервистин же байланыш операторунун маалыматтары, почта документи, электрондук квитанция, кабарлоонун күнүн жана ыкмасын белгилөөгө мүмкүндүк берген башка санариптик жазуу же медиатордун жазуусу менен ырасталат.
19. Ушул Тартипте каралган кабарлоонун аракеттеринен кийин экинчи тарапка кабарлоону тапшыруу же анын алгандыгын ырастоо мүмкүн болбогон учурда, медиатор кабарлоого жасалган ар бир аракеттин күнүн, ыкмасын жана натыйжасын каттайт. СМММЖны өткөрүү мөөнөтү аяктагандан кийин экинчи тарапты тиешелүү кабарлоого мүмкүн болбогондугу Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын Кеңеши тарабынан аныкталган тартипте медиаторго кайрылуунун натыйжасын тариздөөдө чагылдырылат.
20. Демилгечиден көз каранды болбогон жагдайлар боюнча экинчи тарапты кабарлоо мүмкүн болбогондугу, медиаторго кайрылуунун натыйжасын тариздөөдөн баш тартууга негиз болуп саналбайт.
5-глава. СМММЖны өткөрүү тартиби
21. СМММЖ биргелешкен же өзүнчө жолугушуу түрүндө өткөрүлөт. Тараптардын макулдашуусу боюнча СМММЖ санариптик технологияларды колдонуу менен аралыктан өткөрүлүшү мүмкүн, бул катышуучуларды идентификациялоону жана баарлашуунун купуялуулугун камсыз кылат.
22. СМММЖнын жүрүшүндө медиатор тараптарга жеткиликтүү түрдө төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
1) медиациянын маңызын жана принциптерин, СМММЖнын маалыматтык мүнөзүн жана медиация жол-жобосуна өтүүнүн ыктыярдуулугун;
2) медиация өткөрүү жөнүндө келишим түзүү тартибин;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда тараптардын квалификациялуу юридикалык жардамга жана котормочунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга укугун;
4) медиациянын купуялуулугу жөнүндө талаптарды жана маалыматты ачыктоонун мыйзамда каралган чектерин;
5) СМММЖны жана кийинки медиация жол-жобосун төлөөнүн тартибин, ошондой эле медиаторго кайрылгандыгы жөнүндө маалымкат берүү тартибин.
23. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча талаш-тартышты медиация аркылуу жөнгө салууда медиатор медиация өткөрүү жөнүндө келишимдин шарттарын макулдашат. Медиатор талаш-тартыштын маңызы боюнча чечим кабыл албайт, тараптардын укуктук позициясын аныктабайт жана соттук же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн келечеги жөнүндө укуктук корутунду бербейт.
24. СМММЖнын жалпы узактыгы эки сааттан ашпоого тийиш. Ар башка жолугушууларды өткөрүүдө медиатор тараптарга милдеттүү маалыматтын салыштырмалуу көлөмүн камсыз кылат. Бир тараптан алынган маалыматтар, «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, мындай маалыматтарды берген адамдын макулдугусуз экинчи тарапка билдирилбейт.
6-глава. СМММЖнын натыйжаларын тариздөө
25. Эгерде СМММЖнын жыйынтыгы боюнча тараптар талаш-тартышты медиация аркылуу жөнгө салууга өз ара макулдугун билдиришсе, анда «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык медиация өткөрүү жөнүндө келишим түзүлөт. Башка учурларда, медиаторго кайрылуу жөнүндө маалымкат Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын Кеңеши тарабынан аныкталган тартипте таризделет жана берилет. Ушул Тартип маалымкат берүүдөн баш тартууга кошумча негиздерди белгилебейт.
26. Медиаторго кайрылуу жөнүндө маалымкат кагаз жүзүндө же кагаз жүзүндөгү документке барабар электрондук документ түрүндө таризделиши мүмкүн. Маалымкатты берүү фактысын ырастоо үчүн маалыматтык системаларды колдонууда, аны идентификациялоо жана аныктыгын текшерүү үчүн зарыл болгон маалыматтар гана иштетилет. Сүйлөшүүлөрдүн мазмуну жана башка купуя медиациялык маалыматтар маалыматтык тутумдарга киргизилбейт.
7-глава. СМММЖга акы төлөө жана мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам
27. СМММЖны өткөрүү үчүн төлөм «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында медиациалык жардам көрсөтүүгө тиешелүү эмес учурларда СМММЖны өткөрүүгө тарифтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте белгиленет. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында СМММЖга жана медиациалык жардамга акы төлөө тартиби жана өлчөмдөрү ушул Тартип менен жөнгө салынбайт.
28. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында медиациялык жардам алууга укугу бар адамдар үчүн СМММЖны уюштуруу жана акы төлөө жана медиациалык жардам көрсөтүү тартиби, анын ичинде мындай жардамга укукту ырастоонун тартиби, медиаторго кайрылуу жана жиберүү, медиатордун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн негиздери, шарттары, өлчөмдөрү жана тартиби, ошондой эле тиешелүү чыгымдарды финансылык камсыздоо булагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен аныкталат.
8-глава. Субъекттердин өз ара аракеттенүүсү жана корутунду жоболор
29. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, соттор, Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы, медиация борборлору жана медиаторлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде СМММЖны уюштурууда жана өткөрүүдө өз ара аракеттенишет. Маалымат алмашуу Кыргыз Республикасынын санариптик башкаруу, жеке маалыматтарды жана медиациянын купуялуулугун коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо менен ишке ашырылат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер СМММЖга жана кийинки медиацияга өзүнүн компетенциясынын чегинде жана «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жайылтылган талаш-тартыштын категориялары боюнча гана катышат.
30. Ушул Тартипте жөнгө салынбаган маселелер «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, тиешелүү процессуалдык мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык чечилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Медиация жөнүндөЗакон · 14.11.2025 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана Медиаторлор палатасынын сотко чейинки…Постановление · 16.10.2026 · № 704
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129