Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу ТАРТИБИ» №2 Тиркеме
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна) | |||||
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 , 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесине ылайык, акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонууну, акциз салыгынын мамлекеттик бюджетке түшүшүн камсыз кылуу максатында иштелип чыкты жана депозиттик төлөмдү колдонууну жана башкарууну регламенттейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
1) депозиттик төлөм - Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонууну камсыз кылуу үчүн салык төлөөчү тарабынан салынуучу алдын ала төлөм;
2) импорттоочу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден акциздик маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүчү салык төлөөчү;
3) ыйгарым укуктуу салык органы - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы;
4) салык органдары - ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функциялык бөлүмдөрү;
5) депозиттик эсепти башкаруу боюнча реестр (мындан ары - реестр) - ар бир импорттоочу жана сумма үчүн өзүнчө таризделүүчү, депозиттик төлөмдөрдүн түшүүсүн, бюджеттик эсепке которулушун жана кайтарылышын эсепке алуу системасынын негизги документи.
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) банк кепилдиги - бул акциздик жыйымдын маркаларын талаптагыдай эмес пайдалангандыгы үчүн салык төлөөчүнүн банк кепилдигинде көрсөтүлгөн депозиттик төлөмдүн өлчөмүндө импорттоочунун милдеттенмесинин суммасын салык кызматынын органына төлөөгө кепилдик берген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкынын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Тартипте пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр ушул Тартипте аныкталган мааниде колдонулат. Ушул Тартипте чечмелениши болбогон учурда, терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же ЕАЭБ мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
4. Депозиттик төлөм төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) акциздик жыйым маркаларын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын алардын багытына ылайык колдонууну;
2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында алкоголдук продукцияга чаптоо үчүн акциздик жыйым маркаларынын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарынын импорттоочу тарабынан ташылып кетишин;
3) акциздик жыйым маркалары жана/же санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркаланган алкоголдук продукцияны импорттоону;
4) импорттолгон алкоголдук продукция боюнча кыйыр салыктардын төлөнүшүн;
5) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик жыйым маркаларын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонуу жөнүндө отчеттун импорттоочулар тарабынан берилишин;
6) бузулган жана (же) колдонулбаган акциздик жыйым маркаларынын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарынын импорттоочу тарабынан кайтарылышын.
2. Депозиттик төлөмдү колдонуу
5. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүчү салык төлөөчү акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын алууда берилүүчү документтерге кошумча ыйгарым укуктуу салык органына төмөнкүдөй документтерди берет:
1) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын максаттуу колдонуу жөнүндө милдеттенмени (мындан ары - милдеттенме);
2) милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине акчанын салынгандыгын ырастоочу төлөм документи же акциздик маркаларды алууга арыз берилген датадан тартып 6 айдан кем эмес жарактуулук мөөнөтү менен депозиттик төлөмдүн өлчөмүндө ыйгарым укуктуу салык органынын атына берилген банк кепилдиги.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6. Милдеттенме ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдө акча каражаттарын салуу же банк кепилдигин берүү жолу менен камсыздалат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакциясына ылайык)
7. Депозиттик эсепке акчаларды салуу же банк кепилдигин берүү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакциясына ылайык)
8. Ушул Тартипте көрсөтүлгөн документтер толук берилбеген учурда, акциздик маркалар жана/же санариптик идентификациялоо каражаттары берилбейт.
9. Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү салык органдарында сакталат.
3. Депозиттик төлөмдү башкаруу
10. Маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоочу акциздик маркаларды алууга чечим жана/же акциздик маркаларды чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго жөнөтүүгө чечим чыгарылган айдан тартып 6 (алты) айдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу салык органына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды талаптагыдай колдонуу жөнүндө отчетту (мындан ары - отчет) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада, төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен берүүгө милдеттүү:
1) белгиленген тартипте салыктык катталган жери боюнча салык органы тарабынан ырасталган товарлардын ташып киргизилгени жана кыйыр салыктардын төлөнгөнү жөнүндө арыздын көчүрмөсүн;
2) импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктардын иш жүзүндө төлөнгөнүн ырастоочу банктын көчүрмөсүн жана (же) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган, импорттолгон товарларга кыйыр салыктарды төлөө боюнча салыктык милдеттенменин аткарылганын ырастоочу башка төлөм документин;
3) Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукциянын өткөрүлүшүн ырастоочу товарды коштоочу документтердин көчүрмөлөрүн;
4) товарларды жүктөп жөнөтүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык таризделген эсеп-фактуралардын көчүрмөлөрүн, эгерде аларды берүү (көчүрмө) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында каралса;
5) алкоголдук продукцияны жеткирүүчүнү маркалануучу алкоголдук продукциянын өндүрүүчүсү же дүңүнөн сатуучусу катары каттоо жөнүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын документинин көчүрмөсүн;
6) алкоголдук продукциянын түрүн, аталышын, көлөмүн, ошондой эле акциздик маркалардын серияларын, номерлеринин диапазонун жана санын көрсөтүү менен импорттолуучу алкоголдук продукцияга чапталган акциздик маркалар жана/же санариптик идентификациялоо каражаттары (агрегацияланган код) жөнүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттин маркалануучу алкоголдук продукцияны өндүрүүчүсүнөн жетекчинин мөөрү жана колу коюлган маалымкаты.
11. Отчеттун бир нускасы ыйгарым укуктуу салык органында калат, экинчи нускасы импорттоочуга же анын өкүлүнө берилет (жиберилет).
12. Ыйгарым укуктуу салык органы депозиттик эсепке акча каражаттарын салуу боюнча милдеттенмелердин импортер тарабынан аткарылышын эсепке алат жана контролдойт. Импорттоочу салган акча каражаттарын эсепке алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органы милдеттенмелерди аткаруунун суммалары боюнча реестр жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Реестр төмөнкүлөр үчүн багытталган:
1) ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган же берилген банк кепилдигин акча каражаттарын эсепке алуу;
2) импорттоочулардын аткарылбаган милдеттенмелери боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешесине ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебинен депозиттик төлөмдүн суммаларын өз убагында чегерүү же банк кепилдигинин аткарылышын талап кылуу;
3) ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган акча каражаттарын салык төлөөчүнүн аткарылган милдеттенмелери боюнча банктык эсептерине же башка милдеттенмесинин эсебине кайтаруу (чегерүү).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Депозиттик төлөмдөр боюнча реестр кабыл алынган милдеттенменин же берилген банк кепилдигинин негизинде ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган акча каражаттарын эсепке алуу үчүн ар бир салык төлөөчү жана сумма боюнча жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакциясына ылайык)
15. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан төлөм документтеринин реестри жүргүзүлөт, анда салык төлөөчү депозиттик эсепке салган депозиттик төлөмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт.
16. Ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салык төлөөчү тарабынан акча каражаттарынын салынышы же банк кепилдигинин берилиши реестрге киргизүү үчүн негиз болот.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакциясына ылайык)
17. Депозиттик төлөмдөр боюнча реестр ар бир календардык жылга ачылат. Каражаттардын калдыгы кийинки жылга которулат. Депозиттик төлөмдөр боюнча реестрде милдеттүү түрдө төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт:
- салык төлөөчүнүн толук аталышы;
- салык төлөөчүнүн ИСНи.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ыйгарым укуктуу салык органынын эсебине салынган депозиттик төлөм ыйгарым укуктуу салык органына депозиттик төлөмдү кайтаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берилгенден кийин 30 (отуз) календарлык күндөн кечиктирбей импорттоочуга төмөнкү шартта кайтарылууга тийиш:
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонуу жөнүндө тиешелүү отчет берилгенде;
- кыйыр салыктар боюнча салык карыздары жок болгондо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82 токтомунун редакциясына ылайык)
| | | Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартибине 1-тиркеме |
Форма
| ____________________________________________ (салык органы) | ||
| ____________________________________________ (салык органынын жетекчисинин аты-жөнү) | ||
| Каттоо № ______ ______-жылдын ______________ | ||
| (салык органы толтурат) |
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын максаттуу колдонуу жөнүндө МИЛДЕТТЕНМЕ _________________________________________________________________________________________________ (импорттоочунун аталышы, ИСН, юридикалык дареги, банктык реквизиттери) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартибине ылайык акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын алардын багытына ылайык пайдаланууга, милдеттенмени камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын которууга, Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары алкоголдук продукцияга чаптоо үчүн акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын ташып чыгарууга, акциздик маркалар менен маркаланган алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына белгиленген тартипте ташып киргизүүгө жана аны дайындалган жерине чейин жеткирүүгө, бузулган жана (же) колдонулбаган акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын ыйгарым укуктуу салык органына кайтарып берүүгө, импорттолгон алкоголдук продукция боюнча кыйыр салыктарды төлөөгө, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды талаптагыдай колдонуу жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу салык органына белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттенет. Жогоруда аталган иш-аракеттер аткарылбаган учурда, ушул милдеттенменин алкагында депозиттин суммасы болуп саналган акча каражаттары ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мамлекеттик бюджеттин кирешесине которулат. ______-ж. "___" ______________
| Жетекчи | ____________________________________________________________ | |
| (аты-жөнү, колу) | ||
| Башкы бухгалтер | ____________________________________________________________ | |
| (аты-жөнү, колу) | ||
| М.О. | ||
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартибине 2-тиркеме |
Форма Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды талаптагыдай колдонуу жөнүндө ОТЧЕТ _______________________________________________________________________________________________ (маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүчү (импорттоочу) импорттоочунун аталышы, ИСН жана жайгашкан жери)
| № | Акциздик маркаларды алууга/акциздик маркаларды чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго жөнөтүүгө чечимдин номери же маркалоо коддорун алууга өтүнмөнүн номери | Акциздик маркаларды алууга/акциздик маркаларды чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго жөнөтүүгө чечимдин датасы же маркалоо коддорун алууга өтүнмөнүн датасы | Алкоголдук продукциянын түрү | Акциздик маркалар же санариптик идентификациялоо каражаттары колдонулган алкоголдук продукциянын аталышы | Алкоголдук продукциянын сыйымдуулугу | Берилген акциздик маркалар | Алкоголдук продукцияны маркалоо үчүн акциздик маркалар колдонулду же маркалоо коддорун алууга өтүнмөнүн номери | Ыйгарым укуктуу салык органына бузулган жана (же) колдонулбаган акциздик маркалар кайтарылды | |||||
| акциздик маркалардын тиби жана номерлеринин диапазону | саны (даана) | Салык органы тарабынан ырасталган товарларды ташып киргизүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз | сериясы жана номерлердин диапазону | саны (даана) | сериясы жана номерлердин диапазону | саны (даана) | |||||||
| № | дата | ||||||||||||
| 1 | |||||||||||||
| ... | |||||||||||||
| Жалпы | x | x | x | x |
Бардыгы ___________ даана акциздик марка берилген, анын ичинде: маркалоо үчүн ________ даана колдонулган; кайтарылды ________ даана; калдык ________ даана. Отчетко тиркеме _______ баракта.
| Жетекчи | ________________________________________ | ________________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) | |
| Башкы бухгалтер (болсо) | ________________________________________ | ________________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) | |
| М.О. | ||
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 22.02.2022 · № 94
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз…Постановление · 24.06.2024 · № 328
6 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.