«Улахол айылдык кеңеши» мекемесинин аталышын өзгөртүү, жаңы Уставын (Жобосун) бекитүү жана юстиция органдарынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХIХ СЕССИЯСЫНЫН
№ 119 Т О К Т О М У 25-август 2026-ж.
«Улахол айылдык кеңеши» мекемесинин аталышын өзгөртүү, жаңы Уставын (Жобосун) бекитүү жана юстиция органдарынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө.
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 токтому менен бекитилген «Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык, Улахол айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
«Улахол айылдык кеңеши» мекемесинин аталышы «Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши» мекемеси деп өзгөртүлсүн.
2. Мекеменин толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй бекитилсин:
Мамлекеттик тилинде толук аталышы: «Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши» мекемеси;
b. Расмий тилинде толук аталышы: Учреждение «Местный Кенеш Улахолского айылного аймака»;
c. Мамлекеттик тилинде кыскартылган аталышы: «Улахол а/а жергиликтүү кеңеши» мекемеси;
d. Расмий тилинде кыскартылган аталышы: Учреждение «Местный Кенеш Улахолского а/а».
3. «Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши» мекемеси белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
4. Юридикалык жактын юридикалык дареги төмөнкүдөй бекитилсин: Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кара-Талаа айылы, Р. Ажыбаева көчөсү, № 7.
5. Мекеменин жаңы редакциядагы Уставы (Жобосу) бекитилсин жана тиешелүү юстиция органында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
6. Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Бейшеев Кылымбек Бейшеевичке жаңы бекитилген Жобону (Уставды) жана кайра каттоо үчүн талап кылынган бардык уюштуруу-укуктук документтерди Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына тапшырууга жана өкүлчүлүк кылууга ыйгарым укук берилсин.
7. Аталган мекемени мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү боюнча уюштуруу-укуктук жана юридикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу айылдык кеңештин төрагасы Бейшеев Кылымбек Бейшеевичке жүктөлсүн.
8. Мамлекеттик кайра каттоо үчүн сунушталган документтерде жана чечимде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик мекеменин жетекчилигине жүктөлөт.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык кеңешинин укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Бейшеев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.