Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-апрели № 257
Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 86–98-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана юридикалык жактардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилбеген юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр 2027-жылдын 1-январына чейин белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон же ишин токтотууну каттоодон өтүүгө милдеттүү;
2) 2026-жылдын 1-мартына чейин белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобого ылайык 2026-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө бенефициардык менчик ээлерин аныктоо жана каттоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды каттоочу органга берүүгө милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мажбурлап жоюу жол-жобосун демилгелесин.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 58 «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 30 (3790) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257…Положение · 17.04.2026 · № 257
- Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин 2026-жылдын 11-майы № 52 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Абдыкерим Сыдыков айыл аймагынын “ Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши” мекемесин…Постановление · 11.05.2026 · № 52
- Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178…Положение · 31.03.2023 · № 178 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 31.03.2023 · № 178 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 58 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра…Постановление · 16.02.2024 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Порядок · 16.02.2024 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 31.03.2023 · № 178 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 58 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра…Постановление · 16.02.2024 · № 58 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15