ыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 14-октябры № 694
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын стипендиаттары тарабынан милдеттенмелерди аткаруу механизмин өркүндөтүү, милдеттүү эмгек ишин өтүүнү контролдоо, республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын алууга типтүү келишимдин шарттары бузулган учурларда каражаттардын кайтарылышын камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 77 (3838) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары | Д.Дж. Амангельдиев | |
| Тиркеме «3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын алууга типтүү келишим
| Бишкек ш. | | 20___ -ж. «____» ______ |
Мындан ары «Министрлик» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин атынан Жобонун негизинде иш алып баруучу министр ___________________________________________________ бир тараптан жана мындан ары «Стипендиат» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын жараны _____________________________________ (аты-жөнү), ошондой эле мындан ары «Кепилчилик берүүчүлөр» деп аталуучу, Стипендиаттын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуучу жактар катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын жарандары:
1) _______________________________________________________;
2) _______________________________________________________,
мындан ары биргеликте «Тараптар» деп аталып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө» Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде, ага киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Бул Келишимдин предмети болуп Стипендиатка Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын (мындан ары – эл аралык стипендия) берүүгө, анын окуусун Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоого, ошондой эле Тараптардын өз ара укуктарын жана милдеттерин белгилөөгө байланыштуу келип чыккан Тараптардын мамилелери саналат.
1.2. Ушул Келишим менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө» Жарлыгынын 25¹-пунктуна ылайык Стипендиат окууну аяктагандан жана билими жөнүндө тиешелүү документти алгандан кийин 5 (беш) жылдын ичинде мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, иши республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде белгиленген тартипте жана шарттарда эмгек ишин жүзөгө ашыруу милдеттенмесин алат.
1.3. Окуунун токтотулушуна, каржылоонун токтотулушуна же милдеттүү эмгек иши боюнча милдеттенмени аткаруудан баш тартууга алып келген ушул Келишим боюнча милдеттенмелер Стипендиат тарабынан аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда Стипендиат ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен иш жүзүндө кеткен жана тиешелүү бузууга түздөн-түз байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.
1.4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелерине ылайык өткөрүлгөн эл аралык стипендияны ыйгарууга талапкерлерди тандоо боюнча конкурстун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын жыйналышынын 20___-жылдын «___» __________ №_____ протоколунун негизинде Министрлик Стипендиатты эл аралык стипендия боюнча жалпы окуу мөөнөтү ________ жыл _______ айды түзгөн ______________________________________________ программасы боюнча _______________________ өлкөдөгү _____________________________ окууга (мындан ары – Окуу жайы) жиберет.
2. Министрликтин укуктары жана милдеттери
2.1. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
– Стипендиат тарабынан ушул Келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын контролдоого;
– Стипендиаттан ушул Келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын ырастоо үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды суроого;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде каралган учурларда каржылоону токтотуп турууга же токтотууга;
– ушул Келишимде каралган учурларда Стипендиатка жана Кепилчилик берүүчүлөргө бюджеттик каражаттардын ордун толтуруу жөнүндө талаптарды коюуга;
– мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого байланышкан акча каражаттарынын, соттук чыгымдардын жана башка чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө талаптар менен сотко кайрылууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы, мамлекеттик маалыматтык системалар аркылуу, ошондой эле мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга расмий суроо-талаптарды жөнөтүү жолу менен Стипендиат тарабынан милдеттенмелердин аткарылышын контролдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга;
– Стипендиатка жана Кепилчилик берүүчүлөргө ушул Келишимдин шарттарын бузуу аныкталгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо жана аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен аларды жоюу тууралуу талаптарды жөнөтүүгө.
2.2. Министрлик төмөнкүлөргө милдеттүү:
– ушул Келишимдин шарттарына ылайык Стипендиаттын окуусуна байланышкан чыгымдарды төлөөгө;
– ушул Келишимди аткаруу маселелери боюнча Стипендиатты уюштуруучулук жактан коштоого;
– ушул Келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде Стипендиат тарабынан милдеттенмелердин аткарылышынын эсебин жүргүзүүгө.
3. Стипендиаттын укуктары жана милдеттери
3.1. Стипендиат төмөнкүлөргө укуктуу:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык стипендияны каржылоону алууга;
– эл аралык стипендияны ишке ашыруу маселелери боюнча Министрликтин консультациялык жана уюштуруучулук колдоосун алууга;
– ушул Келишимди аткарууга байланышкан сунуштар жана арыздар менен Министрликке кайрылууга.
3.2. Стипендиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
– билим берүү программасын ак ниет өздөштүрүүгө жана Окуу жайынын окуу планын аткарууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, барган мамлекеттин мыйзамдарын, Окуу жайынын уставын жана ички эрежелерин сактоого;
– жылына бир жолудан кем эмес Министрликке окууну улантуусун, академиялык жетишкендиктерин жана ушул Келишимдин шарттарын сактоосун ырастаган документтерди берүүгө;
– Стипендиаттан көз каранды эмес себептер боюнча Окуу жайынан документтерди белгиленген мөөнөттө алуу мүмкүн болбогон учурда Стипендиат 10 (он) жумуш күндүн ичинде кечиктирүүнүн себептерин көрсөтүү менен Министрликке кабарлоого жана ырастоочу документтерди алгандан кийин аларды берүүгө милдеттүү;
– академиялык өргүүнү, окуудан чыгарууну, жашаган жеринин өзгөрүүсүн же болбосо башка олуттуу жагдайларды кошо алганда, ушул Келишимди аткарууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон бардык жагдайлар тууралуу Министрликке токтоосуз кабарлоого;
– окуу аяктагандан кийин Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө жана ушул Келишимдин 5-бөлүмүндө каралган тартипте жана шарттарда милдеттүү эмгек ишин жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмени аткарууга.
4. Милдеттүү эмгек иши (иштеп берүү)
4.1. Стипендиаттын милдеттүү эмгек иши ушул Келишимдин жана эл аралык стипендияны берүүнүн маанилүү шарты болуп саналат.
4.2. Стипендиат окууну аяктаган күндөн тартып 3 (үч) айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө милдеттүү.
4.3. Стипендиат окуунун толук курсун аяктагандан кийин Кыргыз Республикасына кайтып келген күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде Министрликке төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
– тиешелүү программа боюнча магистр, PhD доктору даражасы ыйгарылгандыгы жөнүндө документтин мамлекеттик же расмий тилде нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолорун, диссертациялык/дипломдук иши үчүн бааларды көрсөтүү менен окуунун бүткүл мезгили, анын ичинде жыйынтыктоочу мезгил үчүн сабактардын транскриптин;
– диссертациялык/дипломдук иштин электрондук версиясын.
Көрсөтүлгөн документтерди Окуу жайында белгиленген аларды берүү шарттары боюнча берүү мүмкүн болбогон учурда Министрликке өз убагында берилбөөнүн себептерин жана Окуу жайынын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн ырастоочу каты менен тиешелүү документ берилүүчү мөөнөттү көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арызды берүү зарыл.
4.4. Стипендиат ушул Келишимдин 1.2-пунктуна ылайык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, иши республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда 5 (беш) жылдан кем эмес иштеп берүүгө милдеттүү.
4.5. Эмгек иши, эгерде Министрлик тарабынан мамлекеттик кадрдык керектөөлөргө жараша башкача аныкталбаса, алган адистигине (даярдоо багытына) ылайык келүүгө тийиш.
4.6. Милдеттүү эмгек ишинин беш жылдык мөөнөтүнө эмгек келишими боюнча иш жүзүндө иштеген мезгилдери гана эсептелет.
5. Ишке жөнөтүү тартиби
5.1. Окууну аяктагандан жана билими жөнүндө тиешелүү документти алгандан кийин Министрлик Стипендиатка ушул Келишимде каралган милдеттүү эмгек ишин аткаруу тартиби, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, иши республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда эмгек ишин жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдайт.
5.2. Стипендиаттын милдеттүү эмгек ишин аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында Министрлик уюштуруучулук коштоону жүзөгө ашырат жана Стипендиат менен өз ара аракеттенүүдө алган билиминин профилин, квалификациясын жана тиешелүү бош кызмат орундарынын бар экендигин эске алуу менен, алган адистиги (даярдоо багыты) боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн мүмкүн болгон мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды аныктайт.
5.3. Стипендиат мамлекеттик жарандык кызмат же муниципалдык кызмат чөйрөсүндө эмгек ишин тандаган учурда, Министрлик Стипендиатты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке (мындан ары – МКЖӨБМА) мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте андан ары ишке орноштурууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн жөнөтөт.
5.4. Стипендиат мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке арызын берет.
МКЖӨБМА Стипендиаттын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын тиешелүү тобу үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келишин аныктайт жана Стипендиат менен биргеликте Стипендиатка анын алган билиминин профилине жана адистигине ылайык эмгек ишин жүзөгө ашырууга сунушталган мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аныктайт. Стипендиатты көрсөтүлгөн кадрлар резервине киргизүү, ошондой эле аны административдик мамлекеттик же муниципалдык кызмат орунуна дайындоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
5.5. Стипендиат иши республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, уюмдарда эмгек ишин тандаган учурда, Министрлик Стипендиат менен биргеликте алган билиминин профилин жана адистигин, тиешелүү бош кызмат орундарынын бар экендигин эске алуу менен эмгек ишин жүзөгө ашыруу мүмкүн болгон тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди жана уюмдарды аныктайт.
Министрлик Стипендиатка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке орношуу жөнүндө маселени чечүү үчүн тиешелүү уюмга жолдомо берет.
5.6. Стипендиат мамлекеттик ишканада же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар ишканада эмгек ишин тандаган учурда Министрлик Стипендиат менен биргеликте алган билиминин профилин жана адистигин жана тиешелүү бош кызмат орундарынын бар экендигин эске алуу менен эмгек ишин жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү үчүн тиешелүү ишканаларды аныктайт.
Министрлик Стипендиатка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке орношуу жөнүндө маселени чечүү үчүн тиешелүү ишканага жолдомо берет. Мамлекеттик/муниципалдык мекеме тиешелүү бош кызмат орду пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ага Стипендиатты артыкчылыктуу тартипте дайындайт жана 3 (үч) жумуш күндүн ичинде бул тууралуу Министрликке маалымдайт.
5.7. Стипендиат алган адистиги (даярдоо багыты) боюнча ушул Келишимдин шарттарына ылайык келген мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мамлекеттик же муниципалдык мекемеге, уюмга же ишканага ишке орношкон учурда иш жүзүндөгү эмгек ишинин мезгили Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда эмгек келишими түзүлгөн күндөн тартып же тиешелүү кызмат ордуна дайындалган күндөн тартып милдеттүү эмгек ишинин мөөнөтүнө эсептелет.
5.8. Стипендиат алган адистиги (даярдоо багыты) боюнча ушул Келишимдин шарттарына ылайык келген мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мамлекеттик же муниципалдык мекемеге, уюмга же ишканага өз алдынча ишке орношууга укуктуу.
Стипендиат өз алдынча ишке орношкон учурда Министрликке кабарлоого жана ишке орношуу фактысын жана ээлеген кызмат ордунун алган адистигине (даярдоо багытына) шайкештигин ырастаган документтерди берүүгө милдеттүү.
5.9. Министрлик ушул Келишимде каралган эмгек ишин жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмелердин Стипендиат тарабынан аткарылышына, анын ичинде МКЖӨБМА, тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, уюмдар жана ишканалар менен өз ара аракеттенүү аркылуу мониторинг жүргүзөт жана контролдойт.
5.10. Уюм жоюлган же кайра уюштурулган, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмү өзгөргөн, функциялар башка мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же уюмга өткөрүп берилген, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары токтотулган, Стипендиаттан көз каранды эмес жагдайлар боюнча эмгек келишими токтотулган, ошондой эле Стипендиаттын иштеген жери боюнча эмгек ишин улантуусуна объективдүү тоскоолдук жараткан башка жагдайлар пайда болгон учурда, Министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, уюмдар жана ишканалар менен биргеликте тиешелүү бош орундар болгондо, Стипендиаттын алган адистиги (даярдоо багыты) боюнча же алган билиминин деңгээлине жана профилине ылайык келген кызмат орду боюнча милдеттүү эмгек ишинин жаңы ордун аныктоо боюнча чараларды көрөт.
5.11. Ушул Келишимдин 5.10-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча иштеген жери боюнча эмгек ишин улантуу мүмкүн болбогон учурда Стипендиаттын иш жүзүндөгү эмгек ишинин мезгили милдеттүү эмгек ишинин мөөнөтүнө эсептелет.
Стипендиат ага көз каранды эмес жагдайлардын кесепетинен эмгек ишин жүзөгө ашырбаган мезгил министрликке өз убагында кабарланган жана Стипендиат милдеттүү эмгек ишинин жаңы ордун аныктоо боюнча иш-чараларга катышкан шартта, бул Келишимди бузуу деп таанылбайт.
5.12. Стипендиатты ишке жөнөтүү жана аны ишке орноштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде белгиленген квалификациялык талаптарды, тиешелүү кызмат орундарын ээлөө тартибин сактоо менен жана бош кызмат орундары болгон учурда жүзөгө ашырылат.
5.13. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, уюмдар жана ишканалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аларга берилген ыйгарым укуктардын чегинде тиешелүү бош кызмат орду болгон учурда жана ишке кабыл алуунун белгиленген тартибин сактоо менен Стипендиатты ишке орноштуруу жөнүндө маселени карайт.
6. Милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү
6.1. Стипендиаттардын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына ишке орношуусуна, ошондой эле алардын белгиленген милдеттүү эмгек ишинин мөөнөтүн аткаруусуна мониторинг жүргүзүү жана контролдоо милдеттүү эмгек ишинин бүткүл мезгилинде МКЖӨБМА жүктөлөт.
6.2. Стипендиаттардын иши республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик уюмдарда жана мекемелерде, ошондой эле мамлекеттик коммерциялык уюмдарда кызмат орундарына ишке орношуусуна жана милдеттүү эмгек ишин аткаруусуна мониторинг жүргүзүү жана контролдоо милдеттүү эмгек ишинин бүткүл мезгилинде карамагында көрсөтүлгөн уюмдар жана мекемелер турган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө Министрликке жүктөлөт.
6.3. Стипендиат отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен, жыл сайын Министрликке жана МКЖӨБМАга төмөнкүлөрдү тапшырууга милдеттүү:
– жумушка кабыл алуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн;
– жумуш ордунан маалымкатты;
– ээлеген кызмат орду тууралуу маалыматты;
– убактылуу эмгекке жарамсыз болгон мезгилдер, эмгек акысы сакталбаган өргүүлөр жана милдеттүү эмгек ишинин мөөнөтүнө таасир этүүчү башка жагдайлар жөнүндө маалыматтарды.
6.4. Мониторинг жүргүзүү максатында Министрлик жана МКЖӨБМА иш берүүчүлөрдөн, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден, уюмдардан жана башка жактардан ушул Келишим боюнча Стипендиаттын милдеттенмелерин аткаргандыгын ырастоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого укуктуу.
6.5. Милдеттүү эмгек ишинин белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин Министрлик жана МКЖӨБМА Стипендиаттын көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткаргандыгын текшерет жана тиешелүү чечимди тариздейт.
6.6. Стипендиат тарабынан ушул Келишимдин шарттары бузулгандыгы аныкталган учурда, Министрлик жана МКЖӨБМА ага аныкталган бузууларды жана милдеттенмелерди аткарбоонун же талаптагыдай эмес аткаруунун кесепеттерин жоюу үчүн белгиленген мөөнөттү көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлама жиберет.
7. Тараптардын жоопкерчилиги
7.1. Стипендиат ушул Келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7.2. Жоопкерчилик чараларын көрүүгө алып келүүчү ушул Келишимдин шарттарын бузуу болуп, Стипендиаттын милдеттенмелерди күнөөлүү түрдө аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы таанылат, анын ичинде төмөнкүлөр:
– академиялык жетишсиздиги, дисциплинаны бузгандыгы же Стипендиаттын күнөөлүү аракеттерине байланыштуу башка негиздер боюнча окуу жайдан чыгарылуусу;
– окууну өзүм билемдик менен токтотуусу;
– эл аралык стипендия каражаттарын максаттуу эмес багытта пайдалануусу;
– окууга тапшырууда же ушул Келишимди аткарууда атайылап жалган маалыматтарды же жасалма документтерди берүүсү;
– окууну аяктагандан кийин жүйөлүү себептерсиз Кыргыз Республикасына келбей коюусу;
– милдеттүү эмгек иши боюнча милдеттемелерди аткаруудан жүйөөлүү себептерсиз баш тартуу;
– милдеттүү эмгек ишинин белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин жүйөлүү себептерсиз өз каалоосу менен жумуштан бошонуусу;
– Стипендиаттын күнөөлүү аракеттерине байланыштуу негиздер боюнча жумуштан бошонуусу.
7.3. Эгер ушул Келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу тиешелүү документтер менен ырасталган жүйөлүү себептердин натыйжасында келип чыкса, Стипендиат мындай аткарбоо үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Жүйөлүү себептерге төмөнкүлөр кирет, анын ичинде:
– Стипендиаттын окууну улантууга же эмгек ишин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган медициналык корутунду менен ырасталган катуу оорусу;
– ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мүмкүнчүлүк бербеген майыптыгынын белгилениши;
– жакын тууганынын өлүмү же Стипендиаттын жеке катышуусун талап кылган башка өзгөчө мүнөздөгү үй-бүлөлүк жагдайлар;
– табигый, техногендик, санитардык-эпидемиологиялык же социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
– окууга же Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө тоскоолдук кылган өзгөчө же согуш абалын киргизүү, мобилизациялоо, кирүүгө же чыгууга чектөөлөр;
– Стипендиаттын эркинен көз каранды эмес, берилген документтердин жыйынтыгы боюнча Министрлик тарабынан жүйөлүү деп таанылган башка жагдайлар.
8. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу
8.1. Окууну токтотууга, каржылоону токтотууга же болбосо милдеттүү эмгек иши боюнча милдеттенмелерди аткарбоого алып келген ушул Келишимде каралган милдеттенмелерди Стипендиат күнөөлү түрдө аткарбаган же талаптагылай эмес аткарган учурда, Стипендиат Кыргыз Республикасынын Президентинин Фондунун каражаттарынын эсебинен иш жүзүндө тартылган жана жол берилген бузууга түздөн-түз байланыштуу болгон чыгымдардын ордун ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана өлчөмдө Министрликке толтурууга милдеттүү.
Орду толтурулууга тийиш болгон чыгымдардын өлчөмү иш жүзүндө тартылган чыгымдарды ырастаган документтердин негизинде, жол берилген бузуунун мүнөзүн, Стипендиаттын өз милдеттенмелерин аткарган мезгилин жана аларды аткаруу даражасын эске алуу менен аныкталат. Стипендиаттын эркинен көз каранды болбогон жагдайлардын натыйжасында, ошондой эле ушул Келишимдин 7.3 жана 10.1–10.3-пункттарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда келип чыккан чыгымдардын орду толтурулууга тийиш эмес.
8.2. Төмөнкүлөрдүн орду толтурулууга тийиш:
– окуунун акысы (төлөнгөн эл аралык стипендиянын суммасы);
– жашоо чыгымдары;
– транспорттук чыгымдар.
8.3. Орду толтурулууга тийиш болгон чыгымдардын өлчөмү Министрлик тарабынан бухгалтердик документтердин, төлөм документтеринин, келишимдердин жана туунду чыгымдарды ырастаган башка документтердин негизинде аныкталат.
8.4. Министрлик Стипендиатка чыгымдарды ыктыярдуу түрдө кайтаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талапты жөнөтөт.
8.5. Стипендиат Министрликтин талабын алган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күндүн ичинде аткарууга милдеттүү.
8.6. Талап аткарылбаган учурда Министрлик карызды сот тартибинде өндүрүп алууга укуктуу.
8.7. Эгер Стипендиат милдеттүү эмгек ишин аткарууга киришкен, бирок ушул Келишимде белгиленген беш жылдык мөөнөт аяктаганга чейин жүйөлүү себептерсиз өз демилгеси боюнча аны аткарууну токтоткон же өзүнүн күнөөлүү аракеттерине байланыштуу негиздер боюнча жумуштан бошотулган учурда, орду толтурулууга тийиш болгон чыгымдардын өлчөмү милдеттүү эмгек ишинин аткарылбай калган мезгилине пропорционалдуу түрдө аныкталат.
Ошол эле учурда ордун толтуруунун өлчөмү ушул Келишимдин 8.1-пунктуна ылайык орду толтурулууга тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын Президентинин Фондунун каражаттарынын эсебинен иш жүзүндө туунду чыгымдардын суммасына жараша Стипендиат тарабынан милдеттүү эмгек ишинин иш жүзүндө аткарылган мезгили эске алынуу менен аныкталат. Орду толтурулууга тийиш болгон сумманы эсептөө Министрлик тарабынан Стипендиаттын милдеттүү эмгек ишин аткарган мезгилин жана иш жүзүндө туунду чыгымдарды ырастаган документтердин негизинде жүргүзүлөт.
9. Карызды өндүрүп алуу тартиби
9.1. Ушул Келишимдин шарттары бузулган учурда Министрлик төмөнкүлөргө талап коюуга укуктуу:
– түздөн-түз Стипендиатка;
– бир же эки Кепилдик берүүчүгө;
– бир эле учурда Стипендиатка жана Кепилдик берүүчүлөргө.
9.2. Кепилдик берүүчүлөр ушул Келишимде каралган милдеттенмелердин чегинде Стипендиат менен биргелешип жоопкерчилик тартат.
9.3. Стипендиаттын мүлкү жетишсиз болгон учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүп алуу кайсы болбосун Кепилдик берүүчүнүн мүлкүнөн алынышы мүмкүн.
9.4. Бир Кепилдик берүүчүнүн милдеттенмени аткаруусу карыз толук төлөнмөйүнчө калган милдеттүү жактарды милдеттен бошотпойт.
10. Ал жеткис күчтүн жагдайлары
10.1. Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди толук же жарым-жартылай аткарбагандыгы үчүн, эгерде мындай аткарбоо ушул Келишим түзүлгөндөн кийин келип чыкса, Тараптар алдын ала көрө албаган же акылга сыярлык чаралар менен ал жеткис күчтүн (форс-мажор) жагдайларынын натыйжасында болгон болсо, жоопкерчиликтен бошотулат.
10.2. Ал жеткис күчтүн жагдайларына ушул шарттарда өзгөчө жана алдын алууга мүмкүн болбогон окуялар, анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен: табигый кырсыктар, өрт, суу ташкыны, жер титирөө, согуштук аракеттер, террористтик актылар, массалык башаламандыктар, өзгөчө же аскердик абалдын киргизилиши, эпидемиялар, пандемиялар, ошондой эле ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга түздөн-түз тоскоолдук кылган мамлекеттик органдардын актыларынын кабыл алынышы кирет.
10.3. Ушул Келишимдин 6.1 жана 6.2-пункттарындагы жоболорго карабастан, Стипендиат каза болгон учурда, ошондой эле эмгекке жөндөмдүүлүгүн туруктуу жоготууга же окуусун улантууга жана (же) ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткарууга объективдүү түрдө мүмкүнчүлүк бербеген оору, жаракат же ден соолугунун башка бузулушу болгон учурда, ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруудан бошотулат. Көрсөтүлгөн жагдайлар ыйгарым укуктуу медициналык уюмдун корутундусу менен жана зарыл болгон учурда, адамды I же II топтогу майып деп таануу жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын чечими же алынган адистик боюнча окуусун улантууга жана эмгек ишин туруктуу негизде жүргүзүүгө мүмкүн эместигин ырастаган башка медициналык корутунду менен, ошондой эле санкциялык чектөөлөр киргизилген, өлкөдөн чыгууга тыюу салынган же Окуу жайы жабылган учурда ырасталууга тийиш.
10.4. Ушул бөлүмдө каралган жагдайлардын натыйжасында милдеттенмелерди аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой калган Тарап мындай жагдайлар келип чыккан күндөн тартып же мындай билдирүү объективдүү түрдө мүмкүн болгон күндөн тартып 15 (он беш) календардык күн ичинде экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
11. Милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу.
Кепилдик берүү
11.1. Стипендиаттын ушул Келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышы Кыргыз Республикасынын жашы жеткен аракетке жөндөмдүү эки жарандын кепилдиги менен камсыз кылынат.
11.2. Кепилчилик берүүчүлөр Стипендиаттын ушул Келишимден келип чыккан милдеттенмелерди толук жана талаптагыдай аткаруусу үчүн Министрликтин алдында жооп берүү милдеттенмесин өздөрүнө алышат.
11.3. Кепилчилик ушул Келишимге бардык Тараптар кол койгон учурдан тартып пайда болот жана Стипендиат милдеттенмелерин толук аткарганга чейин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде каралган негиздер боюнча милдеттенмелер токтотулганга чейин колдонулат.
11.4. Кепилчилик берүүчүлөр ушул Келишимдин шарттары менен таанышкандыгын, өздөрүнө алган милдеттенмелеринин көлөмүн түшүнөрүн жана аларды өз ыктыяры менен кабыл аларын ырасташат.
12. Кепилчилик берүүчүлөрдүн жоопкерчилиги
12.1. Кепилчилик берүүчүлөр Стипендиат менен биргеликте Министрликтин алдында ушул Келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат.
12.2. Министрлик Стипендиаттын же Кепилчилик берүүчүлөрдүн макулдугун албастан, талаптарды коюунун ырааттуулугун өз алдынча аныктайт.
12.3. Кепилчилик берүүчүлөрдүн жоопкерчилиги төмөнкүлөргө жайылтылат:
– окуу үчүн төлөнгөн эл аралык стипендияга;
– жашоо үчүн чыгымдарга;
– транспорттук чыгымдарга;
– соттук чыгымдарга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган карызды өндүрүү менен түздөн-түз байланышкан башка документ менен ырасталган чыгымдарга.
12.4. Кепилчилик берүүчүлөрдүн бири тарабынан милдеттенмени аткаруу, милдеттенмелер толук аткарылганга чейин калган жоопкерчиликтүү адамдардын жоопкерчилигин токтотпойт.
12.5. Ушул Келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор бардык Тараптар кол койгон кошумча макулдашууну түзүү аркылуу жазуу жүзүндө таризделген шартта жарактуу болуп саналат жана ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
13. Кепилчилик берүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери
13.1. Кепилчилик берүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
– ушул Келишимден келип чыккан милдеттенмелерди аткарууга;
– жашаган жериндеги, байланыш маалыматтарындагы жана ушул Келишимди аткаруу үчүн маанилүү башка маалыматтардагы өзгөрүүлөр жөнүндө Министрликке кабарлоого;
– Министрликтин талабы боюнча милдеттенмелерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн ырастаган документтерди берүүгө.
13.2. Кепилчилик берүүчүлөр төмөнкүлөргө укуктуу:
– Стипендиаттын милдеттенмелерди аткаруусунун абалы жөнүндө маалымат алууга;
– коюлган талаптардын көлөмүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
14. Талаптарды коюу тартиби
14.1. Сотко кайрылууга чейин Министрлик Стипендиатка жана Кепилчилик берүүчүлөргө милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талапты жөнөтөт.
14.2. Талап төмөнкү учурларда алынды деп эсептелет:
– жеке тапшырылган күнү;
– заказдык почта жөнөтүүсү менен жиберген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү өткөндөн кийин;
– мамлекеттик электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жеткирилген күнү.
15. Кепилчиликти токтотуунун негиздери
15.1. Кепилчилик төмөнкү учурларда токтотулат:
– Стипендиат ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин толук аткаргандан кийин;
– Кепилчилик берүүчүлөр өз милдеттенмелерин толук аткаргандан кийин;
– Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка учурларда.
15.2. Стипендиат милдеттүү эмгек ишин жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмесин аткаргандыгы ушул Келишимде каралган документтер менен ырасталат жана Министрликтин тиешелүү чечими менен таризделет.
15.3. Стипендиаттын милдеттенмелерин аткаргандыгы жөнүндө Министрликтин буйругу чыгарылгандан кийин Кепилчилик берүүчүлөрдүн милдеттенмелери токтотулат.
16. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу
16.1. Стипендиат жана Кепилчилик берүүчүлөр ушул Келишимди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алардын жеке маалыматтарын Министрликтин иштеп чыгышына, сакташына, пайдаланышына, өткөрүп беришине жана алышына макулдук беришет.
16.2. Министрлик милдеттенмелердин аткарылышын контролдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде иш берүүчүлөрдөн, билим берүү уюмдарынан жана башка мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде алууга укуктуу.
17. Башка шарттар
17.1. Бул Келишим бардык Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
17.2. Ушул Келишим Тараптар кабыл алган милдеттенмелерин толук аткарганга чейин күчүндө болот.
17.3. Ушул Келишим боюнча Стипендиатка өз укуктарын жана милдеттерин үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
17.4. Фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жашаган жери, паспорттук маалыматтары, байланыш телефону, электрондук почта дареги же башка маалыматтар өзгөргөн учурда, Стипендиат жана Кепилчилик берүүчүлөр 10 (он) жумуш күндүн ичинде Министрликке жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
17.5. Жалган маалыматтарды, жасалма документтерди берүү же башка мыйзамсыз аракеттер жасалгандыгы жөнүндө фактылар аныкталган учурда, Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
– эл аралык стипендия берүүнү токтотууга;
– бардык бюджеттик каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылууга;
– мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, укук бузуу же кылмыш белгилери болгон учурда материалдарды укук коргоо органдарына жиберүүгө.
17.6. Ушул Келишим мамлекеттик жана расмий тилдерде бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлүп, ар бир Тарап үчүн: Министрликке, Стипендиатка жана Кепилчилик берүүчүлөргө бирден нуска берилет.
18. Тараптардын даректери, реквизиттери жана кол тамгалары
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
Аталышы: ___________________________________________________ Дареги: _____________________________________________________ Жетекчиси __________________________________________________ Колу _______________________________________________________
М. О.
Стипендиат Фамилиясы, аты, атасынын аты _________________________________ Паспорту, ИЖНи _____________________________________________ Дареги ______________________________________________________ Телефону ____________________________________________________ Электрондук почтасы _________________________________________ Колу ________________________________________________________
№ 1 кепилчилик берүүчү Фамилиясы, аты, атасынын аты__________________________________ Паспорту, ИЖНи_____________________________________________ Дареги ______________________________________________________ Иштеген жери ________________________________________________ Ээлеген кызмат орду __________________________________________ Телефону ____________________________________________________ Колу _______________________________________________________
№ 2 кепилчилик берүүчү Фамилиясы, аты, атасынын аты _________________________________ Паспорту, ИЖНи_____________________________________________ Дареги______________________________________________________ Иштеген жери ________________________________________________ Ээлеген кызмат орду__________________________________________ Телефону ___________________________________________________ Кол тамгасы _________________________________________________
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри ».
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынн Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө…Постановление · 28.07.2022 · № 397
- КР Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы ПЖ № 146 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.05.2022 · № 146
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122