Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 146 «Кыргыз Республикасынын Президентинин „Эл үмүтү“ эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 10-майы ПЖ № 146 Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө (КР Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Таланттуу жаштарга чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүү жана шыктануусун арттыруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундун адистерин даярдоо үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясы уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссия 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелерин;
- стипендиаттар менен окуу келишимдерин түзүү эрежелерин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын алууга жана стажировкадан өтүүгө типтүү келишимди.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын КУРАМЫ (КР Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, Комиссиянын катчысы.
Республикалык комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
- Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
- Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;
- (абзац КР Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- КР Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо Эрежелери (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 токтомуна)Правила · 28.07.2022 · № 397
- Кыргыз Республикасынн Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө…Постановление · 28.07.2022 · № 397
- Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы ПЖ №146…Положение · 10.05.2022 · № 146
- Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын стипендиаты менен окутууга келишим (контракт) түзүүнүн эрежелери (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Правила · 28.07.2022 · № 397
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 176 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл…Указ · 18.05.2026 · № 176
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 364 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 05.11.2022 · № 364
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-июну ПЖ № 161 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл…Указ · 21.06.2023 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 "Кыргыз…Постановление · 15.11.2022 · № 622
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы №397 токтомуПостановление · 28.07.2022 · № 397
Шилтеме берет (2)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.