Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2026-жылдын 10-августу № 664 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу огандарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пунктунун талаптарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 21 пунктун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө” жобонун 15-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткараруу мамлекеттик кызматында (мындар ары - ЖАМК) коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. ЖАМКнын түзүмдүк, ведомстволук бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин жетекчилери бекитилген Тизменин жоболорунун сакталышын жана ишке ашырылышын туруктуу негизде камсыз кылсын.
3. ЖАМКнын Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттар менен байланыш бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде аны мамлекеттик жана расмий тилдерде ЖАМКнын расмий веб-сайтына жайгаштырсын.
4. ЖАМКнын Катчылыгы:
- үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 10-августунда http://www.gsin.gov.kg/page/corruption расмий сайтында жарыяланды
| Төрага | Ч.Э. Кожошев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында…Постановление · 08.04.2026 · № 232
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-марты № 124 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө"…Постановление · 10.03.2025 · № 124
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.