Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын убактылуу ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө маалымат берүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна 2-тиркеме)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| 2-тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 687 токтомуна) |
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын убактылуу ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө маалымат берүү тартиби
1. Ушул Тартип мамлекеттик органдар/ишканалар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик, муниципалдык кызматчылар жана айрым жеке жактар жөнүндө маалыматты (мындан ары – маалымат) толтуруу жана берүү эрежелерин аныктайт.
2. Маалымат тиркемеге ылайык электрондук формада берилет.
3. Отчеттук мезгил үчүн маалымат төмөнкүлөргө берилет:
1) ыйгарым укуктуу салык органына:
– мамлекеттик органдар отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-январына чейин ведомстводо мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган адамдар боюнча жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин 1-бөлүгүнүн колдонулушу жайылтылган айрым жеке жактар боюнча;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейин мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген кызматчылар боюнча;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейин – мамлекеттин катышуу үлүшү бар мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерине жана жетекчилердин орун басарларына карата;
2) аймактык салык органына – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-январына чейин ведомстводо муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген кызматкерлер боюнча.
4. 001-уячада:
1) эгерде маалымат отчеттук мезгил үчүн биринчи жолу берилип жатса, «X» түрүндөгү белги «Алгачкы» уячасында көрсөтүлөт;
2) эгерде маалымат мурда ушул эле отчеттук мезгил үчүн берилген болсо, бирок кийинчерээк кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү маалыматта оңдолгон болсо, «X» түрүндөгү белги «Такталган» уячасында көрсөтүлөт.
5. 102-уячада мамлекеттик органдын/ишкананын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ИСНи көрсөтүлөт.
6. 103-уячада мамлекеттик органдын/ишкананын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын толук аталышы көрсөтүлөт.
7. 104-уячада мамлекеттик органдын/ишкананын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын салыктык катталган орду боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
8. 113-уячада мамлекеттик орган/ишкана же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы иш жүзүндө жайгашкан калктуу конуштун (облус, шаар, район, айыл) аталышы көрсөтүлөт.
9. 114-уячада мамлекеттик органдын/ишкананын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш жүзүндө жайгашкан дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн номери) көрсөтүлөт.
10. 116-уячада мамлекеттик органдын/ишкананын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
11. 201-уячада маалымат берилүүчү отчеттук мезгилдин башталган датасы көрсөтүлөт (күн, ай жана жыл).
12. 202-уячада маалымат берилүүчү отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт (күн, ай жана жыл).
13. 2-графада жактын аты, фамилиясы, атасынын аты толук көрсөтүлөт.
14. 3-графада жактын ИСНи көрсөтүлөт.
15. 4-графада жактын паспортундагы маалыматтарга ылайык жашаган жери көрсөтүлөт.
16. 5-графада салык органынын коду көрсөтүлөт.
17. 6-графада жактын ээлеп турган же ээлеген кызмат орду көрсөтүлөт.
18. 7-графада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине (мындан ары – Реестр) ылайык кызмат орундун категориясы көрсөтүлөт.
Реестрге кирбеген айрым жеке жактар боюнча ушул графа толтурулбайт.
19. 8-графада жактын кызмат ордун ээлеп баштаган же ээлеген дата көрсөтүлөт.
20. 9-графада жактын ээлеп турган же ээлеген кызмат ордунан бошотулган дата көрсөтүлөт.
21. Маалыматтын төмөнкү бөлүгүндө мамлекеттик органдын/ишкананын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты толук көрсөтүлөт.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын убактылуу ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө маалымат берүү тартибине тиркеме
Алгачкы
Такталган
Мамлекеттик, муниципалдык кызматчылар жана айрым жеке жактар жөнүндө маалымат
| 102 | Мамлекеттик органдын/ишкананын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын идентификациялык салык номери | 104 | Салык органынын коду жана аталышы | |||||||||
| 103 | Мамлекеттик органдын/ишкананын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы | |||||||||||
| Мамлекеттик органдын/ишкананын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш жүзүндө жайгашкан дареги | ||||||||||||
| 113 | Облус, шаар, айыл | 114 | Көчө/кичи район, үйдүн № | 116 | Электрондук почта дареги | |||||||
| Отчеттук мезгил | 201 | тартып | 202 | чейин | ||||||||
| № | Жактын аты-жөнү | Идентификациялык салык номери | Жашаган жери | Салык органынын коду | Ээлеген кызмат орду | Кызмат ордунун категориясы | Кызмат ордуна кабыл алынган дата | Кызмат ордунан бошотулган дата | ||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | ||||
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 12.10.2026 · № 687
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3