Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн «Шор-Булак» жер казынасынын участогун пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 12-октябры № 777-т
Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына акиташ жана бут ташы кенин геологиялык изилдөө максатында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунда жайгашкан «Шор-Булак» жер казынасынын участогунда тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер менен аныкталган чектерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн участокто иштерди жүргүзүү башталганга чейин «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендиги жөнүндө корутундусун алууну белгиленген тартипте камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү…Постановление · 23.08.2021 · № 148
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын…Порядок · 23.08.2021 · № 148
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.