Жаны-Жер айылдык кенешинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 «“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомун айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы
2026-жылдын 11-августу № 46
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 «“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомун айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 «“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу, маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча иштерди айыл аймагынын деңгээлинде уюштуруу, көрүстөндөрдү тиешелүү тартипте пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 токтому аткарууга алынсын.
Жаңы-Жер айыл аймагында маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №795 токтому менен белгиленген талаптарга ылайык уюштурулсун. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө:
· айыл аймагындагы көрүстөндөрдүн абалын жана жайгашкан жерлерин тактоо;
· көрүстөндөрдү эсепке алууну уюштуруу;
· көрүстөндөрдүн санитардык абалын жана тазалыгын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
· маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча иштерди мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу;
· көрүстөндөрдү көрктөндүрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү;
· жарандарга маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча мыйзамдарда белгиленен талаптар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; .
Айыл аймагындагы көрүстөндөрдү пайдаланууда санитардык, экологиялык жана башка мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталышы камсыз кылынсын.
Айыл өкмөтү тарабынан көрүстөндөрдү тазалоо, көрктөндүрүү жана аларды талаптагыдай абалда кармоо боюнча зарыл болгон иш-чаралар уюштурулсун.
Ушул токтомду аткаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат зарыл болгон учурда айылдык кеңешке берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Ж.Мурадилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.