Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин тизмеги (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна 5-тиркеме)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
5-тиркеме «21-тиркеме
Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин тизмеги
1. Жаратылыш газынан тышкары, жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууга келишим;
2) эсеп-фактура (инвойс) – экспорттоочу резиденти болуп эсептелген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык товарды экспорттоону жүзөгө ашыруучу субъект тарабынан таризделүүчү электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндөгү салык документи;
3) товар-транспорттук коштомо кагазы (ТКК) – эл аралык автомобилдик коштомо кагазынын (CMR) ордуна Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн чегинде товарларды өткөрүүдө пайдаланылуучу документ;
4) эл аралык автомобилдик коштомо кагазы (CMR) – жүктү автомобиль транспорту менен жеткирүүдө Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын (ЖЭЖТК) талаптарына ылайык таризделген документ.
2. Жаратылыш газын эл аралык ташууну (жеткирүүнү) ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүчү магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн участоктору боюнча жаратылыш газын ташууга келишим;
2) эсеп-фактура – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жаратылыш газын эл аралык ташууну (жеткирүүнү) жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндөгү салыктык документ;
3) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөн магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн участоктору аркылуу ташылуучу жаратылыш газын өткөрүп берүү-кабыл алуунун коммерциялык актысы.».
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги…Постановление · 30.04.2022 · № 236
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 “Салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомуПостановление · 25.09.2026 · № 639