Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Өткөрмөлөрдү көзөмөлдөө боюнча маалыматтардын улуттук базасынын санариптик платформасын киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 16-июлу № 534-т
Балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Балдар укугу жөнүндө конвенциянын жоболорун аткаруунун алкагында БУУнун Балдар укугу боюнча комитетинин корутунду сын пикирлерин ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу, ошондой эле сунуштарды аткарууга мониторинг жүргүзүүнүн санариптик механизмдерин апробациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-февралындагы № 104-т тескемеси менен бекитилген 2025-2028-жылдарга Балдар укугу жөнүндө конвенцияны аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын сунушталган бириктирилген бешинчи жана алтынчы мезгилдик баяндамаларынын жыйынтыгы боюнча БУУнун Балдар укугу боюнча комитетинин корутунду сын пикирлерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (мындан ары - Иш-чаралар планы) аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн 2028-жылдын 31-декабрына чейин тиешелүү мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Сунуштамаларды көзөмөлдөө боюнча улуттук маалыматтар базасынын санариптик платформасын ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) ишке ашырсын.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) пилоттук долбоорду белгиленген мөөнөттө ишке ашырууга тиешелүү чараларды көрсүн жана көмөк көрсөтсүн;
2) жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Сунуштамаларды көзөмөлдөө боюнча улуттук маалыматтар базасына өз убагында киргизүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) Сунуштамаларды көзөмөлдөө боюнча улуттук маалыматтар базасынын санариптик платформасын ишке киргизүү бөлүгүндө пилоттук долбоорду жалпы координациялоону, ошондой эле пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын;
2) санариптик өнүктүрүү жана маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте эл аралык өнөктөштөрдүн техникалык колдоосу менен санариптик платформанын иштешинин уюштуруу шарттарын камсыз кылсын;
3) берилген ыйгарым укуктардын чегинде Сунуштамаларды көзөмөлдөө боюнча улуттук маалыматтар базасынын санариптик платформасына пилоттук долбоордун катышуучуларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) бул тескеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн органдардын жооптуу кызматкерлери тарабынан Иш-чаралар планында белгиленген иш-чараларга ылайык келген маалыматтарды өз убагында жана толук киргизүүнү контролдоону;
2) киргизилүүчү маалыматтарды, ошондой эле Иш-чаралар планынын индикаторлоруна жетишүүнү баалоонун негизинде аткаруу статустарын актуалдаштырууну.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы:
1) пилоттук долбоорду ишке ашырууну координациялоону ишке ашырсын;
2) пилоттук долбоордун катышуучуларына консультациялык жана маалыматтык колдоо көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы:
1) бул тескемеден келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
2) пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча пилоттук долбоордун натыйжалары жөнүндө маалыматты жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
7. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) санариптик платформа пилоттук долбоордун алкагында гана пайдаланылат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин мамлекеттик маалыматтык система болуп саналбайт деп;
2) пилоттук долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле техникалык жардамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын, анын ичинде эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунун эсебинен жүзөгө ашырылат деп.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-февралындагы № 104-т (2025-2028-жылдарга Балдар укугу жөнүндө конвенцияны аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 24.02.2025 · № 104-р