Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 14-сентябры № 611 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу жана башкаруу процессин тартипке келтирүү максатында, «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнө, 21-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу жана башкаруу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жер тилкелерин убактылуу пайдалануунун мурда түзүлгөн келишимдерине колдонулбайт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 317 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 69 (3829) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу жана башкаруу тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын…Положение · 14.09.2026 · № 611
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 токтому…Положение · 05.10.2015 · № 677
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомПостановление · 05.10.2015 · № 677
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин…Постановление · 31.05.2017 · № 317
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомПостановление · 05.10.2015 · № 677
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөЗакон · 03.05.2011 · № 18
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин…Постановление · 31.05.2017 · № 317