Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 611 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2017-жылдын 31-майы № 317 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жободо:
- 14-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасынын чектериндеги убактылуу пайдаланууга берилген жер участогунда курулушка бөлүнгөн аянт 0,05 гектардан ашпоого тийиш.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 токтому…Положение · 05.10.2015 · № 677
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу жана башкаруу…Постановление · 14.09.2026 · № 611
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомПостановление · 05.10.2015 · № 677
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу жана башкаруу…Постановление · 14.09.2026 · № 611
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон