Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) туристтик-рекреациялык сыйымдуулугун аныктоонун усулдук колдонмосу (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин буйругуна тиркеме)
| | | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 12-июлундагы № 01-01/186 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) туристтик-рекреациялык сыйымдуулугун аныктоонун усулдук колдонмосу
1. Киришүү
Туризм Кыргыз Республикасынын ички дүӊ өнүмүн көбөйтүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана региондорду өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салым камсыз кылган экономиканын маанилүү тармактарынын бири. Туристтик агымдардын өсүшү менен жаратылыш комплекстерине, өзгөчө биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо функциясын аткарган, экологиялык жана тоо туризми үчүн жагымдуу аянт катары кызмат кылган ӨКЖАга антропогендик басым көбөйөт. Туризм Кыргыз Республикасынын экономикасынын маанилүү тармактарынын бири болуп саналат, ал ички дүң продуктуну түзүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана региондорду өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот. Туристтик агымдардын өсүшү менен жаратылыш комплекстерине, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына (ӨКЖА) антропогендик жүк көбөйөт, алар бир эле учурда биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо функциясын аткарат жана экологиялык жана тоо туризми үчүн жагымдуу аянтча болуп саналат. Туристтик тармактын активдүү өнүгүшү менен ӨКЖА аймактарынын жаратылыш экосистемаларын коргоо маселеси өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Туризмдин муктаждыгы менен жаратылышты коргоо режиминин ортосундагы балансты камсыз кылуу үчүн уруксат берилген рекреациялык сыйымдуулукту аныктоого илимий жактан негизделген мамиле талап кылынат. Бул экосистемалардын деградацияга дуушар болушунун алдын алат, уникалдуу жаратылыш ландшафттарын сактайт жана рекреациялык потенциалды туруктуу пайдаланууну камсыз кылат. Рекреациялык сыйымдуулук көптөгөн факторлорго – ландшафттын тибине, экосистемалардын туруктуулугуна, аймактын өздөштүрүлгөн деӊгээлине, инфратүзүмгө жана структуралык уюштурууга көз каранды болгондуктан эсептөөнүн адистештирилген методикасын иштеп чыгуунун зарылдыгы келип чыгат. Кыргыз Республикаcынын ӨКЖА аймактарынын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугун аныктоо боюнча ушул усулдук колдонмо (мындан ары – Усулдук колдонмо) Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында колдонуу үчүн иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамына ылайык (ӨКЖА жөнүндө мыйзам), мамлекеттик жаратылыш парктары (МЖП), биосфералык аймактар (резерваттар), геопарктар сыяктуу категориялардагы ӨКЖА жеринде, ошондой эле жергиликтүү маанидеги ӨКЖАда алардын функционалдык зоналарынын режимин сактоону эске алуу менен туристтик жана рекреациялык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксат берилет. Мамлекеттик жаратылыш (биосфералык) коруктарынын чегинде (МЖК, МБК) белгиленген режимге ылайык, жөнгө салынуучу рекреациялык иш-аракеттерге уруксат берилген буфердик жана коргоо зоналарын кошуп алганда, атайын бөлүнгөн зоналарда туризмге тыюу салынбайт. Мыйзамда туристтик ишмердүүлүктү пландаштырууда жана ишке ашырууда туристтик-рекреациялык сыйымдуулукту милдеттүү түрдө аныктоо дагы каралган. ӨКЖАнын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугу ар бир ӨКЖА үчүн өз-өзүнчө аныкталат жана алардын негизги жаратылыш объектилерин жана табигый экосистемаларын калыбына келбөөчү деградациялык процесстерге алып келбей турган ӨКЖАга боло турган антропогендик чектүү жүктөм эсепке алынат. ӨКЖАнын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугу токой түзүү иштерин жүргүзүүнүн жүрүшүндө илимий мекемелер менен бирдикте аныкталат.
Аймактарды пайдалануунун ар түрдүү режимин аныктаган функциялык зоналаштыруу ӨКЖАны башкаруунун негизги элементи болуп саналат. Зоналаштыруу рекреациялык жана туристтик ишмердүүлүккө уруксат берилген участкаларды (зоналарды), ошондой эле жаратылышты коргоо боюнча артыкчылыктар адамдардын баруусун жокко чыгарган же чектеген зоналарды бөлүү үчүн негиз катары кызмат кылат. Сунушталган Усулдук колдонмо ӨКЖА аймактарынын так ошол туристтик жана рекреациялык сыйымдуулукка жол берилген функциялык зоналарынын рекреациялык сыйымдуулугун аныктоого багытталган. Усулдук колдонмону колдонуу басымдын илимий жактан негизделген ченемдерин аныктоого, жаратылыш комплекстерине таасир этүүнүн уруксат берилген чегинен ашып кетүүгө жол бербөөгө, туруктуу туристтик инфратүзүмдү жаратууга жана Кыргыз Республикасынын ӨКЖАнын табигый баалуулугун узак мөөнөттүү сактоого мүмкүндүк берет. Усулдук колдонмо чет элдик адабияттардын негизинде иштелип чыкты, формулалар жана терминдер Кыргыз Республикасынын климаттык шарттарына жана мыйзамдарына ылайыкташтырылды.
2.Ушул Усулдук колдонмодо колдонулган түшүнүктөр:
бивак жайы - түнөө же эс алуу үчүн туристтик топ жайгашуучу жер (токтоочу жай); туристтик жана рекреациялык иш зонасы – жаратылыш комплекстеринин жана объекттеринин сакталышын камсыз кылуучу коргоо режими белгиленген, анын аймактарында рекреациялык оорчулук келтирүүнүн ченемдерин эске алуу менен жөнгө салынуучу туристтик жана рекреациялык ишке, анын ичинде туристтик маршруттарды, чыйыр жолдорду, конуштарды жана кароочу аянттарды уюштурууга жол берилген мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймагы туристтик объектилер – бул туристтердин бир катар муктаждыгын канааттандырууга жарактуу табигый, тарыхый, социалдык, маданий объектилер. Аларга экологиялык маршруттар, эс алуу зоналары жана жээк зоналары кирет; өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) туристтик-рекреациялык сыйымдуулугу – бул жаратылыш жана соцалдык-маданий чөйрөнүн бузулушуна жол бербестен, туристтик тажрыйбанын жогорку сапатын камсыз кылуу жана келүүчүлөргө кызмат көрсөтүү жана инфраструктуранын сыйымдуулугу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, ӨКЖА, анын айрым туристтик объектиси же зонасы бир убакыт бирдигинде кабыл ала турган рекреациялык ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырган адамдардын максималдуу саны (В.В. Непомнящий ж.б., 2021); базалык рекреациялык сыйымдуулук – ӨКЖА аймагында, анын өзүнчө бөлүгүндө же өзүнчө объектиде (маршрутта, участкада) бир убакыт бирдигинде боло турган адамдардын эӊ жогорку саны; потенциалдуу рекреациялык сыйымдуулук – жаратылыш комплекстеринин учурдагы абалынын жана туристтик ишмердүүлүктү ишке ашыруу шарттарынын негизинде объектилерди уруксат берилген пайдалануунун белгиленген режимине ылайык базалык рекреациялык чоӊдугун коррекциялоо жолу менен аныкталган келүүчүлөрдүн эӊ жогорку саны. жол берилген рекреациялык сыйымдуулуктун чеги – бир убакыт бирдигинде ӨКЖАга, же болбосо анын бир бөлүгүнө турист катары барган, жаратылыш комплекстеринин жана объектилеринин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн, табигый экологиялык системалардын деградациясына алып келбей турган сандагы келүүчүлөрдүн эӊ жогорку саны; функциялык зоналарга бөлүштүрүү - зоналардын чектеринде өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын экологиялык системаларынын жана алардагы мамлекеттик жаратылыш-корук фондунун объекттеринин абалдарына, алардын калыбына келүүсүнө терс таасир этүүчү ар кандай иштерге тыюу салууну жана (же) чектөөнү караган өзүнчө зоналарды белгилөө (ӨКЖА жөнүндө мыйзам); ӨКЖА аймагындагы экологиялык туризм – туристтик иштин адистештирилген түрлөрүнүн бири болуп саналат, анын негизги максаты айлана-чөйрөнү сактоочу жана жергиликтүү тургундардын жыргалчылыгын колдогон жаратылыш аймактарына жоопкерчиликтүү саякат жасоо болуп саналат.
3. ӨКЖАнын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугун аныктоо
ӨКЖА туристтик-рекреациялык сыйымдуулугу төмөнкү үч туристтик объектинин категориялары боюнча аныкталат:
1). Экологиялык маршруттар (атчан, жөө ж.б.);
2). Эс алуу зоналары (ачык эс алуу орундары, боз үй тигүү орундары, туристтик-рекреациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн жеӊил конструкциядагы курулмаларды жайгаштыруу жана башкалар);
3). Жээк сызыгынын боюндагы эс алуу зоналары.
Туристтик-рекреациялык сыйымдуулукту аныктоо үчүн алгач ӨКЖАнын чегиндеги туристтик объектилердин жана экологиялык маршруттардын картасын иштеп чыгуу зарыл. Сыйымдуулук ар бир объект үчүн өзүнчө суткасына жана сезонго аныкталат. ӨКЖАнын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугу туристтик объектилердин сыйымдуулугунун суммасы боюнча аныкталат (адам/сутка же сезон).
3.1. Базалык рекреациялык сыйымдуулукту аныктоо
Туристтик-рекреациялык сыйымдуулукту аныктоонун биринчи кадамында базалык рекреациялык сыйымдуулукту эсептөө керек.
Ар бир категория үчүн базалык рекреациялык сыйымдуулук ар кандай формулалар боюнча аныкталат:
3.1.1. Экология маршруттардын базалык рекреациялык
сыйымдуулугун аныктоо (эко чыйыр). ӨКЖАдагы маршруттардын базалык рекреациялык сыйымдуулугун эсептөө үчүн төмөнкү параметрлерди билүү зарыл (1-таблица).
1-таблица. Экологиялык туристтик маршруттардын базалык рекреациялык сыйымдуугун эсептөө үчүн зарыл болгон туруктуу параметрлер.
| № | Көрсөткүчтөр | Формула менен белгилөө | Өлчөө бирдиги | Көрсөткүчтүн мааниси | Эскертүү |
| 1 | Келүүчүлөр үчүн маршруттардын суткалык жеткиликтүүлүгү | Td | саат | ӨКЖАнын иштөө убактысы, түштөнүү тыныгууну эске алуу менен | |
| 2 | Туристтер үчүн маршрут жеткиликтүү болгон сезондогу күндөрдүн саны. | Tсезон | күндөр | ||
| 3 | Узактыгы (маршрутту басып өтүү үчүн зарыл болгон сааттар/күндөр саны) | TL | күндөр | Мисалы: маршрутту басып өтүү үчүн 1 күн же 6 күн зарыл | |
| 4 | Топтогу адамдардын орточо саны | GS | адам | Мисалы: адамдардын орточо саны аларды тыныгуу ордуна же стенд алдына ыӊгайлуу жайгаштыруу менен аныкталат. | |
| 5 | Сутка ичинде маршрутта жүрүүнүн орточо убактысы (саат менен) | Tdi | саат | Мисалы: маршрутта жүрүүнүн убактысы экскурсияда болууга, ажайып жайларды көрүүгө кеткен жана кайра эс алуу зонасына (орунга) кайткан убакыттан турат. | |
| 6 | Тыныгууларды эске алуу менен маршрут боюнча кыймылдын орточо ылдамдыгы | Vi | км/саат | ||
| 7 | Топтор ортосундагы эӊ ылайыктуу аралык | DGi | км | Мисалы: Белгиленген аралык туристтердин ыӊгайлуу келүүсү үчүн топторду бөлүп жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Мисалы топтор бири бири менен жолугуп калбашы үчүн топтордун аралыгын 2 км кылуу.. |
Экологиялык туристтик маршруттардын суткалык базалык рекреациялык сыйымдуулугу 1-таблицадагы параметрлерди пайдалануу менен төмөнкү формула боюнча аныкталат:
(3.1)
BCCсут – экологиялык туристтик маршруттардын суткалык базалык рекреациялык сыйымдуулугу (адам/суткалар) мында, gi – анын жабылышына чейин маршрут боюнча сутка ичинде басып өтө ала турган топтордун эӊ жогорку саны (бирдик менен); GS – коштоп жүрүүчүлөрдү кошуп алганда, топтогу адамдардын орточо саны (адам); Туристтик маршруттун бир күндүк участкасы боюнча сутка ичинде ал жабылганга чейин, же күндүзгү жарык мезгилден күүгүм киргенге чейин басып өтө ала турган топтордун эӊ жогорку саны бүтүн сан (бирдик) менен көрсөтүлөт жана төмөнкү формула менен аныкталат: (3.2) мында, Vi – тыныгууларды эске алуу менен келүүчүлөрдүн маршрут боюнча орточо ылдамдыгы (км/саат) Td – келүүчүлөр үчүн туристтик маршрут жеткиликтүү болгон күндүн узактыгы же убакыттын саны (саат менен); Tdi – сутка ичинде маршрутта болуунун орточо убактысы (саат менен). DGi – маршруттагы топтор арасындагы эӊ ылайыктуу аралык (км менен). 1-таблицадагы параметрлерди пайдалануу менен экологиялык туристтик маршруттардын базалык рекреациялык сыйымдуулугу төмөнкү формула боюнча аныкталат: (3.3.) мында, BCCсезон – экологиялык туристтик маршруттардын базалык рекреациялык сыйымдуулугу (адам/сезон); Tсезон – келүүчүлөр үчүн маршрут жеткиликтүү болгон туристтик сезондогу күндөрдүн саны (күндөр менен); TL – маршрутту басып өтүү үчүн зарыл болгон күндөрүн саны (күндөр менен).
3.1.2. Эс алуу зонасынын базалык рекреациялык сыйымдуулугу:
) (3.4.)
мында, BCCi – эс алуу зонасынын базалык рекреациялык сыйымдуулугу (адам/га) Sжалпы – туристтерди жайгаштырууга уруксат берилген жалпы аянт (га); Si – бир адам же бир топ үчүн зарыл болгон аянт (га);
(Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуш-көрсөтмөсү (ДСУ): шаардын жашыл мейкиндиктеринин бир жашоочуга карата ченеми - 50 м²). Tрежим – ӨКЖАнын иштөө убактысынын режими (саат); Tорто – сутка ичиндеги тыныгууларды эске алуу менен туристтик объектиде болуунун орточо убактысы (саат);
3.1.3. Жээк сызыгынын боюндагы /көлөкөдөгү/ столдордогу/ мангалдардагы (эгерде адамдар “топ-тобу” менен отурса) эс алуу зонасынын базалык рекреациялык сыйымдуулугун аныктоо.
(3.5.)
мында, BCCS – суунун жээк боюндагы эс алуу зонасынын базалык рекреациялык сыйымдуулугун аныктоо (адам/га); LF – убактылуу болууга уруксат берилген жээк сызыгынын узундугу (тамактануу жана сейилдөө), (метр); Lтоп – бир топ ээлеген жээк тилкесинин узундугу (метр); GS – коштоп жүргөндөрдү кошо алганда, топтогу адамдардын орточо саны (киши); RF – күн ичинде объектини канча турист ырааттуу пайдалана аларын чагылдырган туристтик объектинин колдонуу мүмкүндүгүнүн көрсөткүчү (күн ичиндеги келүүчүлөрдүн саны).
3.1.4 Эгерде столдор менен мангалдардын саны белгилүү болсо:
BCCS = min (стол/мангал * топтун орточо өлчөмү * RF) (3.6)
мында, min() - социалдык рекреациялык сыйымдуулукту эсептөөдө эсептелген жана жөнгө салуучу чектөөлөрдүн ичинен эң катуу чектөөчү фактордун эске алынышын камсыз кылган min() функциясы пайдаланылат (столдордун саны менен топтордун өлчөмү). BCCS – жээк сызыгынын боюндагы эс алуу зонасынын базалык рекреациялык сыйымдуулугу (адам/га); RF – күн ичинде объектини канча турист ырааттуу пайдалана аларын чагылдырган туристтик объектинин колдонуу мүмкүндүгүнүн көрсөткүчү (күн ичиндеги келүүчүлөрдүн саны).
(3.7.) мында, Tрежим – сутка ичинде туристтик объектиге барууга мүмкүн болгон сааттардын саны (сааттар); Tорточо – келүүчүлөрдүн туристтик объектиде болушунун орточо убактысы (сааттар);
3.2. Потенциалдуу рекреациялык сыйымдуулукту аныктоо
Туристтик объектинин потенциалдуу рекреациялык сыйымдуулугун аныктоо үчүн формула PCCi = BСCi*Cfорточо (3.8.)
мында, PCCi – туристтик объектинин потенциалдуу рекреациялык сыйымдуулугу (адам/сутка); BBCi – бүтүн сан мааниси менен көрсөтүлгөн базалык негизги рекреациялык сыйымдуулук, киши/убакыт бирдигинде (i-бир күндүк же сезондук өзгөрүлмөлүү); Cfорточо – туризмди өнүктүрүү үчүн аныкталган чектөөчү факторлордун (экологиялык, социалдык жана социомаданий мүнөздөмө) жана туристтик объектилерди пайдалануунун белгиленген режимдерин эске алган түзөтүүчү коэффициенттер (1 тартып i чейин). Коэффиценттердин маалыматтары катыш менен аныкталат:
(3.9)
мында, Cfi – бардык туристтик объектилер (маршруттар, эс алуу зоналары, жээк линиясы) үчүн колдонулган i факторунун маанисин коррекциялоо үчүн түзөтүүчү коэффициент. Lmi – рекреациялык ишмердүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрүн чектей турган коррекциялоочу i факторунун мааниси; Tmi – рекреациялык ишмердүүлүктүн i факторунун жалпы мааниси i факторунун маанисин коррекциялоо үчүн түзөтүүчү коэффициент – базалык (ченемдик) маанилердин иш жүзүндөгү шарттарынан четтөөлөрүн эсепке алуу максатында бардык туристтик объектилер үчүн (маршруттар, эс алуу зоналары, жээк сызыгы) колдонууга боло турган өлчөмү чексиз чоӊдук.
Түзөтүүчү коэффициенттердин мааниси аймактын жаратылыш жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн анализдөөнүн негизинде аныкталат жана статистикалык маалыматтарды, эксперттик баалоолорду жана/же талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын колдонуу менен түзүлөт. Базалык негиз катары оптималдык же ченемдик шарттарга туура келген 1 деген мааниге барабар коэффициент кабыл алынат. Базалык деӊгээлге салыштырмалуу i факторунун мүнөздөмөлөрү начарлаганда же жакшыртылганда коэффициенттин мааниси ошого жараша төмөндөйт же көбөйөт. Рекреациялык ишмердүүлүк факторунун маанисинин маалыматтары жаратылыш баяндамасынын көрсөткүчтөрүнөн алынат (2-таблица).
2-таблица. Рекреациялык ишмердүүлүктү чектеген факторлор боюнча түзөтүүчү коэффициенттер
| № | Рекреациялык ишмердүүлүк факторунун жалпы мааниси 𝑇𝑚i | Коррекциялоочу фактордун мааниси (туристтик сезондун шарттары) 𝐿𝑚i | Түзөтүүчү коэффициент |
| Метеорологиялык жагымсыз шарттар | |||
| 1 | Жагымдуу аба-ырайынын шарттары, сезондогу суткалар | Жагымсыз аба-ырайынын шарттары, сезондогу суткалар | мисалы: сезондо 122 жагымдуу сутка болду. Жана 5 сутка жаан болду. Cfi =1-(5/122)=0,96 |
| Эрозиялык процесстердин өнүгүшү | |||
| 2 | Маршруттун/бир туристтик объектинин зонасынын аянтынын туурасы | Маршруттун/бир туристтик объектинин зонасынын аянтынын узактыгынын өзгөрүшү метр менен | |
| 3 | Маршруттун узундугу | Сезон ичинде бузулган участоктордун аянтынын пайда болушу же көбөйүшү | |
| 4 | Эс алуу зонасынын аянты | Туристтик жайдын жанындагы тапталган аянттын көбөйүшү | |
| Топурак катмарына карата таасири | |||
| 5 | Топурактын жогорку горизонтунун абалы | Топурактын жогорку горизонтунун ныкталышы | |
| 6 | Топурактын чымдашуу деӊгээли | Тапталган тилкелердин аянттарынын пайда болушу же көбөйүшү | |
| Өсүмдүк катмарына жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине таасирлер | |||
| 7 | ӨКЖА флорасы | Флоранын сезон ичиндеги өзгөрүшү | |
| 8 | Өсүмдүктөрдүн сейрек түрлөрүнүн саны | Өсүмдүктөрдүн сейрек түрлөрүнүн санынын азайышы | |
| 9 | Инвазивдик өсүмдүктөрдүн болушу | Инвазивдик өсүмдүк түрлөрүнүн санын көбөйүшү же азайышы | |
| 10 | Өсүмдүк катмарынын проективдик каптоосу | Өсүмдүк катмарынын проективдик каптоосунун азайышы | |
| Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине таасири | |||
| 11 | ӨКЖА фаунасы | Фаунанын кыскарышы (түрлөрдүн жалпы саны) | |
| 12 | Курт-кумурскалар | ||
| 13 | Балыктар | ||
| 14 | Амфибиялар | ||
| 15 | Жерде-сууда жашоочулар | ||
| 16 | Канаттуулар | ||
| 17 | Сүт эмүүчүлөр | ||
| 18 | Жаныбарлардын сейрек түрлөрүнүн болушу | Жаныбарлардын сейрек түрлөрүнүн санынын кыскарышы | |
| 19 | Адам менен байланышкан жаныбарлар жана өсүмдүктөр (чабалекей, келемиш, үй чычканы) | Жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн санынын өсүшү | |
| Ландшафттын абалынын өзгөрүшү жана анын аттрактивдүүлүгүнүн төмөндөшү (эстетикалык жагымдуулугу) | |||
| 20 | Биологиялык таштандылар | _________ | Тамак-аш калдыктары ж.б.у.с. |
| 21 | Техникалык таштандылар | _________ | Мисалы: калдыктар, бөтөлкөлөр, чычала, убактылуу токтоо жайлары ж.б. |
Орточо түзөтүүчү коэффицентти ӨКЖА боюнча бардык туристтик объектилерге колдонууга болот, бирок тактык үчүн мүмкүн болсо ар бир туристтик объект боюнча өзүнчө изилдөө жүргүзгөн жакшы болот. Ар бир экологиялык маршрут үчүн орточо түзөтүүчү коэффицент, баалоо жүргүзүүчүлөр тарабынан ӨКЖА кызматкерлери менен биргеликте жеринде толтурулат.
(3.10) мында, Cfорточо – орточо түзөтүүчү коэффиценттин мааниси; Cf1 – биринчи түзөтүүчү коэффиценттин мааниси; Cf2 – экинчи түзөтүүчү коэффиценттин мааниси; Cfn – кезектеги түзөтүүчү коэффиценттердин мааниси; n – колдонулган түзөтүүчү коэффиценттердин саны.
3.3. Рекреациялык жол берилген эӊ жогорку сыйымдуулугун аныктоо
RCCi = PCCi * MC (3.11.) мында, RCCi – туристтик объектинин жол берилген эӊ жогорку рекреациялык сыйымдуулугу (адам/сутка); RCCi – туристтик объектинин потенциалдык рекреациялык сыйымдуулугу (адам/сутка); MC – башкаруучулук сыйымдуулугунун коэффициенти.
(3.12.) мында, Ri - колдо болгон ресурстар Pi - ресурстарга талаптар
3-таблица. Башкаруучулук сыйымдуулуктун коэффицентин эсептөө үчүн зарыл параметрлер
| № | Башкаруучулук параметрлер | Колдо болгон ресурстар (Ri) | Ресурстарга талаптар (Pi) | Башкаруучулук сыйымдуулуктун коэффиценти |
| 1 | Экскурсияларды өткөрүү үчүн мекеменин кызматкерлеринин болушу | |||
| 2 | Келүүчүлөр үчүн санитардык түйүндүн болушу | |||
| 3 | Авто токтоочу жайдын болушу | 3.13 формуласына ылайык | ||
| 4 | Келүүчүлөр үчүн эс алуу орундарынын болушу (отургучтар, тапчандар, токтоочу жайлар) | |||
| 5 | Конуп түнөө орундарынын жана убактылуу тамактандыруу жайларынын болушу | |||
| 6 | Маршрутта маалыматтык такталардын болушу (кюаркод) | |||
| 7 | Өрт чыгуу коркунучу (өрт өчүрүү такталарынын саны, өрткө кооптуу сезондун белгиленген чеги) жана башкалар. | |||
| 8 | Медпункт (кызыл бурч) |
Автоунаа токтоочу жайлардын орундарынын зарыл санын аныктоо (3.13.) мында, PCCавтоунаа токтоочу жай – автоунаа токтоочу жайдын орундарынын зарыл саны (даана) PCCсуткалар – сезондогу базалык рекреациялык сыйымдуулук (адам/сутка); авто – автоунаа (жеӊил, минивэн, микроавтобус, туристтик автобус) (даана).
3.4. ӨКЖАнын жалпы жол берилген эӊ жогорку рекреациялык сыйымдулугун аныктоо
RCCөкжа – ӨКЖА аймагынын жалпы жол берилген эӊ жогорку рекреациялык сыйымдуулугу, белгилүү бир ӨКЖАнын бардык туристтик объектилери боюнча уруксат берилген сыйымдуулугунун жалпы суммасы катары аныкталат.
RCCөкжа = RCC1 + RCC2+…+RCCn (3.14.)
мында, RCCөкжа – ӨКЖАнын рекреациялык эӊ жогорку жол берилген сыйымдуулугу; RCC1 – биринчи объектинин рекреациялык эӊ жогорку жол берилген сыйымдуулугу; RCC2 – экинчи объектинин рекреациялык эӊ жогорку жол берилген сыйымдуулугу; RCCn – кийинки объектилердин рекреациялык эӊ жогорку жол берилген сыйымдуулугу.
| № | Рекреациялык сыйымдуулуктун көрсөткүчү | Көрсөткүчтүн мааниси |
| 1 | BCC, туристтик объектинин базалык рекреациялык сыйымдуулугу (сутка ичинде) | |
| 2 | BCC, туристтик объектинин базалык рекреациялык сыйымдуулугу (сезон үчүн) | |
| 3 | PCC, туристтик объектинин потенциалдык рекреациялык сыйымдуулугу (сутка ичинде) | |
| 4 | PCC, туристтик объектинин потенциалдык рекреациялык сыйымдуулугу (сезон үчүн) | |
| 5 | RCC, туристтик объектинин жол берилген эӊ жогорку рекреациялык сыйымдуулугу (сутка ичинде) | |
| 6 | RCC, туристтик объектинин жол берилген эӊ жогорку рекреациялык сыйымдуулугу (сезон үчүн) | |
| 7 | RCCөкжа, ӨКЖАнын жол берилген эӊ жогорку рекреациялык сыйымдуулугу (сутка ичинде) | |
| 8 | RCCөкжа, ӨКЖАнын жол берилген эӊ жогорку рекреациялык сыйымдуулугу (сезон үчүн) |
Базалык, потенциалдуу жана эӊ жогорку рекреациялык сыйымдуулук ортосунда иерархиялык өз ара байланыш бар. Ал төмөнкүдөй тизмек боюна чагылдырылат: Базалык рекреациялык сыйымдуулук потенциалдуу сыйымдуулук эӊ жогорку рекреациялык сыйымдуулук. Базалык рекреациялык сыйымдуулук аймакты пайдалануунун табигый чегин белгилейт. Потенциалдык сыйымдуулук социалдык-экономикалык факторлорду эске алуу менен аны өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн чагылдырат. Эӊ жогорку сыйымдуулук пайдаланууда аша чаап кетүүгө жол берилбей турган иш жүзүндөгү эксплуатациянын эӊ жогорку чегин аныктайт. Ошентип базалык, потенциалдуу жана эӊ жогорку рекреациялык сыйымдуулук рекреациялык жүктөмдү баалоо жана жөнгө салуу үчүн колдонулган көрсөткүчтөрдүн бирдиктүү системасын түзөт. Рекреацияны практикалык башкаруу ишмердүүлүгүндө эӊ биринчи кезекте аймакты туруктуу пайдаланууну жана анын жаратылыш жана рекреациялык ресурстарын сактоону камсыз кылган эӊ жогорку рекреациялык сыйымдуулук жетекчиликке алынууга тийиш.
Ушул Усулдук колдонмого ылайык аныкталган Кыргыз Республикасынын конкреттүү ӨКЖА аймактарында рекреациялык сыйымдуулугун сактоо аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Пайдаланылган адабияттар
1. Артемьев А.М. Методические рекомендации по определению норм рекреационных нагрузок на туристские маршруты и экологические тропы особо охраняемых природных территорий / Артемьев А.М., Абдреева Ш.Т., Актымбаева А.С., Кертешев Т.С., Агажаева А.К. / Нур-Султан, 2020 г. – 76 с.
2. 2011-жылдын 3-майындагы Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамы.
3. Непомнящий В.В. Методические рекомендации по определению рекреационной ёмкости особо охраняемых природных территорий / В.В. Непомнящий, А.В. Завадская, В.П. Чижова. – Новосибирск: Наука, 2021. – 96 с.
4. Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 токтому.
5. Кыргыз Респубикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына баруу, экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштуруу жана жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө” 2023-жылдын 17-февралындагы № 80 токтому.
6. Правила расчета предельно допустимой рекреационной емкости особо охраняемых природных территорий федерального значения при осуществлении туризма/ Утверждено постановлением Правительства Российской Федерации от 31 октября 2023 г. № 1811.
7. Canestrelli E. Tourism carrying capacity: A fuzzy approach / Canestrelli E., Costa P. // Tourism rjes., 1991., N 18(2)., P. – 295–311.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына баруу, экскурсиялык экологиялык…Постановление · 17.02.2023 · № 80
- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөЗакон · 03.05.2011 · № 18
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомПостановление · 05.10.2015 · № 677
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.