Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына баруу, экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштуруу жана жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 17-февралы № 80 Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына баруу, экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштуруу жана жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө
“Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 15-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына баруу, экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштуруу жана жайгаштыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
– ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги үчүн республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) туристтик-рекреациялык сыйымдуулугун аныктоонун усулдук колдонмосу (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш…Руководство · 12.06.2026 · № 01-01/186
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына баруу, экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштуруу жана жайгаштыруу…Порядок · 17.02.2023 · № 80
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөЗакон · 03.05.2011 · № 18