Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августу № 566 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 409 «Уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулугу жана маалыматтарды ачуу маселелери тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 20-августу № 566
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 409 «Уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулугу жана маалыматтарды ачуу маселелери тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 270 «Мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2026–2029-жылдарга мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 409 «Уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулугу жана маалыматтарды ачуу маселелери тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пунктта «июлуна» деген сөз «сентябрына» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 4¹, 4², 43-пункттар менен толукталсын:
«41. Мамлекеттин атынан акционердин (катышуучунун) укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар мамлекеттик ишканалардын жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун мезгилдүү жыйынды отчетторун чогултуу жана түзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга катышуунун мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын иши жөнүндө жыйынды отчетторду түзүү үчүн зарыл болгон маалыматты жана отчеттуулукту берүү боюнча милдетти катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун уставдарында бекитүү боюнча чаралардын көрүлүшүн камсыз кылсын. 4². Мамлекеттик ишканалардын жана уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мезгилдүү жыйынды отчетторду чогултуу жана түзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтын жана отчеттуулуктун толуктугу, аныктыгы жана өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик тартат деп белгиленсин.
43. Мамлекеттик ишканалардын жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун мезгилдүү жыйынды отчетторун чогултуунун жана түзүүнүн жыйынтыгы боюнча алынган маалымат мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан системалаштырылууга, иштетилүүгө жана талданууга тийиш жана аталган ишканалардын жана чарбалык коомдордун ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн түзүүдө, актуалдаштырууда жана ага жетишүүнү баалоодо пайдаланылат.».
2. Катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордо мамлекеттин атынан акционердин функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып он эки айдын ичинде катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун уставдарын ушул токтомго ылайык келтирүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-августундагы № 63 (3823) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 409 "Уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун, мамлекеттик…Постановление · 14.08.2023 · № 409
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 270 "Мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттарын бекитүү…Постановление · 22.04.2026 · № 270