Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттарын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 22-апрели № 270 Мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду жана мамлекеттик ишканаларды башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026–2029-жылдарга мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттары 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026–2029-жылдарга мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттик органдар ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү мезгилге каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык бирдиктердин алкагында аткаруу боюнча конркеттүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Иш-чаралар планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-июнунан кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- 2026–2029-жылдарга мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттары (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги…основные направления · 22.04.2026 · № 270
- 2026–2029-жылдарга мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…План · 22.04.2026 · № 270
- “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августу № 566 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 409 «Уставдык капиталында…Постановление · 20.08.2026 · № 566
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122