Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Облустук билим берүү институттарынын типтүү штаттары (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
| 1-тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 545токтомуна) |
Облустук билим берүү институттарынын типтүү штаттары
| № | Кызмат орундун аталыштары | Угуучуларга жараша штаттык бирдиктердин саны | |||
| 1000ге чейин | 1000ден 1500гө чейин | 1500дөн 2000ге чейин | 2000ден жогору | ||
| 1 | Директор | 1 | 1 | 1 | 1 |
| 2 | Директордун окуу иштери боюнча орун басары | 1 | 1 | 1 | 1 |
| 3 | Директордун административдик-чарбалык иштер боюнча орун басары | 1 | 1 | 1 | 1 |
| 4 | Катчы | 1 | 1 | 1 | 1 |
| 6 | Башкы бухгалтер | 1 | 1 | 1 | 1 |
| 7 | Бухгалтер | 0,5 | 0,75 | 1 | 1 |
| 8 | Китепканачы | 0,5 | 0,5 | 0,75 | 1 |
| 9 | Методист | 1,5 | 1,5 | 1,75 | 2 |
| 10 | Башкы адис | 1 | 1 | 2 | 2 |
| 11 | Жетектөөчү адис | 1 | 1 | 1 | 2 |
| 12 | Адис | 1 | 1 | 1 | 2 |
| Бардыгы: | 10,5 | 10,75 | 12,5 | 15 |
Эскертүү:
1. Программисттин 1 бирдиги киргизилет, ага бир эле учурда компьютерлерди оңдоо боюнча функциялар жүктөлөт.
2. Электрондук китепкана болгон учурда инженер-программисттин 1 бирдиги киргизилет.
3. Автомобиль айдоочусунун кызмат орду толук жүктөм менен иштеген ар бир автомобиль үчүн 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 2 бирдиктен ашык эмес белгиленет.
4. Кызматтык жайларды тазалоочунун кызмат орду тазалануучу ар бир 500 квадрат метрге 1 бирдик эсебинде киргизилет.
5. Коомдук дааратканаларды тазалоочунун кызмат орду ар бир 15 түйүнгө 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
6. Кийим илгич кызмат орду жылытуу мезгилине карата гардеробдогу ар бир 250 номерге 1 бирдик эсебинде, бирок нөөмөтүнө 1 бирдиктен кем эмес белгиленет.
7. Короо тазалоочунун кызмат орду тазалануучу ар бир 0,75 гектар аянтка 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
8. Имараттын (окуу корпусунун, жатакананын) комендантынын кызмат орду 1 бирдик өлчөмүндө белгиленет.
9. Окуу корпусуна жана жатаканага имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды учурдагы тейлөө боюнча жумушчунун 1 бирдиги, бирок уюмга 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
10. Өз алдынча борбордук жылытуу системасы болгон учурда, жылытуу мезгилине ар бир откана үчүн нөөмөтүнө 1 бирдик эсебинде от жагуучунун кызмат орду белгиленет.
11. Мындан тышкары жергиликтүү отун түрлөрүн (көмүрдү) пайдаланган отканаларда күлдү чыгаруу үчүн от жагуучунун кошумча 1 бирдиги белгиленет, газ менен жылытуу колдонулган учурда нөөмөтүнө газ отканасынын операторунун 1 бирдиги белгиленет, ал эми коопсуздук автоматикасы жок отканалар болгон учурда нөөмөтүнө 2 бирдик эсебинде откана операторунун кызмат орду каралат.
12. Борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо системасында жылуулук түйүнү же элеватору бар уюмдарда слесарь кызмат ордунун 1 бирдиги, ал эми бойлерлер жана насостор болгон учурда (сутка бою кезметте туруу талап кылынганда) – нөөмөтүнө слесардын 1 бирдиги белгиленет.
13. Вахтердун кызмат орду ар бир окуу корпусуна жана жатаканага нөөмөтүнө 1 бирдик эсебинде киргизилет.
14. Кароолчунун кызмат орду ар бир окуу корпусуна нөөмөтүнө 1 бирдик эсебинде киргизилет (нөөмөт саат 18:00дөн саат 08:00гө чейин).
15. Сантехниктин кызмат орду 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
16. Электромонтердун кызмат орду ар бир 500 жарыктандыруу чекитине 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
17. Меш жагуучунун кызмат орду жылытуу мезгилине карата 5 мешке чейин – 0,25 бирдик, 6дан 10 мешке чейин – 0,5 бирдик, 10дон 15 мешке чейин – меш жагуучунун 1 бирдиги, ар бир кийинки 5 мешке – 0,5 бирдиктен киргизилет.
18. Облустук билим берүү институттарынын окутуучулук курамынын ставкаларынын саны окуу жылындагы угуучулардын жалпы санын топтордун орточо толукталышына бөлүү, алынган көрсөткүчтү 72 саатка көбөйтүү жана жылдык окуу ишинин 720 саатына бөлүү жолу менен аныкталат.
Окутуучулук курамдын ставкаларынын саны=угуучулардын жалпы саны/топтордун орточо толукталышы*72 саат/720 сааттык окуу иши. Облустук билим берүү институттарынын окутуучуларына тарифтик ставка (кызматтык маяна) жылына 720 сааттык окуу иши үчүн белгиленет. Курстардын топторунун орточо толукталышы – 24 адам, 20 угуучудан кем эмес. Мисалы: Ош облустук демилгелер жана методикалык иштер борборунда окуу жылында квалификациясын жогорулатуу курстарынан 8000 угуучу өтсө, анда 8000 угуучу/24 адам*72 саат/720 сааттык окуу иши = 33 окутуучулук курамдын ставкасы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.