Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 „Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 10-сентябры № 327 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жугуштуу оорулардын, жаныбарлар жана адамдар үчүн жалпы оорулардын, жапырт тамак-аштан уулануулардын пайда болушуна жана таралышына жол бербөө, Кыргыз Республикасынын тамак-аш коопсуздугун, ветеринардык-санитардык бейпилдигин камсыз кылуу жана калкынын өмүрүн жана ден соолугун коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
«11) карантинге алынуучу продукцияларга жана карантинге алынуучу объекттерге ветеринардык, фитосанитардык жана тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан.».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 68 (3828) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-марты № 113 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.03.2026 · № 113
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-октябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 276 "Кыргыз…Постановление · 20.10.2026 · № 711 · Күчүнө кире элек