Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 14-марты № 113 Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 218, 2026-жылдын 10-сентябрындагы № 327 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген, ошондой эле ишкер коомчулук тарабынан ишенимдин төмөндөшүнө жана жалпы экономикалык активдүүлүктүн азаюусуна өбөлгө түзгөн системалуу көйгөйлөр сакталууда. Укук коргоо органдары, салык жана башка контролдоочу органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан текшерүүлөрдүн ашыкча көп болуусунун жана ыйгарым укуктарынан аша чабуусунун фактылары кыйла маанилүү көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Мындай аракеттерге коммерциялык банктарды кошо алганда, чакан, орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнөн кайрылуулар жана даттануулар үзгүлтүксүз келип түшүүдө. Негизсиз, бири-бирин кайталаган же иш жүзүндө мыйзамсыз текшерүүлөр жана рейддик иш-чаралар кеңири жайылган учурлар болуп эсептелет. Ишкердик субъекттеринин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкү жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, 2026-жылдын 31-декабрына чейин укук коргоо жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүлөргө мораторий киргизилсин:
1) кылмыш-жаза жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүнүн субъекти болуп саналган ишкердик субъекттеринин арыздары боюнча;
3) башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын суроо-талаптары боюнча;
4) жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча;
5) ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган конкреттүү фактылар болгон учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолорду тиркөө менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча;
6) бажы кызматы тарабынан бажы контролун жүргүзүүдө;
7) салык органдары тарабынан – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-январындагы № 18 «Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгы менен белгиленген чектөөлөрдүн чегинде;
8) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык функцияларын аткарган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан;
9) жарандык авиация жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;
10) калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы маселелери боюнча;
11) карантинге алынуучу продукцияларга жана карантинге алынуучу объекттерге ветеринардык, фитосанитардык жана тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 218, 2026-жылдын 10-сентябрындагы № 327 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. Мораторий колдонулган мезгилде мамлекеттик контролдоочу органдар мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүү, ошондой эле потенциалдуу бузууларды аныктоо жана болтурбоо максатында ишкердик субъекттерине өз ишинин багыттары боюнча консультацияларды өткөрөт. Консультация пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзбөстөн жүзөгө ашырылат.
3. Ишкердик субъекттери консультациялык жана маалыматтык колдоонун алкагында гана зарыл маалыматтарды, документтерди же түшүндүрмөлөрдү берүү жолу менен мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан алардын ишинин багыттары боюнча консультацияларды жүргүзүүгө көмөктөшөт.
Маалымат берүү мораторий колдонулган мезгилде текшерүүлөрдү жүргүзүү, айыптарды же башка санкцияларды салуу үчүн негиз болуп саналбайт.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-мартындагы № 20 (3780) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрели № 276 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 "Ишкердик субъекттерине…Постановление · 23.04.2026 · № 276
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 366-VIII "2025-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура…Постановление · 08.04.2026 · № 366-VIII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-августундагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 276 «Кыргыз…Постановление · 11.08.2026 · № 540
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июну № 218 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү…Указ · 17.06.2026 · № 218
- Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 10-сентябрындагы № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө…Указ · 10.09.2026 · № 327
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-январы № 18 "Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.01.2026 · № 18
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.