Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
| Тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 439, 2026-жылдын 20-августундагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары - Мамстандарт) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларынын негизги талаптарын ишке ашыруучу жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү мамилелерди белгилейт жана жөнгө салат.
2. Мамстандарт төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) бирдиктүү билим берүү мейкиндигин социалдык кепилдөөнү жана сактоону;
2) уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдары үчүн базистик окуу планын, предметтик стандарттарды, жалпы билим берүү программаларын жана окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууну;
3) жалпы билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги предметтик стандарттардын жана жалпы билим берүү программаларынын улантуучулугун;
4) билим берүүнүн сапатын башкарууну;
5) Кыргыз Республикасында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү жөнүндө документтердин эквиваленттүүлүгүн белгилөөнү;
6) Мамстандартты ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына, ошондой эле башталгыч кесиптик, педагогикалык кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына карата талаптарды аныктоо үчүн негизди.
3. Мамстандарт төмөнкүдөй максаттарда иштелип чыкты:
1) эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланган жана таанылган жалпы билим берүүнүн улуттук системасын түзүү;
2) билим берүү менен жалпы камтууну жана окутуу үчүн бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;
3) билим берүү программасынын минималдуу мазмунун, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн деңгээлдери боюнча компетенттүүлүк негизде даярдоонун базалык талаптарын, ошондой эле окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу формалдуу билим берүүнүн талаптарынын макулдашылган жыйындысын белгилөө;
4) тарбиянын, өнүктүрүүнүн жана окутуунун бирдиктүүлүгүн камсыздоо, глобалдашкан дүйнөдө тез өзгөргөн коомдо жашоо үчүн зарыл болгон компетенцияларды калыптандыруу, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу маданиятын калыптандыруу жана аны менен таттуу мамиледе жашоону билүү үчүн дисциплиналар аралык мамиленин негизинде табигый-илимий жана математикалык багыттагы окуу предметтеринин ролун күчөтүү;
5) жарандык мекенчилдикти, жалпы жарандык аң-сезимди, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти, улуттук адеп-ахлактык негиздерге таянган адилеттүүлүк, абийирдүүлүк, боорукердик сыяктуу сапаттарды калыптандырууга өбөлгө түзүүчү тарбиялык жана социалдык-гуманитардык потенциалды күчөтүү;
6) профилдик окутууну киргизүү;
7) билим берүү процессинин катышуучуларынын (билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана педагогдорунун, билим алуучулардын жана алардын ата-энелеринин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жалпы билим берүүнүн максаттарына жана тарбиялоонун, өнүктүрүүнүн жана окутуунун натыйжаларына жетишүүдөгү жоопкерчилик чөйрөсүн бекемдөө.
4. Мамстандарт Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стратегиялык маанидеги документтеринде аныкталган артыкчылыктарга, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, билим алуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) суроо-талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу үчүн зарылдыгына жараша кайра каралат жана жаңыланат.
5. Мамстандартта төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
базистик окуу планы - милдеттүү предметтердин тизмегин, аларды окутуунун ырааттуулугун, окуу жүктөмүнүн көлөмүн белгилеген документ; баалуулук - жарандардын акыл-эсин, ой-сезимин, пикирин, табитин жана жалпы маданиятын калыптандырган жана өнүктүргөн, ошону менен бирге коомдун алга жылышына оң таасирин тийгизген салттуу жана заманбап, рухий жана материалдык, улуттук жана дүйнөлүк туруктуу болмуштар; билим берүү чөйрөсү - иштин белгилүү чөйрөсүнө таандык, илимий жана практикалык иштин педагогикалык жактан ыңгайлашкан тажрыйбасы түрүндө берилген билим берүүнүн мазмуну; билим берүү (окуу) программасы - предметтик стандарттын негизинде иштелип чыккан жана предметтин мазмунун темалары, бөлүмдөрү жана окутуу мезгилдери боюнча бөлүштүргөн, уюштуруу-педагогикалык шарттарды, анын ичинде болжолдуу календардык-тематикалык пландаштырууну жана билим алуучулардын жетишкендиктерин баалоонун формаларын жөнгө салуучу документ; баалоо - билим алуучулардын этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө жана алар турмушта зарыл болгон компетенцияларга ээ болуусуна, ошондой эле бул иштин натыйжаларынын шайкештигин аныктоо үчүн кайтарым байланышты жүзөгө ашырууга багытталган билим алуучулардын таанып-билүү ишин өлчөө, интерпретациялоо жана талдоо процесси; диагностикалык баалоо - билим алуучунун калыптанган компетенцияларынын прогрессин андан ары баалоо үчүн анын башталгыч деңгээлин аныктоочу процесс; жалпы билим берүү - бүтүрүүчүнүн коомдо активдүү иштеши үчүн жетиштүү болгон, анын деңгээлдерине ылайык келген билимди, жөндөмдөрдү, баалуулуктарды жана тажрыйбалык көндүмдөрдү камсыз кылуучу тарбиялоо жана окутуу системасы; жашыл көндүмдөр - экологиялык коопсуз жашоо ыкмаларын өздөштүрүү, туруктуу жана ресурстарды үнөмдөөчү коомду өнүктүрүү жана колдоо, экологиялык көйгөйлөрдү аныктоо, чечүү жана алдын алуу үчүн зарыл болгон билим, баалуулуктар жана мамилелер; интеграция - билим алуучулардын дүйнөнү бирдиктүү кабылдоосун калыптандырууга жана негизги компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган айрым предметтердин, билим берүү чөйрөлөрүнүн, жалпы эле билим берүү процессинин алкагындагы мазмундун түзүмдүк компоненттеринин ортосундагы байланыштарды түзүүнү жана өз ара аракеттенүүсүн камсыздаган процесс; компетенттүүлүк мамиле - билим берүү процессинин концептуалдык негизи, ал билим алуучулардын жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө ийгиликтүү аракеттенүүсүн камсыз кылуучу компетенттүүлүктөрдү калыптандырат; критериалдык баалоо - так аныкталган, биргелешип иштелип чыккан, билим берүүнүн максаттарына жана мазмунуна шайкеш келген жана билим алуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандырууга өбөлгө түзгөн, билим берүү процессинин бардык катышуучулары үчүн алдын ала белгилүү болгон критерийлер менен салыштырууга негизделген билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо; калыптандыруучу баалоо - билим алуучулардын окутуу процессинде кандай деңгээлде экендигин, алар кайсы жерде кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгын жана билим алуучу менен педагогдун окутуу процессин жакшыртуу үчүн кандай кадамдарды жасаш керектиги жөнүндө педагогду маанилүү маалымат менен камсыздаган баалоо; модулдук-уя ыкмасы - негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган билим берүү мазмунун системалаштыруу үчүн методологиялык негиз. Анын структурасы билимдин жана жөндөмдөрдүн жаңы элементтерин толуктоо мүмкүнчүлүгү менен кеңири компетенттүүлүктөрдү жана алар менен байланышкан негизги көндүмдөрдү бириктирген "уяларга" негизделген; негизги компетенттүүлүктөр - социалдык, мамлекеттик, кесиптик заказга ылайык аныкталган, көп функциялуулукка ээ болгон жана предметтен жогору турган, окуу предметтеринин базасында жүзөгө ашырылуучу жана билим алуучулардын социалдык тажрыйбасына негизделген билим берүүнүн өлчөнүүчү натыйжалары; окутуу - билим алуучулардын билимди, жөндөмдөрдү, көндүмдөрдү жана компетенттүүлүктөрдү өздөштүрүү, билимин күнүмдүк жашоодо колдонууда тажрыйбага ээ болуу жана өмүр бою билим алууга шыктануусун калыптандыруу боюнча ишин уюштуруунун максаттуу багытталган процесси; предметтик стандарт - предметтин алкагында билим алуучулардын билим алуудагы натыйжаларын, аларга жетишүү ыкмаларын жана өлчөө жолдорун регламенттөөчү документ; предметтик компетенттүүлүктөр - билим берүү натыйжаларынын жыйындысы түрүндө айрым предметтердин материалында аныкталуучу компетенттүүлүктөр; суммативдик (учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу) баалоо - билим алуучулардын окутуунун натыйжаларына жетишкен даражасын аныктоо, алар баа коюу менен туюндурулат; тарбиялоо - инсанды өнүктүрүүгө, коомдо кабыл алынган жүрүм-турум эрежелеринин жана ченемдеринин, социалдык-маданий, руханий адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде билим алуучуга өзүн-өзү аныктоого жана социалдашууга шарттарды түзүүгө багытталган иш; функционалдык сабаттуулук - адамдын ишинин, баарлашуунун жана социалдык мамилелердин ар кандай чөйрөлөрүндө ар кандай практикалык жана турмуштук маселелерди чечүү үчүн окутуу процессинде дайыма алган билимдерин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн колдоно алуу жөндөмдүүлүгү. ыңгайлаштырылган билим берүү программасы (ЫБП) – майыптыгы бар (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулардын белгилүү бир категориясынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен предметтик стандарттардын негизинде иштелип чыккан, класстын же топтун деңгээлинде ишке ашырылуучу, билим берүү натыйжаларына жетишүүнү жеткиликтүү формада камсыз кылууга багытталган билим берүү программасы; ыңгайлаштырылган жекече билим берүү программасы (ЫЖБП) – конкреттүү билим алуучу үчүн анын майыптыгын жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктарын, жекече өзгөчөлүктөрүн, ден соолугунун абалын жана адистердин сунуштамаларын эске алуу менен предметтик стандарттардын негизинде иштелип чыккан, билим алуучунун билим берүү натыйжаларына жетишүүсүн жеткиликтүү формада камсыз кылууга багытталган билим берүү программасы; ассистивдик технологиялар – майыптыгы же өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдарга башка билим алуучулар менен бирдей билим алууга жардам берген атайын техникалык каражаттар, программалык камсыздоо, түзүлүштөр жана инструменттер. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Жалпы билим берүү философиясы
6. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү системасы жашоодо өз алдынча жана жоопкерчиликтүү тандоого, чыгармачылык жактан өзүн көрсөтүүгө, коомдо натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жана өлкөнүн турмушуна активдүү катышууга жөндөмдүү инсанды калыптандырууга багытталган:
1) өз билимин (тарбиялоо, өнүктүрүү жана окутуу) аңдап түшүнүүгө жана жоопкерчилик тартууга, өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга, сынчыл ой жүгүртүүгө, салмактуу чечимдерди кабыл алууга жана коомдо натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүү өз алдынча, жоопкерчиликтүү жана ийкемдүү инсан;
2) коомдун жана мамлекеттин турмушун жакшыртуу үчүн өзүн-өзү өнүктүрүүгө жөндөмдүү жана таанып-билүүгө, ойлоп табуучулукка, инновацияларга жана өзүн-өзү өркүндөтүүгө умтулган чыгармачыл жаратман жана эмгекчил адам;
3) натыйжалуу кызматташууга, маселелерди сапаттуу чечүүгө, тажрыйбанын негизинде дайыма билим алууга, командада иштөөгө, демилгелүүлүккө, өз аракеттери үчүн жоопкерчиликке даяр, жан тартууга жөндөмдүү, ачык, сезимтал жана өз дараметине ишенген адам;
4) өзүнүн мекенин сүйгөн жана ага берилген, жарандык аң-сезимге ээ, үй-бүлөсүнүн, коомдун жана мамлекеттин алдында жоопкерчиликтүү, ошондой эле өлкөнүн өнүгүшүндө жана гүлдөп-өсүшүндө өзүнүн ролун түшүнгөн Кыргыз Республикасынын жараны.
7. Жалпы билим берүү деңгээлинде калыптануучу башкы баалуулуктар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мекенчилдик - өз Мекенин сүйүү жана анын гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошууну каалоо, бул коомдун биримдиги үчүн маанилүү роль ойнойт;
2) чынчылдык жана адилеттүүлүк - коомдо ишеним жана өз ара урматтоодон курулган, адамдын моралдык турпаты жана башкалар менен өз ара аракеттенүү жөндөмүн аныктаган фундаменталдуу моралдык принциптер;
3) жоопкерчилик - ийгиликтүү жана гармониялуу жашоонун негизи. Жоопкерчиликтүү адам өзүнүн милдеттерин аткарат жана өз иш-аракеттеринин кесепеттерин кабыл алат, бул жеке жетилгендик жана жалпы коом үчүн маанилүү;
4) боорукердик жана жан тартуу - адамдардын ортосундагы колдоо көрсөтүү жана сый мамилелердин негизин түзөт. Башкаларга кам көрүү, эмпатия жана жардам берүү жөндөмдүүлүгү социалдык гармония үчүн абдан маанилүү;
5) эмгекчилдик жана ак ниеттүүлүк - сапаттуу натыйжа үчүн иштей билүү, эмгекте тырышчаак жана чынчыл болуу жашоодо жана бүтүндөй коомдо ийгиликке жетүү үчүн зарыл;
6) жаратылышка аяр мамиле жасоо - адамдын жашоосунун жана Жер бетиндеги жалпы тирүүлүктүн негизи катары жаратылыштын маанилүүлүгүн түшүнүүнү чагылдырган баалуулук;
7) туруктуу өнүгүү принциптерин кармануу - актуалдуу баалуулук, анткени дүйнө экологиялык жана социалдык чакырыктарга туш болууда. Келечек муундардын кызыкчылыктарын эске алуу жана узак мөөнөттүү кесепеттерди эске алуу менен аракеттенүү жөндөмү глобалдык жыргалчылык үчүн абдан маанилүү.
3-глава. Жалпы билим берүүнүн максаты, милдеттери, принциптери жана натыйжалары
8. Жалпы билим берүүнүн максаты билим алуучулардын туруктуу өнүгүү жана өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгүн кубаттоо үчүн зарыл болгон баалуулуктарга, негизги жана предметтик компетенттүүлүктөргө ээ болуусу үчүн сапаттуу билим берүү (тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүү) болуп саналат.
9. Жалпы билим берүүнүн милдеттери төмөнкүлөр:
1) инклюзия жана гендердик теңчилик принциптеринде бардык балдардын билим алуусуна бирдей жана адилеттүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
2) коопсуз жана өнүктүрүүчү окутуу чөйрөсүн түзүү;
3) Кыргыз Республикасынын элинин маданий, руханий адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарына тарбиялоонун шайкеш келишин камсыз кылуу;
4) жашоонун сергек мүнөзүн калыптандыруу жана жайылтуу;
5) коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана туруктуу колдонулушуна кам көрүү;
6) билим алуучуларда башка жакынкы жана алыскы коңшу элдин тилдерине, тарыхына жана маданиятына этнотолеранттуулукту калыптандыруу;
7) негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу;
8) билим алуучулардын адамзаттын илимий жана практикалык жетишкендиктеринин фундаменталдык негиздерин (фундаменталдык өзөгүн) сапаттуу өздөштүрүүсүн камсыз кылуу, бирдиктүү жана заманбап илимий дүйнө таанымынын негиздерин калыптандыруу;
9) билим алуучулардын заманбап экологиялык көйгөйлөрдү, дүйнөнүн аялуулугун, адам менен табияттын гармониялуу жашоосун аң-сезимдүү түшүнүүсүн камсыз кылуу, жашыл энергетиканын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, экосистемалардын булактарын коргоо жана аны түзгөн ар бир түргө жана көрүнүшкө аяр мамиле кылуу;
10) Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрүн, суу ресурстарын жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн түшүнгөн, туруктуу жаратылышты коргоо практикасын жана демилгелерин күнүмдүк жашоого киргизүүгө, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу, ошондой эле коопсуз жашоо-тиричилик боюнча билимдерди жана жүрүм-турум эрежелерин өздөштүрүүгө даяр экологиялык жоопкерчиликтүү муунду тарбиялоо.
11) өнүгүүсүндөгү бузулуунун тибин жана даражасын эске алуу менен өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн дифференцияланган жана ыңгайлаштырылган билим берүү процессин камсыз кылуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Мамстандарт билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, дидактика, улантуучулук принциптерине негизделет жана үзгүлтүксүз билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде билим берүү процессинин бүтүндүгүн жана анын ырааттуулугун камсыз кылуу менен мектепке чейинки билим берүү этабында өнүгө баштаган билим алуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандырууну улантууга багытталган.
11. Мамстандарт негизги компетенттүүлүктүн тизмегин жана калыптануу деңгээлдерин аныктайт.
Негизги компетенттүүлүктөрдүн алкагы модулдук-уя ыкмасына негизделген жана негизги компетенттүүлүктүн төмөнкүдөй түрлөрү менен берилген:
- таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүк компетенттүүлүк - билим алуучунун курчап турган дүйнөнү өз алдынча, аң-сезимдүү жана продуктивдүү таанып-билүүгө жана системалаштырылган билимдердин, өнүккөн жөндөмдөрдүн, көндүмдөрдүн негизинде практикалык ишке, ошондой эле өзүнүн таанып-билүүчүлүк активдүүлүк процессине жана натыйжаларына баалуулук-мазмундук мамиле жасоого жөндөмдүүлүгүн жана даярдыгын чагылдырган инсандын интегративдик мүнөздөмөсү;
- социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк - өнүккөн коммуникативдик көндүмдөрдүн, социалдык эмпатиянын жана этикалык жүрүм-турум ченемдеринин негизинде билим алуучунун ар кандай социалдык жана кесиптик контексттерде натыйжалуу инсандар аралык өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүүлүгүн жана даярдыгын чагылдырган инсандын интегративдик мүнөздөмөсү;
- эмоционалдык-инсандык компетенттүүлүк - билим алуучунун инсандар аралык өз ара аракеттенүү, өзүнүн жөндөмдөрүн ачуу жана социалдык чөйрөнүн өзгөрүп жаткан шарттарына ыңгайлашуу процессинде өзүнүн эмоцияларын жана башка адамдардын эмоцияларын билүүгө, жөнгө салууга жана конструктивдүү колдонууга жөндөмдүүлүгүн жана даярдыгын чагылдырган инсандын интегративдик мүнөздөмөсү;
- маалыматтык-санариптик компетенттүүлүк - билим алуучунун маалыматты издөө, талдоо, иштеп чыгуу, түзүү, көрсөтүү жана жайылтуу, ошондой эле санариптик чөйрөнүн шарттарында кесиптик, билим берүү жана инсандык милдеттерди чечүү үчүн санариптик технологияларды, маалыматтык ресурстарды жана медианы натыйжалуу пайдаланууга жөндөмдүүлүгүн жана даярдыгын чагылдырган инсандын интегративдик мүнөздөмөсү.
12. Предметтик компетенттүүлүк менен катар негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу - ар кандай кырдаалдардагы жаңы чакырыктарга ыңгайлашуу менен билим алуучунун чечим кабыл алуу, белгилүү кырдаалда аракеттенүү, күнүмдүк маселелерди чечүү, өз алдынча билим алуу комплекстик жөндөмдөрүн калыптандырууга багытталган жалпы билим берүүнүн жаңы өзгөчө маанилүү милдети болуп саналат.
13. Компетенттүүлүктөрдүн калыптануу деңгээлдерин аныктоо үчүн негиз болуп конкреттүү натыйжага жетүү (маселени/көйгөйдү чечүү) менен белгилүү бир жол аркылуу аракеттенүү жөндөмдүүлүгү саналат. Бул жөндөмдүүлүк тиешелүү билимдерге, көндүмдөргө жана мамилелерге негизделет.
14. Окутуунун натыйжаларын пландаштырууда жана окуудагы жетишкендиктерди баалоодо эске алынышы керек болгон негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн калыптанышынын үч деңгээли белгиленет:
1) репродуктивдик деңгээл билим алуучулардын берилген үлгүнү аткара билүүсү менен мүнөздөлөт (иш-аракетти аткаруунун белгиленген алгоритми);
2) продуктивдик деңгээл курамы боюнча жөнөкөй иш-аракетти жүзөгө ашыруу, өздөштүрүлгөн алгоритмди жаңы кырдаалда колдонуу жөндөмдүүлүгү менен мүнөздөлөт;
3) креативдик деңгээл өз алдынча конструкциялоо жана негиздөө элементтери менен татаал иш-аракеттерди жүзөгө ашырууну билдирет.
15. Окутуунун ар бир деңгээлинде билим алуучулар билим берүү шарттарын эске алуу менен курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык негизги жана предметтик компетенттүүлүктөргө ээ болушат. Негизги, предметтик компетенттүүлүктөрдү, инсандык сапаттарды, баалуулуктарды калыптандыруу процесстери билим алуучулар тартылган сабактардын, иш-чаралардын (окутуучу, тарбиялык, өнүктүрүүчү, кошумча ж.б.) предметтик мазмунуна жана окуунун форматтарына ылайык келүүсүн талап кылат.
16. Майыптыгы жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн төмөнкүлөр иштелип чыгат жана ишке ашырылат:
1) ыңгайлаштырылган билим берүү программасы (мындан ары – ЫБП);
2) ыңгайлаштырылган жекече билим берүү программасы (мындан ары – АЖБП).
ЫБП жана ЫЖБП мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү, балдарга жана эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билим берүүнүн мазмунун, окутуу шарттарын жана окутуунун пландаштырылган натыйжаларын ыңгайлаштыруу зарылдыгын эске алуу менен предметтик стандарттардын негизинде иштелип чыгат. Билим берүүнүн мазмунун ыңгайлаштыруу негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу багытын сактоо менен окуу материалынын көлөмүн, мазмунун жана өздөштүрүү темпин өзгөртүүгө жол берет. ЫБП жана (же) ЫЖБП төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ыңгайлаштырылган билим берүүнүн мазмунун жана окутуунун пландаштырылган натыйжаларын;
2) билим берүүчү жана түзөтүү-өнүктүрүүчү иш-чаралардын тизмегин жана аларды ишке ашыруу планын;
3) окутуунун жана тарбиялоонун атайын шарттарынын сыпатталышын;
4) билим алуучунун жеке прогрессине мониторинг жүргүзүү системасын;
5) окуу жүктөмүн ыңгайлаштырууну;
6) окутуунун методдорун, формаларын жана каражаттарын ыңгайлаштырууну;
7) баалоонун формаларын жана жол-жоболорун ыңгайлаштырууну.
ЫБПны жана ЫЖБПны ишке ашыруу педагогикалык кызматкерлердин, коштоп жүрүүчү адистердин жана билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Ыңгайлаштырылган билим берүү программаларын жана ыңгайлаштырылган жекече билим берүү программаларын түзүүнүн типтүү тартиби (мындан ары – Типтүү тартип) мектепке чейинки билим берүү, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдар менен чоңдор үчүн кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Билим берүү процессин уюштуруу
17. Жалпы билим берүү уюмдары үчүн базистик окуу планы (мындан ары - БОП) төмөнкү билим берүү деңгээлдери боюнча иштелип чыгат:
- башталгыч жалпы: 1-6-класстар;
- негизги жалпы: 7-9-класстар;
- орто жалпы: 10-12-класстар.
17¹. Майыптыгы жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн билим берүү процессинде төмөнкүлөр каралышы мүмкүн:
1) окуу жүктөмүн кайра бөлүштүрүү;
2) билим берүү программасын өздөштүрүү темпин өзгөртүү;
3) билим берүүнүн мазмунун жарым-жартылай модификациялоо;
4) түзөтүү-өнүктүрүүчү сабактарды киргизүү;
5) билим алуучуларды психологиялык-педагогикалык жана социалдык коштоону уюштуруу;
6) педагогдордун жана коштоо адистеринин өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
7) билим алуучулардын билим алуу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү.
Түзөтүү-өнүктүрүүчү сабактар билим берүү процессинин бир бөлүгү болуп саналат жана билим алуучулардын окуу жүктөмүн аныктоодо эске алынат. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык) 17². Көрүүсү жана угуусу бузулган билим алуучулар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн билим берүү уюмдары төмөнкүлөр каралган атайын окуу шарттарын түзөт:
1) окуу материалдарын жеткиликтүү форматтарда колдонуу, анын ичинде Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифти менен, чоңойтулган шрифтте аткарылган, электрондук жана аудио форматтагы материалдар;
2) окуу маалыматтарын берүүнүн визуалдык, үн жана башка альтернативдүү ыкмаларын колдонуу;
3) Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифтинин негиздерин жана (же) жаңсоо тилин билген педагогикалык кызматкерлерди жана адистерди тартуу же билим алуучуну тиешелүү коштоп жүрүүнү камсыз кылуу;
4) билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу атайын техникалык каражаттарды жана ассистивдик технологияларды колдонуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
18. БОП башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү боюнча окуу предметтеринин тизмегин жана билим алуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша окуу жүктөмүнүн көлөмүн белгилейт, бүтүндөй педагогикалык процессти уюштурууга жана жүргүзүүгө карата талаптарды ишке ашырат.
19. БОП беш күндүк жана/же алты күндүк окуу жумасында билим алуучулардын жумалык жана окуу жүктөмүнүн чегин класстар боюнча таблицага ылайык төмөнкү көлөмдө (саат менен) белгилейт:
Таблица
| Класстар | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
| Жумалык окуу жүктөмү | 21 | 23 | 23 | 23 | 28 | 29 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 |
| Окуу жүктөмүнүн чеги | 21 | 23 | 23 | 23 | 29 | 30 | 32 | 33 | 33 | 34 | 34 | 34 |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык) 19¹. Майыптыгы жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн окуу жүктөмүнүн өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөргө жол берет:
1) окуу жүктөмүнүн көлөмүн жана түзүмүн дифференциялоого;
2) окуу сааттарын кайра бөлүштүрүүгө;
3) билим берүү программасын өздөштүрүү темпин жекелештирүүгө;
4) билим берүүнүн мазмунун ыңгайлаштырууга;
5) окутуунун атайын методдорун колдонууга;
6) атайын техникалык жана программалык каражаттарды пайдаланууга;
7) окуудагы жетишкендиктерди баалоонун формаларын жана жол-жоболорун ыңгайлаштырууга.
Окуу жүктөмүнүн конкреттүү параметрлери ЫБПда жана (же) ЫЖБПда окутуунун жана тарбиялоонун атайын шарттарын түзүүнүн, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана билим алуучунун жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окутуунун пландаштырылган натыйжаларынын жетишкендиктерин камсыз кылуунун зарылдыгын эске алуу менен базистик окуу планынын негизинде белгиленет. Окуу жүктөмүнүн өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле ЫБПны жана ЫЖБПны иштеп чыгууну, бекитүүнү жана ишке ашырууну аныктоо мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдар менен эрезеге жеткендер үчүн кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Типтүү тартипте белгиленет. Көрсөтүлгөн билим алуучулар үчүн билим берүү процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү окутуунун жана тарбиялоонун атайын шарттарын түзүүнү, ошондой эле билим алуучунун жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окутуунун пландаштырылган натыйжаларына жетишүүнү камсыз кылууга тийиш. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Мамстандартта төмөнкүдөй билим берүү чөйрөлөрү бөлүнөт, алардын ар бири БОПто бекитилген төмөнкүдөй окуу предметтеринен турат:
- филологиялык;
- социалдык;
- математикалык;
- табигый-илимий;
- искусство жана технологиялар;
- ден соолук маданияты.
21. Жалпы билим берүүнүн жогорку деңгээлдеринде билим алуучуларга окутууну дифференциациялоого жана жекелештирүүгө багытталган профилдик окутуунун багытын тандоо мүмкүнчүлүгү берилет, ал билим берүү процессинин түзүмүндөгү, мазмунундагы жана уюштурулушундагы өзгөрүүлөрдүн эсебинен билим берүүнү улантууга же эмгек рыногуна чыгууга карата билим алуучунун кесиптик кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына ылайык анын кызыкчылыктарын, шыгын жана жөндөмдүүлүгүн эске алууга мүмкүндүк берет.
5-глава. Баалоо системасы
22. Билим алуучулардын билим берүүдөгү жеке жетишкендиктерин жана прогрессин өлчөө үчүн класста баалоонун: диагностикалык, калыптандыруучу (формативдик) жана суммативдик үч түрү колдонулат.
Диагностикалык баалоо - окуу процессин ыңгайлаштыруу жана билим алуучунун андан кийинки прогрессин баалоо үчүн белгилүү бир чөйрөдөгү компетенттүүлүктүн, билимдин же көндүмдөрдүн баштапкы деңгээлин аныктоо үчүн колдонулат. Диагностикалык баалоонун натыйжасы сыпаттоо түрүндө катталат, алар жалпыланат жана педагог үчүн окутуу милдеттерин жана билим алуучу үчүн окуу милдеттерин коюу аркылуу окутуу процессине түзөтүүлөрдү киргизүү жана өркүндөтүү үчүн негиз болот. Калыптандыруучу (формативдик) баалоо - окутуу процессин өз убагында түзөтүү, пландаштырууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана конструктивдүү кайтарым байланыш берүү аркылуу өз убагында колдоо көрсөтүү максатында билим алуучунун окутуу процессине байкоо жүргүзүүнүн жана маалымат чогултуунун максаттуу багытталган үзгүлтүксүз процесси. Суммативдик баалоо - билим алуучулардын билиминин окутуу стандарттарынын ченемдерине жана талаптарына дал келүүсүн белгилөө, окутуунун пландаштырылган натыйжаларын өздөштүрүү деңгээлин аныктоо. Суммативдик баалоо системалуу түрдө окуу бөлүмү, темасы, окуу мезгили (чейректик, жарым жылдык, жылдык) аяктагандан кийин натыйжаларды аныктоо үчүн класс ичинде, ошондой эле тышкы экзамендер, жыйынтыктоочу аттестация жана тестирлөө түрүндө жүргүзүлөт.
23. Окутуунун деңгээлдери боюнча баалоонун өзгөчөлүктөрү.
1-3-класстарда баа коюлбаган система колдонулат - жетишкендиктерди баалоо педагогго окутуунун оптималдуу методикасын тандоого мүмкүндүк берүүчү сапаттык мүнөздөмөлөр түрүндө ишке ашырылат. Жазуу жүзүндө же оозеки түрдө сапатты сыпаттоочу баалоого гана жол берилет. Төмөнкүлөр бааланбайт: билим алуучунун ишинин темпи, инсандык сапаттары, алардын психикалык процесстеринин өзгөчөлүгү (эс тутумдун, көңүл буруунун, кабылдоонун өзгөчөлүктөрү, ишинин темпи ж.б.). 4-6-класстарда академиялык жетишкендиктерге байкоо жүргүзүү, аларды көз карандысыз баалоо изилдөөлөрүнүн натыйжалары менен салыштыруу, ошондой эле билим берүүнүн кийинки деңгээлинде окууга даярдыгынын деңгээлин аныктоо үчүн баллдык система киргизилет. Башталгыч жалпы билим берүүнү аяктагандан кийин башталгыч жалпы билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүнө тестирлөө жүргүзүлөт, ал тил, окуу, математикалык жана табигый-илимий сабаттуулуктун негизги түрлөрү боюнча окутуунун пландаштырылган натыйжаларына ылайык жеке жетишкендиктерди баалоо мүмкүндүгүн берет. Башталгыч жалпы билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн тестирлөөнүн натыйжалары улуттук деңгээлдеги башталгыч жалпы билим берүүнүн сапатын баалоо үчүн дагы колдонулат. Билим алуучунун инсандык өнүгүү көрсөткүчтөрү билим алуучу, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлү) жана негизги жалпы билим берүү уюмунун педагогдору үчүн сунуштар менен сыпаттоочу мүнөздөмө катары белгиленет. 7-12-класстарда класс ичиндеги баалоо критериалдык, билим берүүнүн натыйжаларына карата прогрессти аныктоого, окутуунун ички мотивациясына дем берүүгө, өзүн-өзү баалоо, өзүн-өзү талдоо жана өз ара баалоо көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. 8-класста кесипке багыт берүү максатында билим алуучулардын жөндөмдүүлүктөрүнө диагностика жүргүзүлөт, анын натыйжалары окуу предметтери боюнча жыйынтыктоочу бааларга таасир этпейт. 9-классты аяктагандан кийин билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктаган форматта мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация өткөрүлөт. 12-классты аяктагандан кийин жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүлөт, анын форматы жана мазмуну профилдештирүү багыттарын эске алат. Окутуунун жана бүтүрүү экзамендеринин жыйынтыктоочу баллдары кесиптик окуу жайларына тапшырууда профилдик предметтер боюнча суммалык балл түрүндө эсепке алынат.
24. Баалоонун ченемдери жана критерийлери, ошондой эле суммативдик баалоонун негизги түрлөрү жана формалары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү предметтик стандарттар менен регламенттелет.
24¹. Майыптыгы жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн баалоону уюштуруунун жана жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдар менен эрезеге жеткендер үчүн кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Майыптыгы жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн, ден соолугунун абалын, функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана өзгөчө билим берүү муктаждыктарын эске алуу менен билим алуучунун жеке прогрессин жана окутуунун пландаштырылган натыйжаларына жетишүү даражасын объективдүү баалоону камсыз кылуучу баалоонун ыңгайлаштырылган формалары жана шарттары колдонулат. Баалоонун формаларын жана шарттарын ыңгайлаштырууда төмөнкүлөр каралышы мүмкүн:
1) тапшырмаларды жана жоопторду берүү формасын өзгөртүү (оозеки, жазуу жүзүндөгү, практикалык, альтернативдүү);
2) баалоо тапшырмаларын аткаруу убактысын узартуу;
3) атайын техникалык жана программалык каражаттарды колдонуу;
4) баалоо жүргүзүүнүн уюштуруучулук шарттарын өзгөртүү;
5) баалоонун жеткиликтүүлүгүн жана объективдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган башка чаралар.
Баалоо билим алуучунун жеке прогрессин жана ЫБПда жана (же) ЫЖБПда аныкталган окутуунун пландаштырылган натыйжаларын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Өзгөчө учурларда, медициналык көрсөтмөлөр болгондо жана психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын жана (же) медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүү формасын өзгөртүүгө, баалоонун айрым түрлөрүн башка формалар менен алмаштырууга же баалоонун айрым түрлөрүнөн бошотууга мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдар менен эрезеге жеткендер үчүн кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тартипте жол берилет. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
| | | Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына тиркеме |
ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НЕГИЗГИ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨР АЛКАГЫ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-марты № 131 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.03.2025 · № 131
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 «Кыргыз…Постановление · 20.08.2026 · № 563
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.