Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268 жана 297-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 2-сентябры № 596
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268 жана 297-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгүн, 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган медициналык буюмдардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүдө колдонулуучу баштапкы материалдардын тизмеги 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте 2026-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүү жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын;
2) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде кошумча нарк салыгын төлөө менен мурда ташып келинген товардык запастарды эске алуу менен, баалары жөнгө салынууга тийиш болгон дары препараттарына акыркы чекене жана дүң бааларды кайра эсептөөнү камсыз кылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-августундагы № 539 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268 жана 297-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 5-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 66 (3826) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган медициналык буюмдардын тизмеги (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Перечень · 02.09.2026 · № 596
- Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүдө колдонулуучу баштапкы материалдардын…Перечень · 02.09.2026 · № 596
- Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын тизмеги (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Перечень · 02.09.2026 · № 596
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабры № 811 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна…Постановление · 18.12.2025 · № 811
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-авугстундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268 жана 297-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 29.08.2025 · № 539 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын тизмеги (1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер…Перечень · 29.08.2025 · № 539 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабры № 811 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна…Постановление · 18.12.2025 · № 811
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-авугстундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268 жана 297-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 29.08.2025 · № 539 · Күчүн жоготкон