Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна) тиркеме
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
| | | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 525 токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип баш аламан таштанды жайларын минималдаштырууга багытталган мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуу моделин калыптандыруу, полигондорду жайгаштыруу жана унификациялоо аркылуу өндүрүштө ресурстарды кайрадан максималдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында керектөө калдыктарын көмүү үчүн полигондорду долбоорлоону, курууну жана рекультивациялоону жөнгө салат.
2. Курамында пайдалуу компоненттери бар калдыктардын түрлөрүнүн тизмесине киргизилген калдыктарды керектөө калдыктарынын полигондоруна көмүүгө тыюу салынат.
3. Керектөө калдыктарынын полигондоруна уулуу, радиоактивдүү жана Б, В, Г, Д классындагы медициналык кооптуу калдыктарды жайгаштырууга тыюу салынат.
2-глава. Негизги түшүнүктөр
4. Бул Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) керектөө калдыктары - физикалык же моралдык жактан эскиришинин натыйжасында керектөө касиеттерин жоготкон буюмдар, материалдар жана заттар. Керектөө калдыктарына адамдардын жашоо-тиричилигинин процессинде пайда болгон катуу тиричилик калдыктары да кирет;
2) керектөө калдыктарынын полигону - керектөө калдыктарын жайгаштыруу, изоляциялоо жана зыянсыздандыруу үчүн арналган, айлана-чөйрөнү булгануудан коргоону жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуучу инженердик курулмалар комплекси;
3) жумушчу карта - керектөө калдыктарын этабы менен жайгаштыруу (көмүү), андан кийин аларды тыгыздоо жана изоляциялоо үчүн арналган полигондун инженердик жактан даярдалган участогу;
4) полигонду эксплуатациялоонун кезеги - полигондун аймагынын этабы менен пайдаланууга берилүүчү жана белгиленген эксплуатациялоо мөөнөтүнүн ичинде калдыктарды кабыл алууну камсыз кылуучу бөлүгү;
5) ишке киргизүү комплекси - полигонду баштапкы этапта эксплуатациялоону камсыз кылуучу анын биринчи кезегинин минималдуу зарыл бөлүгү;
6) калдыктарды көмүү - булгоочу заттардын айлана-чөйрөгө түшүшүнө жол бербөөгө багытталган жана аларды андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган атайын сактагычтарда калдыктарды изоляциялоо;
7) калдыктарды изоляциялоо - айлана-чөйрөгө терс таасирин болтурбоо максатында жайгаштырылган керектөө калдыктарын инерттүү материалдын катмарлары менен жабуу боюнча иш-чаралардын комплекси;
8) полигонду рекультивациялоо - полигонду эксплуатациялоо аяктагандан кийин бузулган жерлерди калыбына келтирүү жана аларды коопсуз абалга келтирүү боюнча инженердик-техникалык жана экологиялык иш-чаралардын комплекси;
9) фильтрат - атмосфералык жаан-чачындар менен калдыктардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында полигондун ичинде пайда болгон, курамында эриген жана калкыма заттар бар, чогултулууга, чыгарылууга жана тазаланууга тийиш болгон суюктук;
10) дренаждык система - полигондун аймагынан фильтратты жана жер үстүндөгү сууларды чогултуу жана чыгаруу үчүн арналган инженердик курулмалардын комплекси;
11) фильтрацияга каршы экран - булганган суулардын полигондун топурак негизине сиңишине жол бербөө үчүн арналган табигый же жасалма материалдардан түзүлгөн инженердик система;
12) биогаз - полигондун ичинде органикалык калдыктардын анаэробдук ажыроосунун натыйжасында пайда болгон газ түрүндөгү аралашма;
13) дегазация системасы - контролдонбогон бөлүнүп чыгууларды алдын алуу максатында полигондун ичинен биогазды чогултуу жана чыгаруу үчүн арналган инженердик система;
14) үймө топурак (кавальер) - калдыктарды изоляциялоо, жабууларды жайгаштыруу жана рекультивациялоо үчүн полигонду курууда жана эксплуатациялоодо колдонулуучу инерттүү топурак (кум, чопо же алардын аралашмасы);
15) санитардык-коргоо зонасы - санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн белгиленүүчү полигонду турак жай курулуштарынан жана санитардык коргоону талап кылган башка объекттерден бөлүп турган аймак;
16) рекреациялык зона - калктын эс алуусу жана ден соолугун чыңдоо үчүн арналган аймак;
17) суу агызуучу канава - полигондун аймагынан жер үстүндөгү (жамгыр жана эриген кар) сууларды тосуп калуу жана чыгарып кетүү үчүн арналган инженердик курулма;
18) полигондун оператору - полигонду эксплуатациялоо, анын коопсуздугу жана иштетүү учурунда технологиялык жана экологиялык талаптардын сакталышы үчүн жооптуу жеке же юридикалык жак;
19) долбоордук-сметалык документтер - керектөө калдыктарынын полигонун куруу, эксплуатациялоо жана жабуу үчүн зарыл болгон техникалык, технологиялык, архитектуралык жана экономикалык чечимдерди аныктаган документтердин комплекси;
20) долбоордук документтер - курулушту, реконструкциялоону, аймакты инженердик жактан даярдоону жана аны жайгаштырууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон архитектуралык-шаар куруу, көлөмдүк-пландоо, функциялык-технологиялык, конструкциялык, инженердик-техникалык жана башка чечимдерди камтыган графикалык, тексттик жана башка документтер;
21) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы - тиешелүү административдик-аймактык бирдикте калдыктар менен иштөө системасын уюштурууну жүзөгө ашыруучу орган;
22) айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - калдыктар менен иштөө жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө жөнгө салууну, координациялоону жана контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган.
3-глава. Полигон үчүн жер тилкесин тандоо жана изилдөө иштери
5. Керектөө калдыктарынын полигонун жайгаштыруу үчүн жер тилкесин тандоо тиешелүү административдик-аймактык бирдиктерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан коомдук пикирди эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
6. Полигонду жайгаштырууга мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгон учурда гана жол берилет.
7. Керектөө калдыктарынын полигонун жайгаштыруу үчүн жер тилкесин тандоодо төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
1) инженердик-геологиялык шарттар:
- чополуу же оор кумдак топурактуу жер тилкелерин пайдаланууга артыкчылык берилет;
- долбоордо каралган фильтрацияга каршы экрандар орнотулган шартта башка типтеги топурактарды пайдаланууга жол берилет;
- жер астындагы суулардын деңгээли полигондун долбоордук негизинен кеминде 3 м төмөн жайгашууга тийиш;
2) төмөнкү жерлерде полигонду жайгаштырууга жол берилбейт:
- саздарда жана саздак аймактарда;
- жер астындагы суулар жер бетине чыккан участоктордо (булактарда);
- сел жана нөшөр суулары каптоо коркунучу бар аймактарда;
- активдүү геологиялык жаракалар жана жер көчкү процесстери жүргөн зоналарда;
- калдыктарды көмүү объекттерин жайгаштырууга чектөө коюлган жаратылышты пайдалануунун өзгөчө режими бар аймактарда;
3) жайгаштыруу шарттары:
- полигонду жайгаштыруу колдонуудагы ченемдик документтерге ылайык санитардык-коргоо зонасынын жана авиациялык коопсуздуктун талаптарынын сакталышын камсыз кылууга тийиш;
- токой фондунун жерлерин пайдаланууга баалуу токой өсүмдүктөрү жок участоктордо жана жерлер белгиленген тартипте тиешелүү категорияга которулган шартта гана жол берилет;
- жер тилкесин тандоодо инженердик жактан даярдалган иштетилип бүткөн карьерлерди жана рельефтин төмөн жайгашкан формаларын пайдаланууга жол берилет.
8. Жер тилкесин бөлүп берүүдө жана долбоордук-уруксат берүүчү документтерин тариздөөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары полигон жабылгандан кийин аймакты андан ары пайдалануунун шарттары белгиленет.
Мындай участоктордо капиталдык курулуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгү рекультивациялоо аяктагандан кийин кошумча инженердик изилдөөлөрдүн жана долбоордук чечимдердин негизинде аныкталат.
9. Полигон үчүн бөлүнүүчү жер тилкесинин аянты ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык аны эксплуатациялоо 15-20 жылдан кем эмес мөөнөттү түзгөн шарты менен тандалат.
10. Керектөө калдыктарынын полигону үчүн бөлүнүүчү жер тилкелери төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) жер тилкесинин формасы мүмкүн болушунча чарчы формага жакын болууга тийиш;
2) жер тилкесинин өлчөмдөрү жана конфигурациясы тышкы эңиштерди кеминде 1:4 катышында жайгаштырууну эске алуу менен калдыктарды көмүүнүн максималдуу бийиктигине жетүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш;
3) эңиштердин туруктуулугун камсыз кылган инженердик-геологиялык шарттар болгон учурда алардын жайгаштырылышын өзгөртүүгө жол берилет. Эңиштердин параметрлерин өзгөртүү долбоордук документтерде чагылдырылган туруктуулук боюнча эсептөөлөр болгон учурда гана жол берилет.
11. Тандалган участокто топографиялык съемка, инженердик-геологиялык, гидрогеологиялык жана санитардык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Полигонду долбоорлоо үчүн рельефтин 1 м кесилиши менен 1:1000 масштабындагы топографиялык план түзүлөт. Чарбалык зонанын, инженердик курулмалардын жана тышкы коммуникациялардын планы рельефтин 0,5 м кесилиши менен 1:500 масштабында (же узун тармактар үчүн 1:1000 масштабында) аткарылат.
12. Геологиялык изилдөөлөр полигондун негизин түзгөн породалардын стратиграфиялык түзүлүшүн, калыңдыгын жана курамын, жер астындагы суулардын деңгээлин жана алардын агым багытын, ошондой эле топурактардын фильтрация коэффициенттерин аныктоону камсыз кылууга тийиш.
13. Ар түрдүү курамдагы топурактар болгон учурда геологиялык чалгындоонун тереңдиги кеминде 10 метрди түзүүгө тийиш. Чалгындоо суу катмарына чейин жүргүзүлүп, ага 1-1,5 метр тереңдетилет.
14. Полигонду жер үстүндөгү (жамгыр жана эриген кар) суулардын агымынан коргоочу суу агызуучу канаваларды эсептөө үчүн атмосфералык жаан-чачындардын интенсивдүүлүгү, буулануу көрсөткүчтөрү жана суу чогултуу аянты жөнүндө маалыматтар топтолот.
15. Геологиялык жана гидрогеологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча полигондун оператору төмөнкүлөрдү даярдоону камсыз кылат:
1) скважиналардын жайгашуу планы;
2) инженердик-геологиялык профилдер (кесилиштер);
3) жер тилкесинин керектөө калдыктарынын полигонун жайгаштырууга жарактуулугу жөнүндө корутунду;
4) айлана-чөйрөнү инженердик жактан коргоо боюнча сунуштар.
4-глава. Полигондорду долбоорлоо
16. Полигондорду долбоорлоонун шарттарын аныктоочу документтерди даярдоо жана берүү, долбоордук документтерди макулдашуу, долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү, ошондой эле курулушу аяктаган объектти пайдаланууга киргизүүдө анын шайкештигин баалоо Кыргыз Республикасынын архитектуралык, шаар куруу жана курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
17. Иштелип чыккан долбоордук документтер, анын ичинде айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо материалдары, Кыргыз Республикасынын экологиялык экспертиза жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө милдеттүү түрдө мамлекеттик экологиялык экспертизадан жана долбоордук документтердин мамлекеттик экспертизасынан өткөрүлүүгө тийиш. Керектөө калдыктарынын полигонун куруу долбоорун көрсөтүлгөн экспертизалардын оң корутундуларысыз ишке ашырууга тыюу салынат.
5-глава. Полигондун сыйымдуулугун эсептөө
18. Полигондун долбоордук сыйымдуулугу керектөө калдыктарын көмүү үчүн талап кылынган жер тилкесинин аянтын негиздөө максатында эсептелет. Эсептөө бир жашоочуга туура келген керектөө калдыктарынын топтолушунун орточо жылдык ченемин (мекемелерден жана уюмдардан чыккан керектөө калдыктарын кошкондо), полигон тейлеген калктын санын, полигондун эсептик эксплуатациялоо мөөнөтүн жана полигондогу керектөө калдыктарынын тыгыздалуу даражасын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Полигондордо колдонулуучу машиналардын жана механизмдердин өндүрүмдүүлүгүн эске алуу менен кабыл алынуучу керектөө калдыктарынын жылдык көлөмү боюнча курулмалардын төмөнкүдөй классификациясы белгиленет:
- чакан - жылына 50 миң м3 чейин;
- орточо - жылына 50-200 миң м3;
- ири - жылына 200-500 миң м3;
- өтө ири - жылына 500 миң м3ден ашык.
19. Керектөө калдыктарын көмүү үчүн бөлүп берүүгө талап кылынган жер тилкесинин аянты полигондун долбоордук сыйымдуулугун куб. метр менен калдыктардын орточо көмүү бийиктигине, аларды тыгыздоону эске алып, метр менен бөлүү аркылуу аныкталат.
20. Полигонду долбоорлоо бөлүнүп берилген жер тилкесинин планынын негизинде жүргүзүлөт. Полигондун сыйымдуулугун эсептөө ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык технологиялык пландар жана кесилиштердин негизинде аныкталат.
6-глава. Полигондун схемасы
21. Керектөө калдыктарынын полигону төмөнкү элементтерди камтыйт:
1) керектөө калдыктарын көмүү участогу;
2) сорттоо участогу;
3) майдалоо, брикеттөө, компосттоо участогу (зарыл болгон учурда чакан полигондор үчүн);
4) контролдоо-өткөрүү пункту;
5) кирүүчү жол;
6) административдик-тиричилик корпусу;
7) чарбалык зона;
8) инженердик курулмалар жана коммуникациялар;
9) тараза;
10) устакана, транспорт каражаттары үчүн токтотмо жай;
11) күйүүчү-майлоочу материалдардын кампасы (зарыл болгон учурда);
12) электр менен камсыздоо объекттери, өрткө каршы системанын объекттери жана полигондун иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка объекттер;
13) зыянсыздандыруу пункту, радиометриялык контролдоо пункту (зарыл болгон учурда чакан полигондор үчүн);
14) термикалык жок кылуу участогу, Беккари чуңкуру (зарыл болгон учурда чакан полигондор үчүн);
15) кооптуу калдыктарды убактылуу сактоо участогу.
22. Кирүүчү жол колдонуудагы транспорттук магистралды керектөө калдыктарын көмүү участогу менен байланыштырат. Кирүүчү жол эки тараптуу кыймылга эсептелүүгө тийиш. Кирүүчү автожолунун категориясы жана негизги параметрлери кыймылдын эсептик интенсивдүүлүгүнө (автомобиль/сутка) ылайык аныкталат.
23. Керектөө калдыктарын көмүү участогу төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) полигондун долбоордук кубаттуулугун эске алуу менен каралууга тийиш;
2) эксплуатациялоо кезектерине бөлүнүүгө тийиш, алардын ар бири калдыктарды 3-5 жыл ичинде кабыл алууну камсыз кылууга тийиш, биринчи кезектин курамында эксплуатациялоо мөөнөтү 1-2 жылга эсептелген ишке киргизүү комплекси каралат;
3) калдыктарды ярустар боюнча жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, ар бир ярустун бийиктиги 2,0-2,5 м түзүүгө тийиш;
4) суу чыгаруучу курулмаларды уюштуруу аркылуу жанаша аймактардан жер үстүндөгү суулардын түшүүсүнөн коргоону камсыз кылууга тийиш;
5) суу агызуучу канавадан 1-2 м аралыкта жайгаштырылуучу тосмосу болууга тийиш;
6) долбоордук документтерде каралган жашылдандыруу, инженердик коммуникациялар жана башка объекттерди жайгаштыруу үчүн периметри боюнча туурасы 5-8 м болгон коргоо тилкесин караштырууга тийиш.
24. Полигондун чарбалык зонасы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) полигондун аймагына кире беришке жакын жайгаштырылып, аны эксплуатациялоонун бардык этаптарында жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга тийиш;
2) полигонду эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон административдик-тиричилик, өндүрүштүк жана башка курулмаларды жайгаштырууну караштырууга тийиш;
3) жер тилкесинин конфигурациясын жана полигонду эксплуатациялоо кезектүүлүгүн эске алуу менен жайгаштырылууга тийиш;
4) полигондун долбоордук кубаттуулугуна жана технологиялык муктаждыктарына жараша анын жалпы аянтынын 5%дан 15%га чейинки бөлүгүн ээлөөгө тийиш.
7-глава. Көмүү участогун долбоорлоо
25. Калдыктарды жайгаштыруу участогунда жердин рельефине жана гидрогеологиялык шарттарына жараша калдыктарды жайгаштыруунун чуңкурдук, жер үстүндөгү же сайлык схемасы каралат. Калдыктарды жайгаштыруу схемасын тандоо аянттын инженердик-геологиялык, гидрогеологиялык жана сейсмикалык шарттары менен аныкталат жана долбоордук документтерде негизделет.
Чуңкур курулган учурда жер астындагы суулардын деңгээли анын түбүнүн белгиленген деңгээлинен кеминде 3 м төмөн жайгашууга тийиш.
26. Полигондун чуңкуру долбоорлоо стадиясында жана эксплуатациялоо мезгилинде биогазды чогултуу жана чыгаруу системасы (газ чыгаруучу система) менен жабдылууга тийиш. Газ чыгаруучу система полигонду эксплуатациялоо мезгилинде жана ал жабылгандан кийин калдыктарды турукташтыруу процесстери аяктаганга чейин иштеп турууга тийиш.
27. Чуңкурдун түбү фильтратты чогултуу системасына келип түшүүсүн жана андан ары топтолушун камсыз кылуучу дренаждык системага карай эңкейиш менен долбоорлонууга тийиш.
28. Полигондо пайда болгон фильтрат айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарына, суунун сапатынын ченемдерине жана борборлоштурулган суу агызуу системаларына же суу объекттерине агызуу үчүн булгоочу заттардын жол берилген чектүү концентрацияларына ылайык көрсөткүчтөргө чейин чогултулууга, чыгарылууга жана тазаланууга тийиш.
29. Керектөө калдыктарынын бардык полигондору үчүн фильтрацияга каршы экранды орнотуу милдеттүү болуп саналат.
Экрандын эки негизги вариантына жол берилет:
- айкалыштырылган экран;
- чопо экран (мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгон учурда гана).
30. Айкалыштырылган фильтрацияга каршы экран төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) калыңдыгы кеминде 1,5 мм болгон геомембрана катмары (HDPE же анын аналогу);
2) калыңдыгы кеминде 0,3-0,5 м болгон, фильтрация коэффициенти 10-6 см/с ашпаган чоподон же оор кумдак топурактан турган коргоочу катмар;
3) экрандын үстүнкү бөлүгүндө калыңдыгы кеминде 0,3 м болгон жергиликтүү топурактан же геотекстилден жасалган коргоочу катмар.
31. Фильтрацияга каршы экранга коюлуучу талаптар:
1) геомембрана тешилүүгө жана фильтраттын химиялык таасирине туруктуу болууга тийиш;
2) жалпы экрандын фильтрация коэффициенти 10-7 см/с ашпоого тийиш;
3) фильтратты чогултуу үчүн экрандын үстүнө калыңдыгы кеминде 0,3 м болгон дренаждык катмар милдеттүү түрдө орнотулат;
4) чопо экранды (геомембранасыз) колдонууга төмөнкү учурларда жол берилет:
- жер астындагы суулардын деңгээли жумушчу карталардын негизинен 6 м кем эмес төмөн жайгашканда;
- негизде калыңдыгы 5-6 м кем эмес болгон, фильтрация коэффициенти 10-5 см/с ашпаган табигый чопо же кумдак чопо катмары болгондо;
- мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо;
5) экран боюнча бардык долбоордук чечимдер долбоордук документтерде негизделүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
32. Керектөө калдыктарын сактоо объектин сайдын аймагына жайгаштырууда төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
1) жер тилкесинин чегине жанаша суу чогултуучу аймактан сактоо объектин көздөй агып келген жер үстүндөгү агын сууларды (жамгыр жана эриген кардын сууларын) тосуп алууну, чогултууну жана чыгарууну уюштуруу үчүн зарыл болгон аймактар киргизилүүгө тийиш;
2) калдыктарды орто аралык жана акыркы изоляциялоо үчүн топуракты иштетүү ушул Тартиптин 23-пунктунун талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш;
3) сайдын аймагы анын узундугу боюнча курулуш жана эксплуатациялоо кезектерине (этаптарына) бөлүнүп, өздөштүрүү сайдын жогорку бөлүгүнөн төмөнкү бөлүгүнө карай ырааттуу жүргүзүлөт;
4) курулуштун ар бир кезеги төмөнкү тарабынан калдыктардын жылышын алдын алуучу жана көмүү объектинин курулмаларынын туруктуулугун камсыз кылуучу кармап туруучу топурак плотинасы (дамбасы) менен тосулууга тийиш;
5) топурак плотиналарынын (дамбаларынын) конструкциясы, өлчөмдөрү жана параметрлери инженердик-геологиялык, гидрогеологиялык жана башка инженердик изилдөөлөрдүн негизинде, ошондой эле суу менен каныккан калдыктардын, фильтраттын жана жер үстүндөгү суулардын таасирин камтыган эң жагымсыз жүктөмдөрдүн айкалышын эске алуу менен аткарылган туруктуулук жана бекемдик эсептөөлөрүнүн негизинде долбоордук документтер менен аныкталат;
6) топурак плотиналары (дамбалары) полигондун ичинин, эңиштердин жана көмүү объектинин башка курулмаларынын туруктуулугун эксплуатациялоонун бардык мезгилинде жана жабылгандан кийин рекультивациялоо боюнча чаралар аяктаганга чейин камсыз кылууга тийиш.
33. Керектөө калдыктарын көмүүнүн траншеялык схемасы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) көмүү участогунда тереңдиги 3-6 м жана үстүнкү туурасы 6-12 м болгон траншеялар долбоорлонууга тийиш;
2) траншеялар басымдуу шамалдардын багытына перпендикулярдуу долбоорлонууга тийиш;
3) траншеяларды казууда алынган топурак керектөө калдыктарын орто аралык жана акыркы изоляциялоо үчүн пайдаланылууга тийиш;
4) климаттык шарттарга байланыштуу фильтраттын пайда болушу күтүлгөн учурда (атмосфералык жаан-чачындар, кардын эриши), траншеянын негизи тереңдиги 0,5 м кем эмес болгон чополуу топурактардын чектеринде жайгашууга тийиш;
5) траншеянын узундугу температура 0 °C жогору болгон мезгилде керектөө калдыктарын 1-2 ай ичинде, ал эми температура 0 °C төмөн болгон мезгилде топурак толугу менен тоңгон мезгилдин ичинде кабыл алууну камсыз кылууга тийиш.
34. Керектөө калдыктарын сууга, ошондой эле саздак жана сел суулары каптоочу участокторго жайгаштырууга жол берилбейт.
35. Полигондорду төмөнкү аймактарда жайгаштырууга жол берилбейт:
1) суу булактарын жана минералдык булактарды санитардык коргоо зоналарынын аймактарында;
2) курортторду коргоо зоналарында;
3) суу өткөрүүчү горизонттордун жер бетине чыккан жерлеринде;
4) рекреациялык багыттагы аймактарда, анын ичинде калктын массалык эс алуу жайларында.
8-глава. Чарбалык зона жана инженердик курулмалар
36. Полигондун чарбалык зонасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кирүүчү жолдор;
2) керектөө калдыктарын көмүү, сактоо, сорттоо участоктору;
3) административдик-тиричилик корпусу (зарыл болгон учурда);
4) стационардык радиометриялык контролдоо пункту менен биргеликте контролдук-өткөрмө пункттары;
5) тараза;
6) калдыктарды майдалоо, брикеттөө, компосттоо жана термикалык жок кылуу участогу (зарыл болгон учурда чакан полигондор үчүн);
7) машиналарды жана механизмдерди токтотуу жана оңдоо үчүн гараждар, бастырмалары жана устаканалары бар аянтчалар;
8) күйүүчү-майлоочу материалдар кампасы, энергиялык ресурстарды, курулуш материалдарын, атайын кийимдерди, чарбалык шаймандарды сактоочу кампалар;
9) электр менен камсыздоо объекттери жана линиялары, ошондой эле башка курулмалар.
37. Чарбалык зонанын аймагыда катуу каптама, жарыктандыруу жана полигон тараптан кирүүчү жол болууга тийиш.
38. Туруктуу схема боюнча тышкы жарыктандыруу чарбалык зона үчүн гана каралат, суткалык карталар убактылуу схема боюнча жарыктандырылат.
39. Керектөө калдыктарынын полигонунун бардык аймагынын периметри боюнча тосмо долбоорлонот. Полигондун тосмосунда өндүрүштүк-тиричилик имаратынын жанында дарбаза же шлагбаум долбоорлонот.
40. Калдыктарды термикалык жок кылуу объекттерин долбоорлоого техникалык тапшырма саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш (эгерде мындай объекттер долбоордун курамында каралса).
9-глава. Санитардык-коргоо зонасы жана мониторинг системасы
41. Полигондун санитардык-коргоо зонасынын чегинде турак жай курулуш объекттерин, ошондой эле чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо скважиналарын жана кудуктарын жайгаштырууга жол берилбейт. Полигондун периметри боюнча жашыл көчөттөр же коргоочу топурак үймөлөрү жок болгон учурда, полигонду андан ары изоляциялоо жана рекультивациялоо үчүн зарыл болгон көлөмдө ошол жердеги топурактан коргоочу дөңсөөлөрдү түзүү каралат.
42. Мониторинг системасынын курамына жер астындагы жана жер үстүндөгү суулардын, атмосфералык абанын, топурактын, өсүмдүктөрдүн абалын, ошондой эле полигондун мүмкүн болуучу таасир этүү зонасындагы ызы-чуу таасирлеринин деңгээлин контролдоону камсыз кылуучу түзүлүштөр жана курулмалар кирет.
43. Гидрогеологиялык кызмат, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык органдары жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, жер астындагы суулардын абалын контролдоо үчүн алардын жайгашуу тереңдигин эске алуу менен полигондун жашыл зонасынын чегинде контролдук чуңкурларды, кудуктарды же скважиналарды казуу каралат. Бир контролдук курулма жер астындагы суулардын агымынын багыты боюнча полигондон жогору жайгаштырылып, полигондун фильтратынын таасирине кабылбаган суунун үлгүлөрүн алуу үчүн колдонулат.
44. Полигонду курууга долбоордук документтерде суу ресурстарынын сапатына мониторинг жана контролдоо системасынын алкагында суунун үлгүлөрүн алууга арналган үлгүлөрдү алуу курулмаларын жана жабдууларын орнотууга чыгымдар каралууга тийиш.
45. Мониторинг системасы полигондун таасир этүү зонасында атмосфералык абанын абалына туруктуу байкоо жүргүзүүнү карайт. Аба чөйрөсүнүн сапатын контролдоо максатында керектөө калдыктарынын биохимиялык ажыроо процесстерин мүнөздөгөн жана экологиялык, санитардык-гигиеналык жактан потенциалдуу коркунуч туудурган булгоочу заттардын камтылышына полигондун иштетилип бүткөн участокторунун үстүндөгү, ошондой эле санитардык-коргоо зонасынын чек арасындагы атмосфералык абадан үлгүлөр квартал сайын алынат жана талдоо жүргүзүлөт.
46. Контролдолуучу көрсөткүчтөрдүн тизмеги жана үлгүлөрдү алуу мезгилдүүлүгү полигондун мониторинг долбоору менен белгиленет жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
10-глава. Полигондорду эксплуатациялоо
47. Полигонду эксплуатациялоо учурунда иштерди уюштуруу анын коопсуз жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча төмөнкү талаптарды камтыган иш-чаралар комплексин аткарууну карайт:
1) полигондун оператору мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары менен макулдашылган өндүрүштүк контролдоо программасына ылайык өндүрүштүк контролду жүзөгө ашырат;
2) полигондун оператору керектөө калдыктарын кабыл алуу, жайгаштыруу (көмүү) жана изоляциялоо менен байланышкан негизги технологиялык процесстерди уюштурууну жана аткарууну камсыз кылат. Келип түшкөн калдыктарды эсепке алуу тыгыздалбаган абалдагы көлөмү боюнча жүргүзүлөт;
3) полигондогу иштерди уюштуруу долбоордук документтердин курамында иштелип чыгуучу жана полигондун оператору тарабынан бекитилүүчү эксплуатациялоонун технологиялык схемасына ылайык жүзөгө ашырылат. Технологиялык схема полигондун башкы планын билдирет, анда мезгилдик шарттарды эске алуу менен иштерди аткаруунун ырааттуулугу, керектөө калдыктарын көмүү участокторунун жана изоляциялоочу топуракты иштетүү зоналарынын жайгашуусу аныкталат;
4) полигондун өндүрүштүк ишин пландаштырууну регламенттөөчү негизги документ болуп эксплуатациялоонун жылдык графиги саналат. Графикте көмүү карталарын, ошондой эле калдыктарды изоляциялоо үчүн колдонулуучу топуракты иштетүү көлөмдөрүн көрсөтүү менен кабыл алынуучу керектөө калдыктарынын көлөмдөрүн ай сайын пландаштыруу каралат;
5) полигондо иштерди уюштуруу экологиялык коопсуздук талаптарынын сакталышын, механизация каражаттарынын жана жабдуулардын сарамжалдуу пайдаланылышын, ошондой эле эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга тийиш.
48. Кабыл алынган керектөө калдыктарынын саны жөнүндө маалыматтар ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык калдыктардын келип түшүүсүн эсепке алуу журналына катталууга тийиш.
49. Полигондун түшүрүү зонасын жана жумушчу картасын эксплуатациялоо төмөнкү тартипте жүзөгө ашырылат:
1) полигондо керектөө калдыктарын ташыган транспорт каражаттарын үзгүлтүксүз кабыл алуу жана түшүрүү камсыз кылынат;
2) калдыктарды түшүрүү жумушчу картанын районунда жүргүзүлөт;
3) жумушчу картанын алдында жайгашкан түшүрүү аянтчасы зарыл болгон учурда эки участокко бөлүнүшү мүмкүн;
4) транспорт каражаттарын аянтчага жайгаштыруу түшүрүүдөн кийин алардын коопсуз жана тоскоолдуксуз чыгып кетүүсүн камсыз кылууга тийиш.
50. Бир участоктогу түшүрүү жана тыгыздоо иштерине транспорт каражаттарын кабыл алуу мөөнөтү 1 сааттан 2 саатка чейин белгиленет.
51. Керектөө калдыктарын түшүрүү үчүн аянтча оор таштанды ташуучу унаалардын окторунан келип чыккан жүктөмдү көтөрүүнү камсыз кылуучу жана мезгилдик шарттарга карабастан жыл бою эксплуатациялоо мүмкүндүгүн берүүчү катуу каптама же темир-бетон плиталардан жасалган убактылуу каптама менен каралууга тийиш.
52. Полигондун жумушчу картасын эксплуатациялоо төмөнкү тартипте жүзөгө ашырылат:
1) транспорт каражаттарынан түшүрүлгөн керектөө калдыктары полигондун жумушчу картасына жайгаштырылат;
2) калдыктарды учурдагы сутканын ичинде жумушчу картанын сыртында жайгаштырууга жол берилбейт;
3) 30дан 150 м чейин узундукта жумушчу карталардын туурасы 5 м чейин, ал эми траншеялык көмүү ыкмасы үчүн - 12 м чейин каралат;
4) жумушчу картадагы калдыктарды жылдыруу катмардын бийиктигин 0,5 м чейин түзүү менен бульдозерлердин жардамы аркылуу жүргүзүлөт;
5) 5-10 катмарды ырааттуу тыгыздоодо транспорт каражаттарын түшүрүү аянтчасынын деңгээлине салыштырмалуу бийиктиги 2 м чейинки дөңсөө түзүлөт;
6) кийинки жумушчу карталар мурда түзүлгөн карталарга ырааттуу туташтыруу методу менен түзүлөт;
7) калдыктарды көмүү төмөндөн жогору карай жүргүзүлөт.
53. Калдыктарды катмарлап изоляциялоодо жумушчу картаны эксплуатациялоо төмөнкү тартипте жүзөгө ашырылат:
1) бийиктиги 2 м чейинки тыгыздалган керектөө калдыктарынын катмары калыңдыгы 0,25 м кем эмес топурак менен изоляциялоо керек;
2) калдыктарды тыгыздоо коэффициенти 3,5 жана андан ашык камсыз кылынганда изоляциялоочу катмардын калыңдыгын 0,15 м чейин азайтууга жол берилет;
3) транспорт каражаттарын жумушчу картанын алдында түшүрүү калдыктарды жайгаштыруу жана изоляциялоо түшүрүү зонасын коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылган жетиштүү көлөмдө жүргүзүлгөн участокто жүзөгө ашырылат;
4) жумушчу карталар толгон сайын көмүү фронту мурда жайгаштырылган жана изоляцияланган калдыктардын катмарларынан ырааттуу жылдырылат.
54. Керектөө калдыктарын көмүү максатында "түртүп түшүрүү" методу менен жайгаштыруу төмөнкү тартипте жүзөгө ашырылат:
1) сактоо жумушчу карта боюнча жогорудан төмөн карай ырааттуу жылдыруу менен катмарлап жүргүзүлөт;
2) үймөктүн максималдуу бийиктиги 2 м ашпоого тийиш;
3) таштанды ташуучу унааларды түшүрүү учурдагы көмүү фронтунун зонасындагы картанын жумушчу бетинде жүргүзүлөт;
4) карталар толгон сайын иштердин фронту мурда жайгаштырылган жана изоляцияланган калдыктар катмарына карай жылдырылат.
55. Таштанды ташуучу унаалардан түшүрүлгөн керектөө калдыктарын жумушчу картада жылдыруу (сүрүү) бардык түрдөгү бульдозерлер менен жүргүзүлөт.
56. Бульдозердик техниканын өндүрүмдүүлүгү камсыз кылынган жана көмүлүүчү калдыктардын тыгыздалышына жана туруктуулугуна карата талаптар сакталган шартта туурасы жана бийиктиги көбөйтүлгөн үймөктөрдү колдонууга жол берилет.
57. Жумушчу картада керектөө калдыктарын эксплуатациялоо жана тыгыздоо төмөнкү тартипте жүзөгө ашырылат:
1) тыгыздоо калыңдыгы 0,5 м чейинки катмарлар боюнча жүзөгө ашырылат;
2) калдыктарды тыгыздоо массасы кабыл алынуучу калдыктардын жылдык көлөмү боюнча полигондун категориясына жараша тандалган адистештирилген техника менен жүргүзүлөт:
- чакан полигондор үчүн (жылына 50 миң куб.м чейин) эксплуатациялык массасы 8 тоннадан кем эмес болгон бульдозерлерди жана тракторлорду колдонууга жол берилет;
- орточо полигондор үчүн (жылына 50-200 миң куб.м) массасы 14 тоннадан кем эмес болгон бульдозердик техника колдонулат;
- ири жана өтө ири полигондор үчүн (жылына 200 миң куб.м ашык) массасы 21 тоннадан кем эмес болгон адистештирилген тыгыздоочу катоктор менен жүргүзүлүүгө тийиш;
3) калыңдыгы 0,5 м ашык катмарларды тыгыздоого жол берилбейт;
4) чакан полигондор үчүн тыгыздоо бульдозердин бир из боюнча 2-4 жолу өтүүсү менен жүргүзүлөт;
5) тыгыздоо учурунда бульдозерлердин жана катоктордун кыймылы жумушчу картанын узун тарабы боюнча жүргүзүлөт;
6) эки жолу өткөндө тыгыздалган калдыктардын тыгыздыгы 500-650 кг/м3, төрт жолу өткөндө 650-800 кг/м3 түзөт (маанилер объекттеги контролдук өлчөөлөрдүн натыйжасы боюнча такталат);
7) ири полигондордо адистештирилген компактор-катоктор колдонулганда таштанды жайынын тыгыздыгы 850-1000 кг/м3 кем эмес болушу үчүн бир из боюнча өтүү кеминде 3-5 жолу жүргүзүлөт;
8) керектөө калдыктарынын тыгыздалуу деңгээлин контролдук аныктоо жылына экиден кем эмес жолу жүргүзүлөт.
58. Керектөө калдыктарын нымдоо жай мезгилиндеги өрт коркунучу жогору болгон мезгилде жүргүзүлөт. Нымдоо үчүн суунун ченемдик чыгымы 1 м3 калдыкка 10 л өлчөмүндө кабыл алынат.
59. Керектөө калдыктарынын тыгыздалган катмарын орто аралык жана акыркы изоляциялоо топуракты колдонуу менен жүргүзүлөт. Орто аралык изоляциялоо катмарынын калыңдыгы 0,25 м түзөт.
Ачык тереңдетилбеген карталарда калдыктар жайгаштырылганда орто аралык изоляциялоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- жылуу мезгилде - күн сайын же жумушчу карта толгон сайын;
- суук мезгилде - үч суткада бирден кем эмес жолу.
60. Кыш мезгилинде керектөө калдыктарын изоляциялоо үчүн төмөнкү материалдарды колдонууга жол берилет:
1) курулуш калдыктары;
2) өндүрүш калдыктары (анын ичинде акиташ, бор, сода, гипс, графит жана башка ушул сыяктуу материалдардын калдыктары).
61. Полигондун оператору полигондун периметри боюнча жайгашкан контролдук кудуктардан, скважиналардан же чуңкурлардан үлгүлөрдү алуу аркылуу жер астындагы суулардын абалына контролду жүзөгө ашырат.
62. Суу агызуучу каналдар үзгүлтүксүз тазаланып турууга тийиш.
63. Радионуклиддерди камтыган калдыктардын мыйзамсыз жайгаштырылышына жол бербөө максатында полигонго келип түшкөн бардык калдыктар радиациялык дозиметриялык контролдон өткөрүлүүгө тийиш.
Радиациялык фондун деңгээли жогорулашы аныкталган учурда транспорт каражаты кармалат, ал эми полигондун оператору калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарга токтоосуз маалымат берет.
64. Полигонду жабуу жана жер тилкесин башка пайдалануу түрлөрүнө өткөрүп берүү жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жерлерди тиешелүү категорияга өткөрүү (трансформациялоо) шарты менен полигондун операторунун сунушу боюнча кабыл алынат.
65. Керектөө калдыктарын кабыл алуучу полигон жогорку жүктөмдөгү полигондорго техникалык тапшырмада белгиленген долбоордук белгиге жеткенден кийин жабылат, долбоордук документтерде тиешелүү негиздеме болгон учурда долбоордук белгиден 10%га чейин ашууга жол берилет.
Жабуу алдында калдыктардын акыркы катмары кийинки рекультивациялоону эске алуу менен топурак катмары менен жабылат. Изоляциялоочу катмарды пландаштырууда полигондун четине карай эңкейиш камсыз кылынууга тийиш.
66. Полигондун изоляциялоочу катмарын жайгаштыруу рекультивациялоо долбоору менен аныкталат. Сырткы эңиштерди бекемдөө көмүү бийиктиги көбөйгөн сайын этап-этабы менен полигонду эксплуатациялоо мезгилинен баштап жүргүзүлөт. Материал катары алдын ала алынган күрдүү (өсүмдүк өстүрүүчү) топурак катмары колдонулат.
67. Керектөө калдыктарынын жабык полигондорун рекультивациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү рекультивациялоо жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
11-глава. Эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана өрткө каршы иш-чаралар
68. Ар бир полигон үчүн эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча өзүнчө нускама иштелип чыгууга тийиш. Нускама полигондун оператору тарабынан эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыгат жана бекитилет. Аталган нускама төмөндө келтирилген негизги жоболорду камтууга тийиш:
1) полигондун аймагында транспорт каражаттарынын кыймылы жана жүрүшү тиешелүү мезгилге белгиленген маршруттар боюнча жүргүзүлөт;
2) таштанды ташуучу унаалардын жүгүн түшүрүү жана калдыктарды тыгыздоо жана изоляциялоо боюнча иштерди аткаруу полигонду эксплуатациялоонун технологиялык схемасына ылайык жумуш карталарында жүргүзүлөт. Иштерди аткаруу зонасында бөтөн адамдардын болушуна жол берилбейт;
3) полигондун аймагында бөтөн адамдардын болушуна тыюу салынат;
4) жүк түшүрүүгө коюлган транспорт каражаты ишенимдүү түрдө тормоздолуп токтотулууга тийиш;
5) транспорт каражаттарынын ортосундагы аралык коопсуз маневр жасоону камсыз кылууга жана жүк түшүрүү учурунда алардын кагылышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга тийиш;
6) изоляциялоочу катмарсыз бульдозер менен тыгыздалган керектөө калдыктарынын үстүндө жүк түшүрүү аянтчаларын жайгаштырууга жол берилбейт;
7) полигондун сырткы эңишинен тартып жүк түшүрүлүүчү транспорт каражаттарына чейинки аралык кеминде 10 м түзүүгө тийиш;
8) жарыктандыруу колдонуудагы санитардык жана курулуш ченемдерине ылайык иштерди коопсуз аткарууну камсыз кылууга тийиш.
69. Керектөө калдыктарын тыгыздоо жана изоляциялоочу катмарды жайгаштыруу боюнча иштер төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) бульдозердин чынжырынан эңиштин четине чейинки аралык машинанын туруктуулугун камсыз кылууга жана топурактын урашын алдын алууга тийиш;
2) зарыл болгон учурда өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык чыгаруу системасына учкун өчүргүчтөр орнотулат;
3) бульдозерди техникалык тейлөөгө жана бузулууларын жоюуга бөтөн адамдарга уруксат берүүгө тыюу салынат;
4) түнкү убакта иштеген учурда бульдозерлер төмөнкүдөй жабдуулар менен жабдылууга тийиш: машина жүрүүчү жолду жетиштүү көрүүнү, иш фронтун жана ага жанаша жайгашкан участокторду көрүүнү камсыз кылуучу алдынкы жана жалпы жарыктандыруу каражаттары.
70. Полигондо эмгекти коргоо боюнча нускамалардын системасы, анын ичинде окутуу программалары, жеке коргонуу каражаттары жана инструктаждарды өткөрүү тартиби болууга тийиш.
71. Полигондо эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча эсепке алуу журналы жүргүзүлүүгө тийиш, ага контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдардын жазма эскертүүлөрү жана сунуштамалары, ошондой эле объекттин персоналы менен инструктаждарды жана окутуу иш-чараларын өткөрүү жөнүндө маалыматтар киргизилет.
72. Полигондо өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча конкреттүү иш-чаралар иштелип чыгып жана киргизилүүгө тийиш. Күнүмдүк ишти уюштуруу, өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарынын абалын контролдоо жана өрт өчүрүүнү координациялоо үчүн полигондо өрт коопсуздугу боюнча жооптуу адам дайындалат.
73. Полигондор 500 м2 аянтка эки өрт өчүргүчтөн эсептелген баштапкы өрт өчүрүү каражаттары менен камсыз болууга тийиш. Өрт коркунучу жогору болгон мезгилдерде суу чачып жуучу техниканын кезметте турушу каралат. Чарбалык зонанын аймагында өрт өчүрүү максатында кумдун запасы түзүлүүгө тийиш.
Чарбалык зонада көрүнүктүү жерге өрт чыккан учурда персоналдын иш-аракеттер тартиби жөнүндө, ошондой эле шаардын өрт өчүрүү кызматына билдирүү жолдору жөнүндө нускама жайгаштырылат.
74. Полигондун кызматкерлери жумушка кабыл алынууда жана эмгек иши процессинде саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык милдеттүү медициналык кароодон өтүүгө тийиш.
75. Полигондун персоналы атайын кийим, атайын бут кийим жана жеке коргонуу каражаттары, анын ичинде респираторлор менен камсыз кылынат.
76. Полигондун аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана техникалык контроль ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.
12-глава
Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо тартибин бузгандык үчүн жоопкерчилик
77. Ушул Тартиптин ченемдери жана талаптары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчилик чаралары колдонулат.
| | | Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо тартибине 2-тиркеме |
Керектөө калдыктарынын полигонунун сыйымдуулугун жана талап кылынган аянтын эсептөө боюнча НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама керектөө калдыктарынын полигонунун долбоордук жана иш жүзүндөгү сыйымдуулугун эсептөө, жер тилкесинин талап кылынган аянтын, изоляциялоочу топуракка муктаждыкты жана кавальердин параметрлерин аныктоо тартибин белгилейт. Эсептөөлөр долбоорлоо баскычында жүргүзүлөт жана бөлүнгөн жер тилкесинин аянтын негиздөө үчүн негиз болуп кызмат кылат.
2-глава. Баштапкы маалыматтар
2. Эсептөөнү жүргүзүү үчүн төмөнкүдөй баштапкы маалыматтарды аныктоо зарыл:
1) полигонду эксплуатациялоонун эсептик мөөнөтү T, жыл;
2) эксплуатациялоонун 1-жылында керектөө калдыктарынын топтолуусунун салыштырма жылдык ченеми q1, куб. м/адам/жыл;
3) топтолуу ченеминин жылдык болжолдуу өсүшү p, %;
4) эксплуатациялоонун 1-жылында тейленүүчү калктын саны N1, адам;
5) эксплуатациялоонун акыркы жылындагы калктын болжолдуу саны N2, адам;
6) керектөө калдыктарын сактоонун долбоордук бийиктиги Hp, м (архитектуралык-пландоо башкармалыгы менен макулдашылат);
7) керектөө калдыктарын тыгыздоо коэффициенти K1 колдонулуучу бульдозердин (катоктун) массасына жана полигондун долбоордук бийиктигине жараша 1-таблица боюнча колдонулат;
8) керектөө калдыктарынын топтолуу ченеми q1 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген калк жана чарбакер субъекттер үчүн керектөө калдыктарынын топтолуу ченемдери боюнча кабыл алынат;
9) калктын өсүү коэффициенти N2 расмий статистика жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын маалыматтары боюнча кабыл алынат;
10) топурактын изоляциялоочу катмарларынын коэффициенти K2 полигондун жалпы бийиктигине жараша 2-таблица боюнча кабыл алынат.
1-таблица. Керектөө калдыктарын тыгыздоо коэффициенти K1
| Бульдозердин же катоктун массасы, т | Полигондун толук долбоорлонуучу бийиктиги, м | Коэффициент K1 |
| 3-6 | 20-30 | 3,0 |
| 12-14 | 10дон аз | 3,7 |
| 12-14 | 20-30 | 4,0 |
| 20-22 | 50 жана андан көп | 4,5 |
Эскертүү. K1 маанилери керектөө калдыктарынын катмардык тыгыздалышын, 5 жылдан кем эмес аралыктын ичиндеги чөгүшүн жана чогултуу жерлериндеги керектөө калдыктарынын тыгыздыгын сактоо учурунда келтирилди ρ0 = 200 кг/куб.м. 2-таблица. Изоляциялоочу катмарлардын көлөмүнүн коэффициенти K2
| Полигондун жалпы бийиктиги, м | K2 |
| 7,5 чейин | 1,27 |
| 7,5-10 | 1,25 |
| 10-15 | 1,22 |
| 15-40 | 1,20 |
| 40-50 | 1,18 |
| 50дөн көп | 1,16 |
Эскертүү. Полигондун түбүндө иштетилүүчү топурактын эсебинен изоляциялоо толук камсыз кылынган учурда, K2 = 1,00. Таблицада орто аралык изоляциялоо катмары 0,25 м барабар деп кабыл алынат. KM-305 катокторун колдонууда 0,15 м орто аралык изоляциялоо катмарына жол берилет.
3-глава. Полигондун долбоорлонуучу сыйымдуулугун эсептөө
3. Эксплуатациялоонун акыркы жылындагы топтолуунун салыштырма жылдык ченеми жылдык өсүштү эске алуу менен аныкталат:
q2 = q1 х (1 + p / 100) ^ (T - 1), (1)
q2 - эксплуатациялоонун акыркы жылындагы керектөө калдыктарынын топтолуусунун салыштырма жылдык ченеми, куб.м/адам/жыл; q1 - эксплуатациялоонун 1-жылындагы керектөө калдыктарынын топтолуусунун салыштырма жылдык ченеми, куб.м/адам/жыл; p - ченемдин жылдык болжолдуу өсүшү, %; T - эксплуатациялоонун эсептик мөөнөтү, жыл.
4. Полигондун долбоорлонуучу сыйымдуулугу төмөнкү формула боюнча аныкталат:
E = [(q1 х N1 + q2 х N2) / 2] х T х K2 / K1, (2)
E - полигондун долбоорлонуучу сыйымдуулугу, куб.м; q1, q2 - эксплуатациялоонун 1-жылындагы жана акыркы жылындагы керектөө калдыктарынын топтолуусунун салыштырма жылдык ченемдери, куб.м/адам/жыл; N1, N2 - эксплуатациялоонун 1-жылындагы жана акыркы жылындагы тейленүүчү калктын саны, адам; T - эксплуатациялоонун эсептик мөөнөтү, жыл; K1 - керектөө калдыктарын тыгыздоо коэффициенти (1-таблица); K2 - топурактын изоляциялоочу катмарларынын көлөмүнүн коэффициенти (2-таблица).
4-глава. Жер тилкесинин талап кылынган аянтын эсептөө
5. Керектөө калдыктарын сактоо участогунун аянты төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Fu•s• = E / Hp, (3)
Fu•s• - сактоо участогунун аянты, кв.м; E - полигондун долбоорлонуучу сыйымдуулугу, куб.м; Hp - керектөө калдыктарын сактоонун долбоордук бийиктиги, м.
6. Полигондун жер тилкесинин жалпы талап кылынган аянты (чарбалык зонаны жана периметр боюнча тилкени эске алуу менен):
F = 1,1 х Fu•s• + Fᐥ, (4)
F - жер тилкесинин жалпы талап кылынган аянты, га; 1,1 - сактоо участогунун айланасындагы тилкени эске алган коэффициент; Fᐥ - чарбалык зонанын участогунун жана контейнерлерди жуу аянтчасынын аянты, га (1,0 га кем эмес кабыл алынат).
5-глава. Участоктун иш жүзүндөгү аянты боюнча полигондун бийиктигин аныктоо
7. Сырткы эңиштерди 1:4 катышында салууда полигондун бийиктиги бөлүнгөн участоктун туурасы менен үстүнкү жумуш аянтчасынын минималдуу туурасына жараша аныкталат:
H = Ш / 8 - n, (5)
H - полигондун иш жүзүндөгү бийиктиги, м; Ш - сактоо участогунун туурасы (кичинекей өлчөм), м; 8 - эңиштерди кош салуу (2 х 4); n - үстүнкү жумуш аянтчасынын минималдуу туурасын камсыз кылуу шартынан аныкталуучу бийиктикти азайтуу көрсөткүчү:
n = Bшеn / 8, (6)
Bшеn - үстүнкү жумуш аянтчасынын минималдуу туурасы, м.
8. Үстүнкү жумуш аянтчасынын минималдуу туурасы таштанды ташуучу унааларды эңиштин четинен 10 м жакын эмес аралыкта жайгаштыруу жана алардын бурулушун камсыз кылуу шартынан кабыл алынат:
Bшеn = 2 х (Rrax + 10), (7)
Rrax - таштанды ташуучу унаанын бурулуш радиусу, м (12-15 м кабыл алынат). Үстүнкү аянтчада ыңгайлуу иштөөнү камсыз кылуу үчүн Bшеn ≥ 80 м кабыл алуу сунушталат.
6-глава. Полигондун иш жүзүндөгү сыйымдуулугун эсептөө
9. Тыгыздоону эске алуу менен полигондун иш жүзүндөгү сыйымдуулугу кесилген пирамида формуласы боюнча эсептелет:
Eфакт = (H / 3) х (F0 + Fv + √(F0 х Fv)) х K1, (8)
Eфакт - тыгыздоону эске алуу менен полигондун иш жүзүндөгү сыйымдуулугу, куб.м; H - полигондун бийиктиги, м; F0 - сактоо участогунун негизинин аянты, кв.м; Fv - үстүнкү жумуш аянтчасынын аянты, кв.м; K1 - керектөө калдыктарын тыгыздоо коэффициенти (1-таблица). Эңиштерди 1:4 катышында салууда үстүнкү жумуш аянтчасынын өлчөмдөрү:
узундукv = L − 8 х H, (9) туурасыv = W − 8 х H, (10)
L - сактоо участогунун узундугу (чоң өлчөм), м.
7-глава. Изоляциялоочу топуракка болгон муктаждыкты жана котловандын параметрлерин эсептөө
10. Орто аралык жана акыркы изоляциялоо үчүн зарыл болгон топурактын көлөмү:
Vг = Eфакт х (K2 - 1) / K1, (11)
Vг - изоляциялоочу топурактын көлөмү, куб.м.
11. Изоляциялоочу топуракты алуу үчүн полигондун түбүндө казылуучу котловандын орточо тереңдиги:
hk = Vг / (F0 х 1,1), (12)
hk - котловандын орточо долбоорлонуучу тереңдиги, м; 1,1 - эңиштерди жана котловандын карталык схемасын эске алган коэффициент.
8-глава. Топурактын кавальеринин параметрлерин эсептөө
12. Котловандан алынган топурак биринчи кезекте акыркы изоляциялоодо кийин колдонуу үчүн полигондун периметри боюнча кавальерге сакталат. Трапеция формасындагы кавальердин туурасынан кесилиш аянты:
A = (a + b) х hкав / 2, (13)
A - кавальердин туурасынан кесилиш аянты, кв.м; a - кавальердин үстү боюнча туурасы, м; b - кавальердин негизи боюнча туурасы, м; hкав - кавальердин бийиктиги, м.
13. Кавальердин параметрлери биринчи кезекте кавальердин көлөмүнүн котловандын көлөмүнө барабар шартынан тандалып алынат:
A х Lкав = Vг, (14)
Lкав - кавальердин полигондун периметри боюнча узундугу, м; Vг - биринчи кезектеги котловандын көлөмү, куб.м. Кавальер ээлеген аянт:
Fкaв = Lкав х b, (15)
| | | Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо тартибине 3-тиркеме |
Калдыктардын түшүүсүн эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
| № | Калдыктарды кабыл алуу датасы | Транспорттун ээси | Машинанын № | Жеткирилүүчү калдыктардын көлөмү | |
| куб.м | т | ||||
| 1 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.