Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 7-августу № 525
Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында катуу тиричилик калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо боюнча ишти тартипке келтирүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бекитилген штаттык санынын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.06.2025 · № 178