Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-августу № 84 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы № 169 “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топ жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы № 170 “Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтому.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-августундагы № 63 (3823) саны менен жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
| Төрага | Т. Шайназаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Шайлоо…Положение · 19.08.2026 · № 84
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы № 169 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин…Постановление · 20.06.2017 · № 169 · Күчүн жоготкон
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы № 170 «Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө» Жобону…Постановление · 20.06.2017 · № 170 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы № 170 «Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө» Жобону…Постановление · 20.06.2017 · № 170 · Күчүн жоготкон