Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын өнөр жай кластеринин ишканалары үчүн 2026–2030-жылдарга карата экспорттук жана маркетингдик стратегияны бекитүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 21-июлу № 547-т
Кыргыз Республикасынын өнөр жай кластеринин ишканаларынын экспорттук потенциалын жогорулатуу, ата мекендик продукцияны сатуу рынокторун кеңейтүү, анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана тышкы рыноктордо илгерилетүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 39-т тескемеси менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планынын 23-пунктун аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын өнөр жай кластеринин ишканалары үчүн экспорттук жана маркетингдик стратегия тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын өнөр жай кластеринин ишканалары үчүн экспорттук жана маркетингдик стратегияны ишке ашыруу боюнча чараларды көрүүнү камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 39-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө)…Распоряжение · 27.01.2026 · № 39-р