Кыргыз Республикасындагы агроөнөр жай кластерлери жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме «3-тиркеме
Кыргыз Республикасындагы агроөнөр жай кластерлери жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо агрегатор-ишкананын жана чийки затты жеткирүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүү моделинин негизинде Кыргыз Республикасында агроөнөр жай кластерлерин түзүүнүн жана иштөөсүнүн укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктоо, аларды мамлекеттик колдоо жана ишин жөнгө салуу механизмдерин белгилөө максатында иштелип чыккан.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба продукциясын жана анын кайра иштетилген продукттарын өндүрүү, даярдоо, сактоо, алгачкы иштетүү, кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.
3. Бул Жобо айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айыл чарба продукциясынын көлөмдөрүн жана кошумча наркын көбөйтүүгө, Кыргыз Республикасынын агрардык секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган.
4. Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай кластерлери жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө», «Кооперативдер жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна, ушул Жобого, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизделет.
5. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде ушул Жободо каралган эрежелерден башка эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
2-глава. Негизги түшүнүктөр
6. Бул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
агроөнөр жай кластери – айыл чарба продукциясынын белгилүү бир түрүн өндүрүүгө, даярдоого, сактоого, алгачкы иштетүүгө (болгон учурда), кайра иштетүүгө (болгон учурда), сорттоого, калибрлөөгө, маркалоого, таңгактоого, маркетингге жана (же) сатууга багытталган, агрегатор-ишкана менен чийки затты жеткирүүчүлөрдүн ортосундагы келишимдик мамилелерге негизделген айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жана (же) сатууну уюштуруу формасы; айыл чарба продукциясын жеткирүү келишими (мындан ары –келишим) – агрегатор-ишкана менен чийки затты жеткирүүчүнүн ортосундагы айыл чарба продукциясын жеткирүү шарттарын, көлөмдөрүн, сапатын, мөөнөттөрүн жана баасын, ошондой эле тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктоочу макулдашуу. Макулдашуу форвард бүтүмүнүн шарттарында түзүлүшү мүмкүн; агроөнөр жай кластеринин категориясы – кластердин деңгээли (республикалык, облустук, райондук), ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан агрегатор-ишкананын ишинин критерийлеринин негизинде аныкталат; агрегатор-ишкананын иш-аракеттеринин критерийлери – кластердин экономикалык маанисин, таралуу масштабын жана иштөө чөйрөсүн баалоо үчүн зарыл болгон көрсөткүчтөр; негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү – агрегатор-ишкананын жана кластердин катышуучуларынын ишинин натыйжалуулугун мүнөздөгөн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдүн системасы; мамлекеттик колдоо чаралары – Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексиндеги кластердик саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык мамлекет тарабынан агроөнөр жай кластеринин катышуучуларына көрсөтүлүүчү финансылык, уюштуруучулук, укуктук жана башка чаралардын комплекси; чийки затты жеткирүүчү – дыйкан (фермердик) чарбасы, жеке ишкер, айыл чарба кооперативи, айыл чарба даярдоочусу же айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жүзөгө ашырган жана агроөнөр жай кластеринин муктаждыктары үчүн айыл чарба продукциясын жеткирүүгө агрегатор-ишкана менен келишим түзгөн башка жеке же юридикалык жак;
агроөнөр жай кластеринин агрегатор-ишканасы (мындан ары – агрегатор-ишкана) – агроөнөр жай кластеринин өзөгү болуп саналган юридикалык жак, ал өндүрүштүк жана (же) сатуу чынжырын уюштурат, чийки затты жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзөт, продукцияны чогултууну, сактоону, алгачкы иштетүүнү (болгон учурда), сорттоону, калибрлөөнү, кайра иштетүүнү (болгон учурда), маркалоону, таңгактоону, маркетингди жана сатууну камсыз кылат же координациялайт (продукттан же чийки заттан көз каранды), ошондой эле чийки затты жеткирүүчүлөргө ресурстарды жана кызматтарды алууга көмөк көрсөтөт;
Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай кластерлеринин реестри (мындан ары – Реестр) – агроөнөр жай кластерлерин эсепке алуу, мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн жана жүргүзүлгөн маалыматтык ресурс; ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган, ал агроөнөр жай кластерлеринин ишин координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле мамлекеттик колдоо чараларын ишке ашырууну жүзөгө ашырат; агроөнөр жай кластеринин катышуучусу – айыл чарба продукциясын жеткирүү келишимин түзгөн жана агроөнөр жай кластеринин өндүрүштүк жана (же) сатуу чынжырынын алкагында макулдашылган ишти жүзөгө ашырган агрегатор-ишкана же чийки затты жеткирүүчү; айыл чарба продукциясын жеткирүүгө форвард бүтүмү – бул чийки затты жеткирүүчү агрегатор-ишканага белгилүү бир түрдөгү, сапаттагы жана сандагы продукцияны бүтүм түзүлгөн учурда аныкталган баа боюнча келечекте белгиленген мөөнөттө жеткирүүгө милдеттенген келишимдин түрү.
7. Агроөнөр жай кластеринин катышуучулары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) агрегатор-ишкана;
2) чийки затты жеткирүүчүлөр.
8. Агрегатор-ишкана агроөнөр жай кластеринин борбордук звеносу болуп саналат жана төмөнкү негизги функцияларды аткарат:
1) агроөнөр жай кластеринин ишин уюштуруу жана координациялоо;
2) чийки затты жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүү;
3) продукцияны даярдоо, сактоо, алгачкы иштетүү (болгон учурда), кайра иштетүү (болгон учурда), таңгактоо, сертификаттоо менен камсыз кылуу же координациялоо;
4) агроөнөр жай кластеринин продукциясынын маркетингин жана сатууну, анын ичинде экспортун уюштуруу;
5) чийки затты жеткирүүчүлөргө каржылоого, технологияларга, үрөнгө, отургузуучу материалга, жаш малга, балык чабагына, жер семирткичтерге, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоо каражаттарына, ветеринардык жана фитосанитардык кызматтарга жетүүдө көмөктөшүү;
6) агроөнөр жай кластеринин ишин эсепке алуу жана иши жөнүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө отчет берүү.
9. Агрегатор-ишкана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген иш критерийлерине жооп бериши керек.
10. Чийки затты жеткирүүчүлөр агрегатор-ишкана менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык айыл чарба продукциясын өндүрөт же даярдайт.
11. Чийки затты жеткирүүчүлөр милдеттүү:
1) келишимде белгиленген көлөмдө, сапатта жана мөөнөттөрдө айыл чарба продукциясын өндүрүүнү же даярдоону жана жеткирүүнү камсыз кылууга;
2) агрегатор-ишкана менен макулдашылган продукциянын технологиялык талаптарын, сапат жана коопсуздук стандарттарын сактоого;
3) айыл чарба продукциясын өстүрүү же даярдоонун өндүрүштүк процесси жөнүндө агрегатор-ишканага керектүү маалыматты берүүгө.
12. Чийки затты жеткирүүчүлөр укуктуу:
1) келишимде белгиленген баалар боюнча жеткирилген продукциянын өз убагында толук көлөмдө төлөмүнө;
2) ресурстарга жана кызматтарга жетүүдө агрегатор-ишкананын көмөгүн алууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык агроөнөр жай кластеринин катышуучулары үчүн каралган мамлекеттик колдоо чараларын алууга.
3-глава. Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары
13. Агроөнөр жай кластеринин катышуучуларына (анын ичинде облустук жана райондук) мамлекеттик колдоо төмөнкү негизги багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:
1) жеңилдетилген каржылоону алуу, анын ичинде кредит жана лизинг;
2) Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинде кластердик саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте субсидияларды жана дотацияларды берүү;
3) кеңеш берүү, маалыматтык жана методикалык колдоо көрсөтүү;
4) ички жана тышкы рыноктордо продукцияны илгерилетүүдө көмөк көрсөтүү;
5) агроөнөр жай кластеринин инфраструктурасын, анын ичинде сактоо жана логистика объекттерин өнүктүрүүдө көмөк көрсөтүү.
14. Агроөнөр жай кластерлеринин катышуучуларына инвестициялык программаларды ишке ашыруу жана жүгүртүү каражаттарын каржылоо максатында жеңилдетилген каржылоо берилет жана ал кредиттер, финансылык лизинг, кепилдиктер, пайыздык ставкаларды субсидиялоо же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка финансылык инструменттер түрүндө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
15. Жеңилдетилген каржылоонун шарттары, анын ичинде чектүү көлөмү, мөөнөтү, субсидияланган пайыздык ставканын өлчөмү жана жеке каражаттардын үлүшүнө коюлган талаптар Реестрге киргизилген агрегатор-ишканалар үчүн гана агроөнөр жай кластеринин категориялары (республикалык, облустук, райондук) боюнча дифференцияланат. Чийки затты жеткирүүчүлөр агроөнөр жай кластеринин категориясынан көз карандысыз бирдей шарттарда жеңилдетилген каржылоону алууга укуктуу. Жеңилдетилген каржылоонун тартиби жана параметрлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет.
16. Жеңилдетилген каржылоону берүү жөнүндө чечим тиешелүү финансы-кредиттик мекеме тарабынан жеңилдетилген каржылоо программасынын критерийлерине арыз ээсинин шайкештигинин, агроөнөр жай кластеринин статусун ыйгаруунун, ошондой эле агроөнөр жай кластеринин категориясын аныктоонун негизинде кабыл алынат.
4-глава. Агроөнөр жай кластеринин
статусун ыйгаруу жол-жобосу
17. Агроөнөр жай кластеринин статусун ыйгаруу жана Реестрге киргизүү ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Реестр ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарга киргизилген маалымдарды кошпогондо, жалпы таанышуу үчүн ачык болуп саналат.
18. Реестрге киргизүү жана андан чыгаруу ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Реестрди түзүү, жүргүзүү жана ага маалыматтарды жайгаштыруу тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
19. Агроөнөр жай кластери статусун алуу үчүн агрегатор-ишкана ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча ыйгарым укуктуу органга арыз берет.
20. Арыз жазуу түрүндө (кагаз жүзүндө) же Кыргыз Республикасынын электрондук колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык электрондук колтамга коюлган электрондук документ түрүндө берилет.
21. Арызга төмөнкү документтер жана маалыматтар тиркелет:
1) уюштуруу документтеринин (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уставдын) көчүрмөлөрү;
2) агроөнөр жай кластерине кирген чийки затты жеткирүүчүлөр жөнүндө маалыматтар, алардын аталыштарын (фамилиясын, атын, атасынын атын (болгон учурда)), уюштуруучулук-укуктук формасын, идентификациялык салык номерин (ИСН) жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча;
3) агроөнөр жай кластеринин алкагында келишимдик мамилелердин болушун ырастаган агрегатор-ишкана менен чийки затты жеткирүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү;
4) төмөнкүлөрдү камтыган агроөнөр жай кластерин өнүктүрүү программасы:
– агроөнөр жай кластеринин максаттары жана милдеттери;
– өндүрүштүк жана (же) сатуу чынжырынын сүрөттөлүшү;
– беш жылдык мезгилге иштин болжолдуу көрсөткүчтөрү, анын ичинде өндүрүүнүн, сатуунун жана экспорттун көлөмү;
– агроөнөр жай кластерин өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы;
5) агрегатор-ишкананын ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген иштин критерийлерине шайкештигин баалоо үчүн зарыл болгон документтер жана маалыматтар.
22. Ыйгарым укуктуу орган арызды келип түшкөн күнү каттайт жана берилген документтердин жана маалыматтардын толуктугун жана тууралыгын текшерүүнү жүргүзөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган арыз катталган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде документтерди кароого кабыл алуу жөнүндө же аныкталган кемчиликтерди жоюу зарылчылыгы жөнүндө агрегатор-ишканага билдирүү жиберет.
23. Документтердин топтому толук берилбеген же аларда кемчиликтер аныкталган учурда агрегатор-ишкана билдирүү алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде бул кемчиликтерди жоюуга милдеттүү.
24. Ыйгарым укуктуу орган берилген материалдарды карайт жана агрегатор-ишканага агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусун анын категориясын аныктоо менен ыйгаруу жөнүндө же мындай статусту ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
25. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан арызды кароонун жана чечим кабыл алуунун жалпы мөөнөтү арыз катталган күндөн тартып
30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
26. Агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусун ыйгаруу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими тиешелүү маалыматтарды Реестрге чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде киргизүү үчүн негиз болуп саналат.
27. Агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусун агрегатор-ишканага ыйгаруудан баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:
1) Ушул Жобонун 23-пунктунда белгиленген мөөнөттө берилген документтердеги кемчиликтер жоюлбаса;
2) берилген документтер жана маалыматтар ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкеш келбесе;
3) ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген иш критерийлерине агрегатор-ишкана шайкеш келбесе;
4) анык эмес маалыматтарды берүү фактысы аныкталса.
28. Ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде агрегатор-ишканага кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүүнү чечимдин көчүрмөсүн тиркөө менен (баш тартылган учурда – себептерин негиздөө менен) жөнөтөт.
5-глава. Агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусун
токтото туруу жана калыбына келтирүү тартиби
29. Агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусу ыйгарым укуктуу органдын чечими менен төмөнкү учурларда токтотулуп турушу мүмкүн:
1) агрегатор-ишкана агроөнөр жай кластеринин иши тууралуу отчеттуулукту ыйгарым укуктуу органга белгиленген мөөнөттөрдө бербеген учурда;
2) ыйгарым укуктуу орган агрегатор-ишкананын ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнө шайкеш келбестигин аныктаган учурда, аталган шайкеш келбестик жоюуга мүмкүн болгон шартта;
3) ыйгарым укуктуу органдын текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары менен ырасталган агрегатор-ишкананын чийки затты жеткирүүчүлөр менен келишимдердин шарттарын бузгандыгы;
4) агрегатор-ишкана агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусун алты айдан ашпаган мөөнөткө ыктыярдуу токтото туруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берсе.
30. Агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусун токтото туруу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу орган алты айдан ашпаган мөөнөткө кабыл алат.
31. Агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусу токтотулуп турган мезгилде агрегатор-ишканага мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүү токтотулуп турат.
32. Эгерде агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусу токтотулуп турган белгиленген мөөнөттүн ичинде агрегатор-ишкана аныкталган бузууларды жойсо жана алардын жоюлганын ырастоочу документтерди берсе, ыйгарым укуктуу орган аталган статустун күчүн калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алат.
33. Агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусунан ыйгарым укуктуу органдын чечими менен агрегатор-ишкана төмөнкү учурларда ажыратылат:
1) статусту токтото турууга негиз болгон себептер агрегатор-ишкана тарабынан белгиленген мөөнөттүн ичинде жоюлбаса;
2) агрегатор-ишкананы жоюу же кайра уюштуруу (өзгөртүп түзүү, биригүү же кошулуу формасындагы кайра уюштуруудан тышкары, укук улантуучу агрегатор-ишкананын ишинин критерийлерине шайкеш келген шартта);
3) агрегатор-ишкана ыйгарым укуктуу органга отчеттуулукту системалуу түрдө (бир календардык жыл ичинде эки же андан ашык) бербесе;
4) агрегатор-ишкананын ыйгарым укуктуу органга арыз берүүдө же мезгилдик отчеттуулукта анык эмес маалыматтарды берүү фактысы аныкталса;
5) негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө жетишпегендиги жана агроөнөр жай кластерин өнүктүрүү программасын аткарбагандыгы, анын ичинде отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча иштин болжолдуу көрсөткүчтөрүнө жетишпегендиги;
6) агроөнөр жай кластеринин катышуучуларына же үчүнчү жактарга зыян келтирүүгө алып келген, соттун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен ырасталган агрегатор-ишкананын монополияга каршы жөнгө салуу жана жарандык мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы;
7) агрегатор-ишкананын агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусунан ыктыярдуу баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бериши.
34. Агрегатор-ишкананы агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусунан ажыратуу жөнүндө чечим Реестрден тиешелүү маалыматтарды чыгарууга жана мамлекеттик колдоонун бардык чараларын берүүнү токтотууга алып келет.
35. Агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусунан ажыратылган агрегатор-ишкана аны ажыратуу үчүн негиз болгон себептерди толук жойгон шартта аталган статустан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдан кийин кайрадан арыз берүү укугуна ээ.
36. Агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусун токтото туруу же ажыратуу үчүн негиз аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган агрегатор-ишканага аныкталган бузууларды жана түшүндүрмө берүү үчүн билдирүү алган күндөн тартып он күндөн кеч эмес мөөнөттү көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.
37. Берилген түшүндүрмөлөрдү кароонун жыйынтыктары боюнча аларды берүү үчүн белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусунун күчүн токтото туруу, ажыратуу же бузуулардын жоктугуна байланыштуу жол-жобону токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
38. Ыйгарым укуктуу органдын чечиминин көчүрмөсү агрегатор-ишканага жана тиешелүү финансы-кредиттик мекемелерге ал кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде жөнөтүлөт.
39. Агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун статусун токтото туруу, калыбына келтирүү же ажыратуу жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу орган тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде Реестрге киргизилет.
6-глава. Мониторинг жана отчеттуулук
40. Реестрге киргизилген агрегатор-ишканалар ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө агроөнөр жай кластеринин иши жөнүндө отчеттуулукту ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.
41. Ыйгарым укуктуу орган агроөнөр жай кластерлеринин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүнө жана мамлекеттик колдоо чараларынын ишке ашырылуусунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт. Мониторингдин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинде кластердик саясатты өркүндөтүү боюнча чечимдерди иштеп чыгуунун натыйжалуулугун талдоо үчүн пайдаланылат.
7-глава. Келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн агроөнөр жай кластеринин катышуучуларынын жоопкерчилиги
42. Айыл чарба продукциясын жеткирүү боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу факты сот тартибинде аныкталган учурда, мындай бузуулар жөнүндө маалыматтар соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан Реестрге киргизилет.
43. Агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун келишимдик милдеттенмелерди бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды Реестрге киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик колдоо чараларын, анын ичинде жеңилдетилген каржылоону берүүнү токтото туруу же токтотуу үчүн негиз болуп саналат.
44. Финансы-кредиттик мекемелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана кредит берүү келишиминин шарттарына ылайык жеңилдетилген каржылоо шарттарын колдонууда агроөнөр жай кластеринин катышуучуларынын келишимдик милдеттенмелерди бузуулары жөнүндө Реестрдин маалыматтарын эске алат.
45. Агроөнөр жай кластеринин катышуучусунун келишимдик милдеттенмелерди бузгандыгы тууралуу маалыматтарды Реестрге киргизүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү, тиешелүү билдирүүлөрдүн формалары, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын финансы-кредиттик мекемелер менен өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
46. Ушул главада каралган чараларды колдонуу, эгерде аталган келишимде башкача каралбаса, келишимдик милдеттенмелерди бузууга жол берген агроөнөр жай кластеринин катышуучусун айыл чарба продукциясын жеткирүү келишимин аткаруудан бошотпойт.».
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 542 "Кыргыз Республикасында кластерлерди уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2024 · № 542
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-августу № 560 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 542 "Кыргыз…Постановление · 19.08.2026 · № 560