Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында кластерлерди уюштуруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-сентябры № 542
Кыргыз Республикасында кластерлерди уюштуруу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-августундагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 231 "Кыргыз Республикасында кластердик саясатты киргизүү жөнүндө" токтомун аткаруу жана мамлекеттик инвестициялык саясатты практикалык ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында жеке жана мамлекеттик инвестициялардын натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында кластерлерди уюштуруу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын экономикасын кластердик өнүктүрүүнүн методологиялык негизи 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2ˡ. Кыргыз Республикасындагы агроөнөр жай кластерлери жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-августундагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Чарбалык субъекттерге ушул токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кластерлерди уюштуруу жөнүндө жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 69 (3623) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров | |
| 2-тиркеме | ||
Кыргыз Республикасынын экономикасын кластердик өнүктүрүүнүн МЕТОДИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ Киришүү
Өнүккөн өлкөлөрдүн дүйнөлүк тажрыйбасы кластерлердин эффективдүүлүгүн, ошондой эле ар кандай түрлөрүнүн келип чыгуусунун мыйзам ченемдүүлүгүн күбөлөндүрүп келет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 231 "Кыргыз Республикасында кластердик саясатты киргизүү жөнүндө" токтомунда Кыргыз Республикасынын экономикасын кластердик өнүктүрүүгө басым жасалган, бул өлкөнүн жогорку жана орто технологиялык продукциянын дүйнөлүк рынокторуна чыгуусун камсыз кылат. Улуттук экономиканы уюштуруунун кластердик формасы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн тийиштүү деңгээлин түзүү боюнча белгиленген максаттарды ишке ашырууга, тармактар ортосундагы кыйла туруктуу байланыштарды аныктоого мүмкүндүк бермек. Бул жаңы идеяны, продуктуну долбоорлоого жөндөмдүү кадрларды даярдоодон жана сапаттуу компоненттерди жана чийки заттарды даярдоону же сатып алууну уюштуруудан баштап, акыркы продуктуну чыгарууга жана сатууга чейин атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны түзүү боюнча системалык башкарууну ишке ашырууга мүмкүндүк бере турган улуттук экономиканы түзүмдөштүрүү маселесине карата жаңы мамиле. Кластерлерди түзүү тармактык милдеттерди гана чечүүгө мүмкүндүк бербестен, региондук өсүү чекиттерин өлкөнүн аймагы боюнча көп тармактуу бөлүштүрүүгө да өбөлгө түзөт, ошону менен инновациялык өсүүнүн жаңы борборлорунун пайда болушунун негизинде тең салмактуу региондук өнүгүү камсыз кылынат. Кластердик принциптердин базасында экономиканы модернизациялоонун багытын ишке ашыруу үчүн биздин шарттарга ылайыктуу кластерлерди түзүүнүн жана мамлекеттик колдоонун толук механизмин камтыган негизделген саясатты иштеп чыгуу зарыл. Бул методология Кыргыз Республикасынын экономикасында кластерлерди түзүү жана өнүктүрүү стратегиясынын негизги маселелерине негиз болуучу жоопторду берет.
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул иште төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Инновация, жаңылык (англ. Innovation) - бул рынок талап кылган процесстердин же продукциялардын натыйжалуулугунун сапаттык өсүшүн камсыз кылуучу киргизилген жаңылык. Адамдын интеллектуалдык ишмердүүлүгүнүн, фантазиясынын, чыгармачылык процесстин, ачылыштарынын, ойлоп табууларынын жана рационализациялоонун акыркы натыйжасы болуп саналат. Инновациянын мисалы катары продукцияны (товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) рынокко жаңы керектөө касиеттери же өндүрүш системаларынын натыйжалуулугун сапаттуу жогорулатуу менен чыгаруу болуп саналат. Инновациялык цикл - инновациялык процесстин негизги этаптарын жана натыйжаларын камтыган иштердин комплекси. Ага коомдук муктаждыктарды канааттандыруунун жаңы ыкмалары жөнүндө идеяны негиздөө максатында ИИИ өткөрүү, жаңы продукттарда илимий билимдерди материалдаштыруу максатында прикладдык ИИИ жана ОКР аткаруу, продукциянын масштабдуу өндүрүшүн технологиялык өздөштүрүү, аны коммерциялаштыруу кирет. Интеграция - макулдашылган эрежелердин жана принциптердин негизинде өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү жөндөмүнө ээ болгон чарбалык системаларды жакындаштыруу, бири-бирине ылайыкташтыруу жана бириктирүү процесси. Интеллектуалдык ресурс - ишкананын илимий-техникалык жана инновациялык же интеллектуалдык потенциалын түзгөн кызматкерлердин топтолгон билими, тажрыйбасы, квалификациясы. Кластер - бул атаандаштык артыкчылыктарын түзүүгө багытталган ийгиликтин негизги факторлоруна ээ, жогорку адистештирилген, өз ара байланышкан компаниялардын белгилүү бир географиялык региондо топтолушу. Кластердик саясат - кластерге кирген региондордун, ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуучу кластерлерди жана кластердик демилгелерди колдоонун мамлекеттик жана коомдук чараларынын жана механизмдеринин системасы, кластерлерди түзүүгө дем берүүчү, ошондой эле инновацияларды киргизүүнү камсыз кылуучу институттарды өнүктүрүү. Кластердик демилге - тармактык же тармактар аралык баалуулуктар тизмегинин чегинде иштеген кластерди түзүү же өнүктүрүү боюнча ар кандай стейкхолдерлердин (жеке адамдардын, демилгелүү топтордун жана уюмдардын) иши (биргелешкен долбоор же долбоорлордун портфели же иш-аракеттер программасы). Кластердик демилге региондун же өлкөнүн кластердик саясатынын алкагында да, кластерди түзүү же өнүктүрүү үчүн стратегиялык артыкчылыктарды түзгөн анын стейкхолдерлеринин иш жүзүндөгү иш-аракеттеринин негизинде да демилгелениши мүмкүн. Баалуулуктар тизмеги (англ. Value chain) - бул стратегиялык пландаштыруу максатында уюмдун ишин толук изилдөөгө багытталган стратегиялык талдоо куралы. Баалуулук тизмеги идеясын Майкл Портер "Атаандаштык артыкчылыгы" китебинде компаниянын айрым иш-аракеттерин талдоо аркылуу атаандаштык артыкчылыгынын булактарын аныктоо үчүн сунуш кылган. Баалуулук тизмеги чыгашаларды жана учурдагы жана мүмкүн болуучу дифференциялоо каражаттарын изилдөө максатында компаниянын ишин стратегиялык маанилүү иш-аракеттердин түрлөрүнө бөлөт. Компаниянын атаандаштык артыкчылыгы бул стратегиялык иш-аракеттердин түрлөрүн атаандаштарына караганда жакшыраак аткаруунун натыйжасында пайда болот.
1.2. Ушул документтин багыты
Өнөр жайдын туруктуу өсүшүн жана активдүү өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн өндүрүштү уюштуруунун жаңы формаларын жана методдорун өздөштүрүү зарыл. Акыркы он жылдыкта көптөгөн өлкөлөрдүн өкмөттөрү кластердик саясатты жигердүү ишке киргизүүдө, анын идеясы минималдуу капиталдык салымдары менен инновациялык негизде биргелешип кеңейтилген кайра өндүрүүгө жөндөмдүү болгон, аймагы боюнча жакын жайгашкан ишканалардын жана уюмдардын тобунун потенциалын бириктирүү болуп саналат. Өнөр жайды кластердик өнүктүрүүнүн негизги принциби ишкананын жана региондун экономикасынын тар тармактык көз карашынан өз ара байланышкан ишканалардын тобунун өнүгүү потенциалын комплекстүү пайдаланууга өзгөртүү болуп саналат. Бул документтин максаты Кыргыз Республикасында келечектеги кластердик атаандаштык иш үчүн колдонмо болуп саналат, бул өз кезегинде төмөнкүлөр үчүн шарттарды түзөт:
- азыр да, келечекте да кластерлерди өнүктүрүү үчүн колдонмо катары кызмат кылат;
- ар кандай тармактарда кластерлерди өнүктүрүү үчүн окуу колдонмосу катары кызмат кылат;
- экономикалык саясаттын чараларына тиешелүү башка өкмөттүк тескемелер үчүн дифференциатор катары кызмат кылат;
- илимий маалыматтардын негизинде экономикалык саясаттын чараларына тиешелүү чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт;
- бүткүл өлкө боюнча жана региондук деңгээлде кластердик долбоорлордун тажрыйбасын салыштырууга жана колдонууга мүмкүндүк берет;
- региондук атаандаштык демилге үчүн старттык аянтча катары кызмат кылат.
1.3. Тармактык же региондук кластерлерди түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу
Кластердик мамилени эске алуу менен өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу инновацияларга, технологияларга, "ноу-хауга", адистештирилген кызмат көрсөтүүлөргө жана жогорку квалификациялуу кадрларга эркин жетүүнү кошкондо, кластердин катышуучуларынын географиялык тыгыз жайгашкан жери менен бириктирилген, натыйжалуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруунун, ошондой эле жалпы кооперациялык долбоорлорду жана жемиштүү атаандаштыкты жүзөгө ашыруу үчүн өбөлгөлөрдү түзүүнү камсыз кылуучу транзакциялык чыгымдарды азайтуунун эсебинен бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө шарт түзөт. Жогоруда баяндалгандардан улам, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө кластердик мамиленин маанилүүлүгүн түшүнүү жана бул багытта ишти улантуу боюнча бекем чечим кабыл алуу зарыл, анткени кластерлерди уюштурууга туура мамиле кылууда натыйжалар 5-7 жылдан кийин байкала баштайт (1-тиркеме. Кластерди түзүү методикасы).
1.4. Маалыматтардын чогултуу
Изилдөө иштерин жүргүзүүдө системалуу чогултуу(1) схемасынын болушу пайдалуу. Баштапкы маалыматтарды чогултуу үчүн объекттердин анча маанилүү эмес, бирок толук тизмеси 1.1-таблицада келтирилген.
1.1-таблица. Тармакты талдоо үчүн баштапкы маалыматтардын классификациясы
| Маалыматтардын категориясы | Маалыматтарды чогултуу жана системалаштыруу |
| Өндүрүштүк адистештирүү | |
| Сатып алуучулар жана алардын жүрүм-туруму | |
| Комплиментардык продукттар (бири-бирин толуктап турат) | |
| Субститут продукттары (алмаштыргычтар) | |
| Өсүш | |
| Өсүш темпи | |
| Мүнөзү (сезондук, циклдик) | |
| Факторлор | |
| Өндүрүштүн жана сатып өткөрүүнүн технологиясы | |
| Чыгымдардын түзүмү | |
| Масштабдуу үнөмдөө | Компаниялар боюнча |
| Кошумча нарк | Жылдар боюнча |
| Логистика | Функционалдык тармактар боюнча |
| Жумушчу күчү | |
| Маркетинг жана сатып өткөрүү | |
| Рынок сегментациясы | |
| Маркетинг методикалары | |
| Жеткирүүчүлөр | |
| Сатып өткөрүүчү каналдары (эгерде түз болбосо) | |
| Инновациялар | |
| Типтер | |
| Булактар | |
| Темптери | |
| Масштабдуу үнөмдөө | |
| Атаандаштык стратегиялары: максаттар, артыкчылыктар жана алсыз жактары, көрсөтүүлөр | |
| Социалдык, саясий, укуктук шарттар | |
| Макроэкономикалык чөйрө |
Саналып өткөн категориялардын ар бирин толук сүрөттөп бере алган изилдөөчү (1.1-таблицаны караңыз) тармактын түзүлүшүн жана атаандаштардын мүнөзүн мыкты чагылдырат. Маалыматтарды чогултуу схемасы болгондо бул процессти ар бир тармакта ишке ашыруунун ырааттуулугу жөнүндө кийинки маанилүү стратегиялык маселени чечүүгө болот. Бул жерде ар бир пунктту шарттуу учурда изилдөөдөн баштап кокустук ырааттуулукта изилдөөгө чейинки бир катар альтернативдүү ыкмалар байкалат. Бирок, белгиленгендей, алгач тармакка жалпы сереп салып, андан кийин гана деталдарга көңүл буруу туура болот. Тармактын жаппы баяндамасын алууда төмөнкү учурларды эске алуу керек:
1. Тармактын катышуучусу ким экендигин. Тармактын ишканаларынын, биринчи кезекте, алдыңкы ишканаларды болжолдуу тизмесин тез арада түзүү зарыл. Негизги атаандаштардын тизмеси ар кандай басылмаларды жана документтерди тез табууга жардам берет.
2. Тармактык изилдөө. Тармакты салыштырмалуу толук изилдеген басылмаларды же анын маанилүү маселелерине арналган макалалардын сериясын аныктоо мүмкүнчүлүгү бар. Бул материалдарды изилдөө тез арада жалпы түшүнүк алууну камсыз кыла алат.
3. Жыл сайын отчеттор. Эгерде тармакта иштеп жаткан ачык акционердик коомдор болсо, биринчи кезекте алардын жыл сайын берилүүчү отчетторун кароо керек. Бир жылдык отчетто аз маалымат болушу мүмкүн, бирок бир катар алдыңкы ишканалардын 10-15 жылдын аралыгындагы жылдык отчетторун тез карап чыгуу да өндүрүштү изилдеп чыгууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзөт. Бизнестин орчундуу маселелери тигил же бул жерде сөзсүз түрдө каралат. Бул учурда изилдөөчү жакшы жана маанилүү эмес финансылык натыйжаларды да түшүндүргөн себептерге көңүл буруусу керек, алар тармакта ийгиликке жетишүүнүн негизги факторлорунун тизмегине көрсөтмө беришет. Ошондой эле компания эмне менен сыймыктанарын, аны эмне тынчсыздандырарын жана анда кандай чоң өзгөрүүлөр болгонун билиш керек. Мындан тышкары, бир катар отчеттордун болушу жана саптардын ортосунда окуу менен, ишканалардын иши, анын ичинде алардын уюштуруу түзүмү, өндүрүш агымы жана башка көптөгөн факторлор жөнүндө айрым маалыматтарды алууга болот.
2. Тармактагы же региондогу компаниялардын абалын талдоо
2.1. Региондогу учурдагы экономикалык жана социалдык кырдаалга сереп
Региондогу учурдагы экономикалык жана социалдык кырдаалга сереп салуу кластерди түзүүгө даярдык көрүүдө маанилүү этап болуп саналат. Бул талдоо регион туш болгон негизги тенденцияларды, чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түшүнүүгө, ошондой эле кластердик демилгени өнүктүрүүнүн потенциалын аныктоого жардам берет. Маалыматтарды чогултуу жана талдоо:
- жумушсуздуктун деңгээли, региондук дүң продукт, инвестициялар, калктын билим деңгээли ж.б. сыяктуу регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүү жөнүндө статистикалык маалыматтарды чогултуу;
- региондун экономикасынын негизги тармактарынын өнүктүрүү тенденцияларын баалоо;
- демографиялык маалыматтарды, анын ичинде калктын курактык түзүмүн, миграциялык процесстерди ж.б. изилдөө.
Атаандаштык чөйрөсүн талдоо:
- региондун учурдагы атаандаштык чөйрөсүн изилдөө, анын ичинде региондо иштеп жаткан ишканаларды талдоо жана алардын атаандаштык артыкчылыктарын жана кемчиликтерин баалоо;
- эгерде алар бар болсо, региондогу кластердик демилгелерди жана учурдагы кластерлерди талдоо.
Негизги чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо:
- регион туш болгон жумушчу күчүнүн жетишсиздиги, өндүрүштүн эскириши, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн төмөндүгү ж.б. сыяктуу негизги көйгөйлөр жана чакырыктар;
- квалификациялуу жумушчу күчүнүн болушу, жаратылыш ресурстарына жетүү, илимий жана билим берүү мекемелеринин болушу ж.б. сыяктуу регионду өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр.
Кластердик демилгенин потенциалын баалоо:
- аныкталган чакырыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде региондо кластерлерди түзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү баалоо;
- кластердин ийгиликтүү иштешине өбөлгө түзө турган компаниялар менен мекемелердин ортосундагы мүмкүн болгон синергетикалык таасирлерди изилдөө.
Корутундуларды жана сунуштарды иштеп чыгуу:
- региондогу учурдагы экономикалык жана социалдык кырдаал жана анын кластердик демилгени өнүктүрүү үчүн жарактуулугу жөнүндө корутундуларды даярдоо;
- табылган чакырыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ылайык кластердик долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу үчүн кийинки кадамдар боюнча сунуштарды даярдоо.
2.2. Кластерди түзүүгө кызыкдар болгон негизги тармактарды жана компанияларды аныктоо
Кластерди түзүүгө кызыкдар болушу мүмкүн болгон негизги тармактарды жана компанияларды аныктоо рынокту жана бизнес чөйрөсүн комплекстүү талдоону талап кылат. Рынокту жана экономикалык кырдаалды талдоо:
- региондун экономикасынын түзүмүн жана компаниялар иштеген негизги тармактарды изилдөө;
- региондун экономикасы үчүн негизги болуп саналган жана өнүктүрүү үчүн потенциалга ээ тармактарды аныктоо.
Атаандаштык чөйрөсүн изилдөө:
- региондо иштеп жаткан компанияларды жана алардын ар кандай тармактардагы ишин талдоо;
- кластердин алкагында кызматташуудан жалпы кызыкчылыктары жана артыкчылыктары болушу мүмкүн болгон компанияларды аныктоо.
Негизги катышуучуларды аныктоо:
- өз тармактарында алдыңкы ролду ойногон ири жана орто компанияларды аныктоо;
- башка компаниялар менен кызматташуу боюнча инновациялар, атаандаштык артыкчылыктар жана кызыкчылыктар үчүн алардын потенциалын изилдөө.
Илимий жана билим берүү мекемелерине сереп:
- региондогу тиешелүү тармактарда адистешкен илимий жана билим берүү мекемелерин изилдөө;
- бизнес менен кызматташуу жана кластерге катышуу үчүн алардын кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо.
Интервьюларды жана сурамжылоолорду жүргүзүү:
- компаниялардын жана мекемелердин өкүлдөрү менен алардын кызыкчылыктарын, керектөөлөрүн жана кластердик демилгеден күтүүлөрүн аныктоо үчүн интервью жана сурамжылоо жүргүзүү, бул кластерди түзүүгө кайсы тармактар жана компаниялар кызыкдар экендиги жана бул кызматташуудан алар эмнелерди күтүп жаткандыгы жөнүндө тереңирээк түшүнүк алууга мүмкүндүк берет.
Рыноктук мүмкүнчүлүктөрдү талдоо:
- суроо-талаптын тенденцияларына, өсүү перспективаларына жана атаандаштык артыкчылыктарына таянуу менен ар кандай тармактар жана компаниялар үчүн рыноктук потенциалды баалоо;
- кластердин алкагында ийгиликтүү кызматташуу үчүн эң чоң потенциалга ээ тармактарды жана компанияларды тандоо.
2.3. Атаандаштык чөйрөсүн жана ийгиликтин негизги факторлорун талдоо
Атаандаштык чөйрөсүн жана ийгиликтин негизги факторлорун талдоо кластерди түзүүгө даярдык көрүүдө маанилүү этап болуп саналат. Бул талдоо региондогу компаниялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө кандай факторлор таасир этерин түшүнүүгө, ошондой эле келечекте кластердин ийгилигин аныктоочу негизги факторлорду аныктоого жардам берет. Атаандаштарды аныктоо:
- тиешелүү тармактарда рыноктун негизги катышуучуларын аныктоо;
- күчтүү жана алсыз жактарын, өнүктүрүү стратегияларын жана атаандаштык артыкчылыктарын баалоо.
Рыноктук үлүшүн талдоо:
- ар бир атаандаштын рыноктук үлүшүн жана рыноктогу ордун изилдөө;
- ар кандай сегменттердеги рыноктук үлүшүн баалоо жана алардын ар биринде кайсы компаниялар лидер экенин түшүнүү.
Атаандаштык артыкчылыктарын баалоо:
- ар бир атаандаштын технологиялар, бренддер, баалар, продукциянын сапаты, кардарларды тейлөө ж.б. сыяктуу негизги атаандаштык артыкчылыктарын изилдөө;
- бул артыкчылыктардын кайсынысы кардарлар үчүн эң маанилүү экенин жана кайсы компаниялар алардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн эң көп мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин аныктоо.
Макроэкономикалык факторлорду талдоо:
- атаандаштык чөйрөсүнө экономикалык өсүш, инфляция, жумушсуздук, салык саясаты, валюта курсу ж.б. сыяктуу макроэкономикалык факторлордун таасирин карап чыгуу;
- келечекте компаниялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн болгон факторлорду аныктоо.
Рынок тенденцияларын изилдөө:
- рыноктун учурдагы тенденцияларына жана аны өнүктүрүүнүн болжолуна талдоо жүргүзүү;
- келечекте пайда болушу мүмкүн болгон потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү жана коркунучтарды жана алардын атаандаштык чөйрөсүнө тийгизген таасирин баалоо.
Ийгиликтин негизги факторлорун аныктоо:
- ресурстарга жеткиликтүүлүк, инновациялар, башкаруунун сапаты, мамлекеттик колдоонун деңгээли ж.б. сыяктуу келечекте кластердин ийгилигин аныктоочу негизги факторлорду белгилөө;
- бул факторлорду өз пайдасына пайдалануу үчүн кайсы компаниялар жана тармактар эң чоң потенциалга ээ экендигин аныктоо.
3. Кластерди түзүү мүмкүнчүлүгү
3.1. Кластерлерди түзүү үчүн экономикалык өбөлгөлөр. Кластерди түзүүдө анын ийгиликтүү иштешин жана өнүгүшүн камсыз кыла турган бир нече маанилүү экономикалык өбөлгөлөрдү эске алуу керек:
- кластердин мүчөлөрү бири-бирин толуктап турган ар түрдүү ресурстарга, көндүмдөргө жана компетенцияларга ээ болушу, мисалы, өндүрүш ишканаларынын, изилдөө лабораторияларынын, окуу жайлардын жана башка уюмдардын болушу зарыл, алар өз ара кызматташуу жана инновациялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүшү керек;
- биргелешкен иш-аракеттер жана синергия үчүн потенциал болушу керек, ал билим, тажрыйба, ресурстар жана технологиялар менен алмашууну, ошондой эле инфраструктураны жана рыноктук мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип пайдаланууну камтыйт;
- продукцияны илгерилетүүнүн биргелешкен каналдары, маркетингдик мүмкүнчүлүктөр жана жаңы заказчыларды тартуу боюнча биргелешкен демилгелер үчүн жаңы рынокторго жана кардарларга жеткиликтүүлүк зарыл;
- рынокто уникалдуу атаандаштык артыкчылыктарын өнүктүрүү жана ордун ээлөө үчүн шарттарды түзүүгө тийиш болгон ресурстарды жана компетенцияларды биргелешип пайдаланууну камтыган милдеттүү адистештирүүнүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн болушу;
- кластердин катышуучуларына өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана продукциянын баасын төмөндөтүүгө мүмкүндүк бере турган инфраструктураны, сатып алууларды, логистиканы жана башка ресурстарды жалпы пайдалануу аркылуу үнөмдөөлөрдү алуу жана чыгымдарды азайтуу мүмкүнчүлүгү;
- рынокто катышуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө жардам берүүчү инновациялык активдүүлүккө өбөлгө түзүүчү билим, технология жана тажрыйба алмашуу, изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды биргелешип өткөрүү.
3.2. Биргелешкен максаттарга жетүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу үчүн кластердин катышуучулары колдонгон ресурстардын ар кандай түрлөрүнө жетүүнү камтышы мүмкүн болгон кластерлерди түзүүнүн ресурстук өбөлгөлөрү:
- кластердин алкагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ар түрдүү көндүмдөргө жана тажрыйбага ээ жана персоналды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн билим берүү ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон квалификациялуу адистердин жана жумушчу күчүнүн болушу;
- жаңы продукттарды жана технологияларды иштеп чыгуу, изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү, ошондой эле бизнести кеңейтүү жана өндүрүштү масштабдоо үчүн зарыл болгон каржылоого, инвестицияларга жана гранттарга жетүү;
- товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү үчүн зарыл болгон чийки затка, жабдууга, инфраструктурага жана башка материалдык ресурстарга жетүү, бул кластердин катышуучуларына чыгымдарды азайтууга жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет;
- жаңы продукттарды иштеп чыгуу, өндүрүштү башкаруу жана кардарларды тейлөө үчүн зарыл болгон маалыматтык технологияларга, маалымат базаларына, интеллектуалдык менчикке жана башка технологиялык ресурстарга жетүү;
- кластердин катышуучуларына рыноктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам бере турган башка уюмдар, анын ичинде жеткирүүчүлөр, кардарлар, атаандаштар жана изилдөө мекемелери менен тармактык мамилелерге жана өнөктөштүккө катышуу мүмкүнчүлүгү;
- тармакка жана региондук өзгөчөлүктөргө жараша жаратылыш ресурстарына жетүү, мисалы, айыл чарба кластеринде чарба жерлери, суу ресурстары жана климаттык шарттар болушу мүмкүн.
3.3. Катышуучулардын ортосундагы кызматташтыкты жана биргелешкен иш-аракеттерди жеңилдеткен бир катар факторлорду камтыган кластерлерди түзүүнүн уюштуруу өбөлгөлөрү:
- өз ара аракеттенүү тармагын түзүүгө жана биргелешип иштөө үчүн жетиштүү көлөмдөгү ресурстарды жана компетенцияларды камсыз кылууга мүмкүндүк берген катышуучулардын жетиштүү санда болушу;
- экономиканын ар кандай секторлорунун, мисалы, өндүрүштүк, илимий, билим берүү жана мамлекеттик уюмдардын катышуучуларын бириктирген ар кандай секторлордун ортосундагы өз ара аракеттенүү;
- биргелешип иштөөгө, катышуучулардын ортосунда ишенимди өнүктүрүүгө шарт түзө турган билим, тажрыйба жана ресурстар менен алмашууга, өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана өз ара колдоого даяр болууга даярдык;
- кластердин ийгиликтүү иштеши үчүн, кластердин ишин уюштурууну жана башкарууну камсыз кылган лидерликтин жана координациянын болушу;
- кластерди түзүүдө маанилүү ролду ойногон каржылоону, инфраструктураны, билим берүү программаларын жана анын өнүгүшүнө көмөктөшүүчү колдоонун башка түрлөрүн камсыз кылган мамлекет тарабынан колдоо;
- максаттардын жана иш-аракеттердин биримдигин, ошондой эле натыйжалуу координацияны жана кызматташууну камсыз кылууга көмөктөшүүчү кластердин катышуучуларынын жалпы көз карашы жана стратегиясы.
4. Кластерди түзүүнүн актуалдуулугун негиздөө
4.1. Төмөнкүлөр кириши керек болгон учурдагы кырдаалга талдоо жүргүзүү:
- кластер түзүү пландаштырылган региондогу, тармактагы же коомдогу учурдагы экономикалык жана социалдык кырдаалга сереп салуу;
- рыноктун катышуучулары туш болгон негизги чакырыктарды, көйгөйлөрдү же мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо;
- тармактын рыноктук абалын, анын ичинде рыноктун көлөмүн, суроо-талаптын жана сунуштун тенденцияларын, атаандаштык чөйрөсүн, керектөөчүлөрдүн артыкчылыктарын жана кластердин ийгилигине таасир этиши мүмкүн болгон башка факторлорду камтыган рыноктук чөйрөнү изилдөө;
- кластер түзүү пландаштырылган региондогу экономикалык жана социалдык контекстти, анын ичинде жумушсуздуктун деңгээлин, калктын кирешесин, билим деңгээлин жана анын өнүгүшүнө таасир эте турган башка факторлорду баалоо;
- кластерди түзүү үчүн өндүрүштүк кубаттуулуктар, илимий жана билим берүү мекемелери, техникалык билим жана квалификациялуу эмгек ресурсу сыяктуу колдо болгон ресурстарды жана инфраструктураны аныктоо;
- кластерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө таасир этиши мүмкүн болгон мыйзамдык жана саясий факторлорду, анын ичинде салык саясатын, мамлекеттик колдоону, тармакты жөнгө салууну жана башка аспекттерди изилдөө;
- тармакта жана региондо технологиялык өнүгүүнү, анын ичинде инновациялардын болушун, жаңы технологияларды киргизүү үчүн потенциалды жана заманбап өндүрүштүк методдордун жеткиликтүүлүгүн изилдөө;
- кластердин катышуучулары боло ала турган ишканалардын, академиялык жана илимий мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана күтүүлөрүн изилдөө;
- кластерди түзүүдө келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге баа берүү жана аларды минималдаштыруу үчүн стратегияларды жана иш-чараларды иштеп чыгуу.
4.2. Мүмкүн болгон артыкчылыктарды аныктоо:
- компаниялардын жеке ишине салыштырмалуу кластердик кызматташуу сунуш кыла турган артыкчылыктарды аныктоо (мисалы, масштабды үнөмдөө, ресурстар жана билим алмашуу, биргелешкен маркетингдик изилдөө, инновациялык активдүүлүктү жакшыртуу жана башкалар);
- кластердин ресурстарын жана инфраструктурасын биргелешип пайдалануу, ал катышуучулар үчүн үнөмдөөгө алып келиши мүмкүн, бул өндүрүштүн чыгымдарын азайтууга жана бизнес-процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет;
- кластердин алкагында катышуучуларга мурда жеткиликсиз болгон же жалгыз жетүү кыйын болгон жаңы рынокторго жана кардарларга жетүү мүмкүнчүлүгүн берген кызматташуу;
- катышуучулардын ортосунда инновациялык өнүгүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзүүчү билим, тажрыйба жана алдыңкы практика менен алмашуу;
- кластердин алкагында биргелешкен изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга катышуу, ал катышуучуларга бизнесин диверсификациялоого жана кирешенин өсүшүнө өбөлгө түзүүчү жаңы продукттарды, технологияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет;
- кластердин бийлик органдарынын, жөнгө салуучулардын жана башка кызыкдар тараптардын алдында катышуучулардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн жамааттын үнү катары чыгышы;
- ийгиликтүү жана инновациялык бизнес-коомчулук менен биригүүсүнөн улам катышуучулардын аброюн жана имиджин көтөрүүгө жардам берген, кластерге катышуу;
- тобокелдиктерди катышуучулардын ортосунда бөлүштүрө турган жана алардын айрым жеке ишкерлерге тийгизген таасирин азайтуучу кластердин долбоорлоруна жана иш-чараларына биргелешкен катышуу.
4.3. Атаандаштык чөйрөсүн изилдөө:
- атаандаштык чөйрөсүн талдоо жана кластерди уюштуруу рыноктогу учурдагы катышуучуларга салыштырмалуу кандай пайда алып келерин аныктоо (мисалы, продукттардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ар түрдүүлүгү, ийкемдүү баалар же сапаты жакшыраак);
- окшош тармактарда иштеген же окшош продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылган компанияларды жана уюмдарды кошо алганда, атаандаштарды аныктоо;
- күчтүү жактарын, алсыз жактарын, мүмкүнчүлүктөрүн жана коркунучтарын талдоону камтыган кластердин жана анын катышуучуларынын атаандаштарга салыштырмалуу атаандаштык артыкчылыктарын талдоо;
- алардын рыноктогу позициясын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн түшүнүү үчүн кластердин жана анын катышуучуларынын рыноктук үлүшүн, ошондой эле рыноктун айрым сегменттеринде алардын үлүшүн талдоо;
- суроо-талаптын, сунуштун тенденциясын жана баа атаандаштыгын баалоо үчүн кластер жана анын атаандаштары сунуш кылган продукттарга же кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талапты жана сунушту талдоо;
- тармактын технологиялык өнүгүүсүн жана анын кластердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасирин, технологиялык өзгөрүүлөргө байланыштуу инновациялык мүмкүнчүлүктөр жана коркунучтар кандай экендигин баалоо;
- атаандаштардын маркетингдик стратегияларын талдоо жана баа саясатын талдоону, товарларды илгерилетүүнү, рынокто бөлүштүрүүнү жана жайгаштырууну камтыган алардын күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо;
- рыноктогу жаңы катышуучуларды, керектөөчүлөрдүн каалоолорунун өзгөрүшүн, мыйзамдык өзгөрүүлөрдү ж.б. эске алган рыноктун тенденцияларына жана өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүү.
4.4. Катышуучулардын муктаждыктарын изилдөө:
- кластердин ыктымалдуу катышуучулары менен алардын керектөөлөрүн, күтүүлөрүн жана кызыкчылыктарын түшүнүү үчүн консультацияларды өткөрүү;
- кластерди уюштуруу алардын максаттарына шайкеш келе тургандыгын жана аларга учурдагы проблемаларды чечүүгө жардам бере тургандыгын ырастоо;
- катышуучулардын каалоосуна жараша жазуу жүзүндө жана электрондук түрдө алардын керектөөлөрүн, проблемаларын жана күтүүлөрүн аныктоо үчүн кластердин катышуучуларынын арасында сурамжылоо жана анкета жүргүзүү;
- алардын муктаждыктарын жана проблемаларын терең изилдөө жана талкуулоо үчүн кластердин ар кандай компанияларынын жана уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен фокус-топторду уюштуруу;
- кластердин негизги катышуучулары, анын ичинде ишкерлер, менеджерлер, бийлик органдарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар менен жеке интервью өткөрүү;
- кластердин катышуучуларынын керектөөлөрүнө таасир этиши мүмкүн болгон өндүрүштүк процесстер, рыноктук кырдаал, тармактын тенденциялары жана башка факторлор жөнүндө жеткиликтүү маалыматтарга жана отчетторго талдоо жүргүзүү;
- кошумча эксперттик колдоо жана консультация алуу үчүн кластердик өнүктүрүүгө жана муктаждыктарды талдоого адистешкен эксперттер жана консультанттар менен өз ара аракеттенүү;
- кластердин катышуучуларынын муктаждыктарын жана кырдаалдагы өзгөрүүлөрдү дайыма байкап туруу үчүн мониторинг жүргүзүү жана алар менен кайра байланышуу механизмдерин белгилөө.
4.5. Мамлекеттик бийлик органдары тарабынан көмөктөшүү:
- жагымдуу мыйзамдык жана институттук чөйрөнү түзүүгө (бизнес-чөйрөнүн туруктуулугун жана алдын ала божомолдонушун камсыз кылуу менен кластерлерди өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу мыйзамдарды, саясаттарды жана программаларды иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө, ошондой эле инновацияларды колдоого жана өнүктүрүүгө);
- гранттар, субсидиялар, салыктык жеңилдиктер же башка финансылык механизмдер түрүндөгү кластерлерге финансылык колдоого жана инвестициялар боюнча;
- кластердин катышуучуларынын көндүмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү билим берүү программаларына, тренингдерге жана курстарга жетишүүдөн турган билим берүү жана окутуу менен камсыз кылууга;
- кластерлер менен кызматташууда изилдөөгө жана иштеп чыгууга же технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн илимий изилдөөлөргө жана инновациялык долбоорлорго финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- эл аралык маркетинг ишин жүргүзүүгө, эл аралык көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышууга, ошондой эле эл аралык соода мүмкүнчүлүктөрү жана талаптары жөнүндө маалымат берүүгө колдоо көрсөтүү менен эл аралык рынокторго жетүүдө кластерлерге жардам көрсөтүүгө;
- бизнес-процесстерди тездетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө өбөлгө болуучу уруксаттарды, лицензияларды, сертификаттарды жана башка административдик жол-жоболорду алуу менен байланышкан административдик маселелерди чечүүгө.
4.6. Узак мөөнөттүү пайдаларды негиздөө:
- ишканаларды жана уюмдарды кластерге бириктирүү аларга синергетикалык натыйжаны түзүүгө жана биргелешкен ресурстарды жана компетенцияларды пайдаланууга мүмкүндүк берет, алар ресурстарды кыйла натыйжалуу пайдалануунун, чыгымдарды азайтуунун жана продукциянын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуунун аркасында дүйнөлүк рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга жардам берет;
- кластерлер билим жана тажрыйба алмашуу, инновациялык өсүшкө жана продуктулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жакшырышына алып келген жаңы идеялардын жана чечимдердин пайда болушуна көмөктөшүүчү биргелешкен изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын эсебинен инновацияларды өнүктүрүү жана жаңы технологияларды киргизүү үчүн жагымдуу чөйрөнү камсыз кылат;
- кластерди өнүктүрүү өндүрүштү өстүрүүнүн жана кластердин катышуучуларынын бизнесин кеңейтүүнүн эсебинен жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт, ал жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө жана региондогу калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт;
- кластерлер, инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инфраструктураны жана жашоо шарттарын жакшыртуу, региондун ИДПсынын өсүшүнө жана анын жашоочуларынын кирешелеринин көбөйүшүнө өбөлгө болуу менен региондун экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычы боло алат;
- жакшы уюштурулган кластерлер инновациялардын, сапаттуу продукциянын жана жогорку технологиялардын борбору катары региондун имиджин жана аброюн бекемдөөгө жардам берет;
- кластерди түзүү жаңы жумуш орундарын түзүүнүн, кирешелерди жогорулатуунун, билим алууга, саламаттык сактоого жана башка социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнүн эсебинен калктын жашоо шарттарын жакшыртууга алып келиши мүмкүн.
4.7. Экономикалык, социалдык жана экологиялык жактан оптималдуу натыйжаларга жетүү максатында ар кандай кызыкдар тараптардын ар кандай кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эсепке алуу жана канааттандыруу:
- кластердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, катышуучулардын өндүрүмдүүлүгүнүн жана кирешелүүлүгүнүн өсүшүн камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу жана экономикалык өсүшкө жана кластердин катышуучуларынын жана жалпы эле региондун бакубаттуулугун жакшыртууга өбөлгө түзүүчү стратегияларды иштеп чыгуу менен жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн экономикалык натыйжалуулукту түзүү;
- кластерди түзүүдө жумуш орундары менен камсыз кылуу, эмгек ресурстарынын квалификацияларын өнүктүрүү, калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык инфраструктураны чыңдоо үчүн шарттарды түзүү сыяктуу социалдык аспектилерди эсепке алуу;
- айлана-чөйрөгө көңүл буруу жана таза технологияларды киргизүүнү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну жана экологиялык стандарттарды сактоону камтууга тийиш болгон өндүрүштүк процесстердин экологияга тийгизген терс таасирин минималдаштыруу;
- кластерге өз тармагында алдыңкы позицияда калууга жана рынокто ийгиликтүү атаандашууга мүмкүндүк берүүчү инновацияларга демилге берүү жана жаңы технологияларды, продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү;
- экономикалык өсүштү жана социалдык өнүгүүнү бирдей бөлүштүрүүнү камсыз кылуу максатында кластердин катышуучуларынын географиялык жайгашуусун эсепке алуу жана ар кандай аймактарды өнүктүрүү балансы;
- рыноктун өзгөрүп жаткан шарттарына, технологиялык инновацияларга, катышуучулардын керектөөлөрүнө жана тышкы чөйрөгө ыңгайлашууга ийкемдүүлүк жана жөндөмдүүлүк.
4.8. Тармакта же региондо келечектеги тренддерди эсепке алуу:
- өнүгүүнүн учурдагы тенденцияларын жана болжолдонгон багыттарын аныктоо максатында тармактын, рыноктун жана социалдык тенденциялардын маалыматтарын жана статистикасын талдоо;
- тармактагы жана чектеш секторлордогу тенденцияларды изилдөө;
- келечекте кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болорун түшүнүүгө жардам бериши керек болгон тармакта жана чектеш тармактарда инновацияларды жана технологиялык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө;
- бизнеске жана коомго мүмкүн болгон таасирлерди болжолдоого жардам берүүгө тийиш болгон демография, климаттын өзгөрүшү, саясий жана жөнгө салуучу өзгөрүүлөр сыяктуу экономикалык жана социалдык факторлорду изилдөө;
- келечектеги тренддер боюнча баалуу божомолдорду жана сунуштамаларды берүү үчүн тармактын жана аны менен байланышкан тармактардын адистерине жана эксперттерине кайрылуу;
- кластердин катышуучуларына келечектеги ар кандай мүмкүн болгон сценарийлерге даярданууга жана аларга ыңгайлашууга мүмкүндүк берген белгилүү маалыматтардын жана күтүлүп жаткан тренддердин негизинде өнүгүүнүн ар кандай сценарийлерин түзүү.
5. Кластерди түзүү боюнча ченемдик укуктук документтерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу
Ченемдик укуктук документтерди кабыл алуу процесси конкреттүү тармакка же регионго жараша айырмаланышы мүмкүн жана чечимдерди кабыл алуу жол-жобосунда кошумча этаптарды же өзгөчөлүктөрдү камтыйт:
- ишкерлер, коомдук уюмдар, академиялык мекемелер же мамлекеттик органдар тарабынан берилиши мүмкүн болгон кызыкдар тараптардын тобунун сунуштарын жана демилгелерин даярдоо;
- сунуштардын жана демилгелердин негизинде кластерлерди түзүү жана иштетүү процессин жөнгө салуучу мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыгат, ага экономика, юриспруденция боюнча адистер, бизнестин өкүлдөрү жана башка эксперттер тартылууга тийиш;
- ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же региондук башкаруу органдары сыяктуу компетенттүү бийлик органдарында талкууланат, анын жүрүшүндө документтин текстине түзөтүүлөр жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн;
- талкуулоодон жана бекитүүдөн кийин документ компетенттүү орган тарабынан кабыл алынат жана расмий юридикалык басылмада жарыяланат, бул аны бардык кызыкдар тараптар жана ишкерлер үчүн милдеттүү кылат;
- ченемдик акт кабыл алынгандан кийин аны практикада ишке ашыруу башталат.
6. Кластердин миссиясын, стратегиялык максаттарын жана милдеттерин түзүү
6.1. Кластердин миссиясын түзүү
Кластердин миссиясын түзүү анын стратегиялык максаттарын жана багыттарын аныктоочу негизги этап болуп саналат. Бул бардык кызыкдар тараптардын активдүү катышуусун жана кеңири консенсуска жетүү үчүн ар кандай варианттарды талкуулоону талап кылган жамааттык процесс. Миссия кластердин негизги принциптерин жана баалуулуктарын, анын негизги милдеттерин жана күтүлгөн натыйжаларын чагылдырышы керек. Миссия:
- инновация, туруктуу өнүгүү, кызматташуу, сапат жана кардарларга багыт алуу сыяктуу кластердин негизги баалуулуктарын жана принциптерин чагылдырууга;
- кластердин орто жана узак мөөнөттүү келечекте койгон негизги максаттарын жана милдеттерин аныктоого;
- кластерди өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана анын стратегиялык артыкчылыктарын көрсөтүүгө, мисалы, жаңы технологияларды өнүктүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, экологиялык туруктуулук ж.б.;
- кластердин анын катышуучулары, регион жана бүтүндөй коом үчүн маанилүүлүгүн баса белгилөөгө, ошондой эле ага катышуудан алар ала турган пайданы сыпаттоого;
- кластердин катышуучуларына жогорку натыйжаларга жетүүгө жана кыйынчылыктарды жеңүүгө түрткү берүү менен амбициялуу жана шыктандыруучу болууга;
- жетиштүү ийкемдүү болууга жана өзгөрүп жаткан тышкы чөйрөнүн шарттарына жана кластердин катышуучуларынын муктаждыктарына ылайыкташууга;
- кластердин бардык катышуучуларына түшүнүктүү жана эсте каларлык болгондой кыска жана так жазылууга тийиш.
6.2. Бир нече негизги кадамдарды камтыган кластер үчүн стратегиялык максаттарды иштеп чыгуу:
- тармактагы же региондогу учурдагы кырдаалды талдоо, анын ичинде рыноктук тенденцияларды, атаандаштык чөйрөнү, технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле кластердин катышуучуларынын күчтүү жана начар жактарын изилдөө;
- кластердин алдында турган негизги муктаждыктарды, чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо жана иштин артыкчылыктуу тармактарын жана өнүгүү багыттарын бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берүү;
- конкреттүү, өлчөнө турган, жетүүгө боло турган, релеванттуу жана убакыт боюнча чектелүүгө тийиш болгон максаттарды коюу (SMART);
- инновацияларды өнүктүрүү, продукциянын сапатын жакшыртуу, сатуу рынокторун кеңейтүү ж.б. сыяктуу кластер үчүн артыкчылыктуу боло турган иштин негизги тармактарын бөлүп көрсөтүү;
- ар бир стратегиялык максат үчүн коюлган максаттарга жетүүнү өлчөөгө мүмкүндүк бере турган ийгиликтин негизги көрсөткүчтөрүн аныктоо зарыл, мисалы, сатуу деңгээли, рыноктун үлүшү, кардарлардын канааттануу деңгээли ж.б. боюнча көрсөткүчтөр;
- аныкталган максаттардын жана иштин артыкчылыктуу багыттарынын негизинде коюлган максаттарга жетүү үчүн кадамдарды жана иш-чараларды аныктоочу конкреттүү иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу зарыл, ал жооптуу адамдарды жана аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен так баяндалууга тийиш;
- стратегиялык максаттардын иш-аракеттер планы аныкталгандан кийин коюлган максаттарга натыйжалуу жетүүнү жана өзгөрүп жаткан шарттарга ыңгайлашууну камсыз кылуу үчүн пландарды оңдоо жана аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү керек.
6.3. Кластердин милдеттери:
Кластердин милдеттерин түзүүдө анын миссиясында аныкталган стратегиялык максаттарды жана артыкчылыктарды эске алуу маанилүү. Милдеттер конкреттүү, өлчөнө турган, жетүүгө боло турган, релеванттуу жана убакыт боюнча чектелүүгө тийиш:
- ар бир милдет кластердин максаттарына түздөн-түз шайкеш келүүгө жана аларга жетүүдө өз салымын кошууга тийиш жана жалпы өнүгүү стратегиясынан чыгарылууга тийиш;
- сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдө так түзүлүүгө жана аныкталууга тийиш, бардык катышуучулар үчүн түшүнүктүү жана бир мааниде болушу керек;
- аларды аткаруу даражасын баалоо жана натыйжага жетүү жөнүндө так түшүнүккө жетүү үчүн өлчөнө турган болууга тийиш;
- алардын маанилүүлүгүнө жана кластердин максаттарына жетүүгө тийгизген таасирине ылайык артыкчылыктар боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш, бул ресурстарды пайдаланууну оптималдаштырууга жана күч-аракетти негизги багыттарга топтоого мүмкүндүк берет;
- кластердин бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын чагылдырууга тийиш;
- кластердин ичиндеги ишканалар менен уюмдардын ортосунда горизонталдык жана вертикалдык интеграция, ошондой эле берүүчүлөр, кардарлар жана башка тышкы тараптар менен вертикалдык интеграция болууга тийиш;
- кластердин алкагында инновацияларга дем берүүгө жана жаңы продуктуларды, технологияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгууга багытталган, алар атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга жана аны узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт;
- кластердин жалпы максаттарына жетүүгө багытталган биргелешкен демилгелер жана синергия болууга тийиш;
- башка ийгиликтүү кластерлердин мыкты практикаларын, ошондой эле чектеш тармактардагы алдыңкы компаниялардын жана уюмдардын тажрыйбаларын изилдөө, алар сабак алууга жана аларды конкреттүү кластердин контекстинде колдонууга мүмкүндүк берет;
- кластердин катышуучулары туш боло турган проблемаларды биргелешип чечүү жана кыйынчылыктарды жеңүү, алар кызматташтыкты бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу мамилелерди түзүүгө өбөлгө түзөт;
- кластердин катышуучуларынын ортосунда так баяндалууга жана бөлүштүрүлүүгө тийиш, ошондой эле аларды натыйжалуу аткаруу үчүн коммуникация жана координациялоо механизмдери белгиленүүгө тийиш;
- кластердин катышуучуларын окутууну жана өнүктүрүүнү камтыйт, мисалы, тажрыйба алмашуу, тренингдерди жана мастер-класстарды өткөрүү, билим берүү программаларын иштеп чыгуу ж.б.;
- кластердин бардык кызыкдар тараптарынын, анын ичинде ишканалардын, илимий жана билим берүү уюмдарынын, мамлекеттик органдардын, керектөөчүлөрдүн жана башка рыноктун катышуучуларынын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эсепке алуу;
- алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө, натыйжалуулугун баалоо жана зарыл учурда түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн кластердин милдеттеринин аткарылышын баалоо жана мониторинг жүргүзүү механизмдерин караштыруу.
7. Финансылык пландоо
7.1. Кластердин бюджетин иштеп чыгуу
Чыгымдарды аныктоо:
- бардык болжолдонгон чыгымдардын тизмесин түзүү, анын ичинде административдик чыгымдарга, персоналга, маркетингге жана жарнамага, изилдөөгө жана иштеп чыгууга, окутууга жана өнүктүрүүгө, инфраструктурага жана технологияга сарптоолор, ошондой эле каалаган башка зарыл чыгымдар.
Кирешелерди баалоо:
- мүчөлүк төгүмдөр, гранттар, субсидиялар, кызмат көрсөтүүлөрдөн жана продукциядан түшкөн кирешелер, инвестициялар ж.б. сыяктуу кластердин кирешелеринин бардык булактарын баалоо;
- кирешелердин потенциалдуу булактарын жана алардын күтүлгөн көлөмүн эсепке алуу.
Чыгымдарды болжолдоо:
- ар бир чыгашанын көлөмүн баалоо жана аны акчалай туюнтуу;
- инфляция, эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр, технологиялык өзгөрүүлөр ж.б. сыяктуу чыгымдарга таасир этүүчү ар кандай факторлорду эсепке алуу.
Кирешелерди болжолдоо:
- кластердин кирешелеринин учурдагы жана күтүлгөн булактарынын негизинде кирешелердин болжолун даярдоо;
- ар кандай факторлорго жараша кирешелердин көлөмүндөгү мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрдү эсепке алуу.
Артыкчылыктарды белгилөө:
- негизги финансылык ресурстарды багыттоо пландалып жаткан артыкчылыктуу тармактарды жана долбоорлорду аныктоо;
- эгерде бул зарыл болсо, кыскартууларды каерден жасоого боло тургандыгын аныктоо үчүн чыгымдарды милдеттүү жана милдеттүү эмес деп бөлүү.
Жалпы бюджетти түзүү:
- чыгымдарды жана кирешелерди баалоонун негизинде кластердин жалпы бюджетин түзүү;
- тартыштыкты же ашыкчаны болтурбоо үчүн чыгымдар менен кирешелердин ортосунда балансты камсыз кылуу.
Бюджетти бекитүү:
- кластердин бюджетин кызыкдар тараптар, анын ичинде кластердин катышуучулары, башкаруучу органдар жана башка кызыкдар жактар менен талкуулоо жана бекитүү.
Мониторинг жана башкаруу:
- бюджеттин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана зарыл болгон учурда зарыл түзөтүүлөрдү киргизүү;
- кластердин финансыларын башкарууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти камсыз кылуу.
7.2. Каржылоо булактарын жана ресурстарды бөлүштүрүү механизмдерин аныктоо
Кластер үчүн каржылоо булактарын жана ресурстарды бөлүштүрүү механизмдерин аныктоо финансылык туруктуулукту жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылган маанилүү кадам болуп саналат. Каржылоо булактарын аныктоо: Кластер үчүн жеткиликтүү болушу мүмкүн болгон ар кандай каржылоо булактарын талдоо (кластердин катышуучуларынын мүчөлүк төгүмдөрү, мамлекеттик же эл аралык уюмдардын гранттары, жеке компаниялардын же инвесторлордун инвестициялары, кызматтарды же продукцияны сатуудан түшкөн каражаттар, ошондой эле башка каржылоо булактары). Каржылоо булактарынын потенциалын баалоо:
- жеткиликтүү каражаттардын көлөмү, каржылоонун туруктуулугу, алуу шарттары жана узак мөөнөттүү туруктуулугу көз карашынан алганда каржылоонун ар бир булагынын мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;
- каржылоонун ар бир булагы менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана чектөөлөрдү эсепке алуу.
Ресурстарды бөлүштүрүү механизмдерин иштеп чыгуу:
- кластердин ишинин ар кандай түрлөрүнүн ортосунда ресурстарды бөлүштүрүүнүн критерийлерин жана принциптерин аныктоо (конкреттүү долбоорлорду же программаларды каржылоо үчүн артыкчылыктарды белгилөө, ошондой эле кластердин керектөөлөрүнө жана максаттарына жараша ресурстарды бөлүштүрүү);
- ресурстарды бөлүштүрүү боюнча чечимдерди кабыл алуунун жол-жоболорун жана механизмдерин, анын ичинде чечимдерди кабыл алуу үчүн жоопкерчиликти белгилөө, контролдоо жана отчеттуулук механизмдерин, ошондой эле кластердин катышуучуларынын жана башка кызыкдар тараптардын пикирлерин эсепке алуу механизмдерин иштеп чыгуу.
Кызыкдар тараптардын катышуусу:
- кластердин катышуучуларынын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн ресурстарды бөлүштүрүү механизмдерин иштеп чыгуу процессине катышуусун камсыз кылуу;
- ресурстарды бөлүштүрүүгө карата алардын керектөөлөрүн жана артыкчылыктарын аныктоо үчүн кластердин катышуучулары менен консультацияларды жана талкууларды өткөрүү.
Финансылык планды түзүү:
- каржылоо булактарынын жана ресурстарды бөлүштүрүү механизмдеринин негизинде кластердин финансылык планын иштеп чыгуу;
- ар бир каржылоо булагынан күтүлгөн кирешелерди, ошондой эле белгиленген артыкчылыктарга ылайык кластердин ишинин ар кандай түрлөрүнө чыгашаларды көрсөтүү.
Мониторинг жүргүзүү жана тууралоо:
- кластердин финансылык планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана зарыл болгон учурда оңдоолорду киргизүү;
- кызыкдар тараптарга үзгүлтүксүз отчетторду жана кайтарым байланышты берүү менен кластердин финансыларын башкарууда айкындуулукту жана ачыктыкты камсыз кылуу.
8. Кластерлерди түзүүнүн жана иштетүүнүн принциптери
- кластердин ар бир катышуучусу тарабынан кластердин курамына кирүү жана биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алуусун билдирген ыктыярдуу катышуу принциби;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин өз ара аракеттенүүгө кызыктыгын жана даярдыгын жана аны уюштуруу формаларын, кызматташуу багыттарын өз алдынча тандоону, ошондой эле кластерди өнүктүрүү стратегиясын аныктоону жана ишке ашырууну караган өзүн-өзү уюштуруу принциби;
- кластердин катышуучуларынын (экономикалык иштин бир же чектеш түрлөрүнүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин жана башка уюмдарынын) олуттуу санын бир региондун (облустун, райондун, шаардын) аймагында топтоону болжолдогон аймактык чектөө принциби;
- иштин башка чөйрөлөрүндө атаандаштык мамилелерди сактоо менен катар иштин өз ара пайдалуу чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлордун чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан ишке ашырылышын билдирген кооперациянын жана атаандаштыктын рационалдуу катышынын принциби;
- бардык катышуучулардын ишинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу менен ресурстарды, билим жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзгөн ишканалардын, окуу жайларынын, илимий институттардын, мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташтык жана өнөктөштүк принциби;
- жаңы технологияларды киргизүү, жаңы продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, ошондой эле биргелешкен изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө тийиш болгон инновациялар жана технологиялык өнүгүү принциби;
- ресурстарды узак мөөнөткө сактоого, айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтууга жана социалдык жоопкерчиликке багытталууга тийиш болгон иштин экономикалык, экологиялык жана социалдык аспектилерин эске алган туруктуу өнүгүү принциби;
- маалыматка жетүүнү, чечим кабыл алууга катышууну жана катышуучулардын ортосунда тажрыйба алмашууну камсыз кылган ачыктык жана айкындуулук принциби, ал кластердин ишенимин, кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатууга жана жалпы өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт;
- финансылык көмөктөшүүнү камсыз кылуу, бизнести, билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле инновацияларга дем берүү жана технологиялык өнүгүү саясатын жүргүзүү менен кластерлерди түзүүдө жана колдоодо мамлекет активдүү ролду ойноого тийиш болгон мамлекеттик колдоо принциби.
8.1. Кластердин түзүмүн жана катышуучуларынын курамын аныктоо
Кластердин түзүмүн жана катышуучуларынын курамын аныктоо кластердик демилгени түзүүдө маанилүү этап болуп саналат:
- катышуучулардын курамынын негизинде кластердик кеңешти, кластердик кеңсени жана башка башкаруу органдарын, ошондой эле жумушчу топторду жана комитеттерди кошо алганда, кластердин уюштуруу түзүмү аныкталат;
- кластердик кеңеш (кластер ассоциациясы) - бул кластерди өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган, стратегиялык чечимдерди кабыл алган жана башкаруу органдарынын ишин координациялаган кластерди башкаруунун жогорку органы, ал адатта ишканалар, окуу жайлары, илимий институттар, мамлекеттик органдар жана башка кызыкдар тараптар сыяктуу кластердин негизги катышуучуларынын өкүлдөрүнөн турат;
- кластердик кеңсе (башкаруучу компания) - бул кластердин стратегиясын ишке ашыруу, долбоорлорду жана программаларды координациялоо, катышуучулар жана тышкы стейкхолдер менен өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу, ошондой эле кластерди өнүктүрүү боюнча менеджерлерди, инновация боюнча эксперттерди, маркетинг боюнча адистерди жана башкаларды камтыган коюлган милдеттердин аткарылышын камсыз кылган оперативдүү башкаруу органы;
- кластердин конкреттүү милдеттерин жана проблемаларын чечүү үчүн кластердин катышуучуларынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтор жана комитеттер түзүлүшү мүмкүн, алар конкреттүү долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу, кластердин иштөө шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо, ошондой эле тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуу менен алектенет;
- кластердин конкреттүү маселелерин жана милдеттерин кыйла толук жана ыкчам карап чыгуу үчүн иштин белгилүү бир тармактарына адистешкен чакан комитеттер же жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн.
Кластердин түзүмүндө төмөнкү мүчөлөр болушу мүмкүн:
- бир же бир нече байланышкан тармактарда иштеген өндүрүштүк, тейлөө жана башка ири, орто жана чакан ишканалар жана уюмдар;
- адистерди даярдоону, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылган жана технологиялык өнүгүүгө жардам берген ЖОЖдор, колледждер, техникумдар жана башка билим берүү мекемелери;
- кызыктырган тармактарда фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөр, ошондой эле инновациялык технологияларды иштеп чыгуу менен алектенген илимий-изилдөө уюмдары;
- кластердин ишин колдоону жана координациялоону камсыздаган, ошондой эле аны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзгөн жергиликтүү, региондук жана улуттук бийлик органдарынын өкүлдөрү;
- кластердин долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруу үчүн финансылык колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле аны өнүктүрүүгө инвестициялоого даяр инвестициялык фонддор жана финансылык уюмдар;
- кластердин социалдык жана экологиялык жоопкерчилигин өнүктүрүүгө өз салымын кошкон коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
- рынокто сунуш менен суроо-талаптын ортосундагы кыйла тыгыз өз ара байланышты камсыз кылуу үчүн керектөөчүлөрдүн жана заказчылардын өкүлдөрү.
8.2. Тармактык же региондук кластерди түзүү жана өнүктүрүү этаптары
Тармактык же региондук кластерди түзүү жана өнүктүрүү белгилүү бир этаптарды камтыйт.
1. Кластерди алдын ала талдоо жана концептуалдаштыруу:
- рынокту изилдөө жана атаандаштык чөйрөсүн талдоо;
- кластерди түзүүнүн потенциалдуу артыкчылыктарын жана пайданы аныктоо;
- кластердин концепциясын жана идеясын түзүү, анын максаттарын жана милдеттерин аныктоо.
2. Кластердин түзүмүн жана курамын түзүү:
- кластердин негизги катышуучуларын (ишканаларды, академиялык жана илимий мекемелерди, мамлекеттик органдарды ж.б.) аныктоо;
- катышуучулардын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди жана өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүү;
- кластердин уюштуруу түзүмүн түзүү (кластердик кеңеш, кластердик кеңсе ж.б.).
3. Кластердин стратегиясын жана бизнес-планын иштеп чыгуу:
- кластердин стратегиялык максаттарын жана артыкчылыктарын аныктоо;
- каржылоо механизмдерин, ресурстарды бөлүштүрүүнү жана катышуучуларды колдоо чараларын сыпаттоону кошо алганда, бизнес-планды иштеп чыгуу.
4. Ресурстарды мобилизациялоо жана долбоорлорду ишке ашыруу:
- кластердин долбоорлорун ишке ашыруу үчүн каржылоону жана ресурстарды тартуу;
- инновацияларга дем берүү, персоналды окутуу жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү.
5. Башкаруу жана мониторинг жүргүзүү:
- кластердик кеңсенин жана башка башкаруу органдарынын ишин уюштуруу;
- кластердин ишинин натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, жетишилген натыйжаларга ылайык стратегияны корректировкалоо.
6. Масштабдоо жана туруктуу өнүгүү:
- жаңы катышуучуларды тартуунун жана иш-аракеттердин географиясын кеңейтүүнүн эсебинен кластердин ишин кеңейтүү;
- туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн башкаруу процесстерин жана механизмдерин дайыма өркүндөтүү.
Бул этаптардын ар бири кылдат пландаштырууну, координациялоону жана бардык кызыкдар тараптардын муктаждыктарын эсепке алууну талап кылат. Кластерди түзүү жана өнүктүрүү этаптарын туура ишке ашыруу анын натыйжалуу иштешине жана коюлган максаттарга жетишине олуттуу өбөлгө түзөт.
8.3. Мамлекет менен бизнестин тармактык же региондук кластерди колдоо боюнча өз ара аракеттенүүсү
Мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсү төмөнкүлөрдү камтыган тармактык же региондук кластерлерди колдоодо негизги ролду ойнойт:
- гранттар, субсидиялар, салыктык жеңилдиктер же жеңилдетилген кредиттер сыяктуу ар кандай механизмдер аркылуу кластерлерди түзүү жана өнүктүрүү үчүн финансылык колдоо, бул инвестицияларды тартууга, кластердин катышуучулары үчүн финансылык тобокелдиктерди азайтууга жана анын туруктуу иштешин камсыз кылууга жардам берет;
- кластерде бизнести өнүктүрүү жана инновациялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүчү жолдор, энергетикалык тармактар, лабораториялар жана технопарктар сыяктуу кластерди өнүктүрүү үчүн инфраструктураны түзүү;
- мамлекеттик органдар кластердин катышуучуларынын ортосунда кызматташууга өбөлгө түзүүчү, каттоо жана лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүчү, ошондой эле интеллектуалдык менчикти коргоону камсыз кылуучу атайын укуктук алкактарды түзүү менен кластерлерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган мыйзамдык жана ченемдик актыларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө тийиш;
- окуу курстарын, мастер-класстарды, семинарларды жана адам капиталын өнүктүрүүгө багытталган башка иш-чараларды уюштурууну камтыган кластердин катышуучуларынын квалификациясын жогорулатуу жана көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча билим берүү программаларын жана демилгелерин колдоонун эсебинен окутуу жана өнүктүрүү;
- изилдөө жана иштеп чыгуу гранттары, инновациялык ишканалар үчүн салык жеңилдиктери сыяктуу ар кандай колдоо программалары аркылуу инновацияларга дем берүү, ошондой эле инновациялык борборлорду жана лабораторияларды түзүү;
- мамлекеттик органдар бизнес жана башка кызыкдар тараптардын ортосунда чечим кабыл алуунун жогорку деңгээлдеринде кластердин кызыкчылыгын колдоо жана ар кандай стейкхолдерлердин ортосунда диалог жана кызматташтыкты камсыз кылуу менен ортомчу катары чыгууга тийиш;
- эл аралык кызматташтыкты, анын ичинде чет өлкөлүк кластерлер менен өнөктөштүктү, тажрыйба алмашууну жана технологияларды берүүнү колдоо, ал кластерлердин аракетинин географиясын кеңейтүүгө жана дүйнөлүк рынокто алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт;
- кластерге катышуунун артыкчылыктары, жеткиликтүү ресурстар жана бизнеске көрсөтүлүүчү колдоо жөнүндө маалыматтык кампания өткөрүү;
- кластердин катышуучулары жана инвесторлор, банктар, билим берүү мекемелери ж.б. сыяктуу башка кызыкдар тараптардын ортосунда тармактык байланыштарды түзүү, бул тажрыйба, ресурстар менен алмашууга жана бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт;
- экспортко чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөрдү, миссияларды жана ишкер жолугушууларды уюштуруу аркылуу колдоо көрсөтүү, экспорт жана бажылык тариздөө маселелери боюнча консультация берүү ж.б.
8.4. Кластерди башкаруу механизмин түзүү
Кластердик кеңеш кластерди башкарууда негизги ролду ойнойт жана адатта төмөнкү функцияларды жана милдеттерди аткарат:
- өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу, максаттарды жана артыкчылыктарды белгилөө, ошондой эле аларга жетишүү үчүн чараларды иштеп чыгуу;
- кластерди өнүктүрүүгө, инновацияларды киргизүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жакшыртууга ж.б. тиешелүү стратегиялык чечимдерди кабыл алуу;
- жалпы максаттарга жетүү үчүн катышуучулардын өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташтыгын камсыз кылуу менен алардын ишин координациялоо;
- кластердин долбоорлорун жана программаларын колдоо, алардын стратегиялык максаттарга жана милдеттерге ылайык келишин камсыз кылуу;
- кластердин кызыкчылыктарын тышкы стейкхолдерлерге, анын ичинде мамлекеттик органдарга, инвесторлорго, академиялык коомдоштукка жана коомчулукка сунуштоо;
- жетишилген натыйжаларга мониторинг жүргүзүү аркылуу кластердин ишинин натыйжалуулугун баалоо жана андан ары өнүктүрүү үчүн багыттарды аныктоо;
- жаңы технологияларды, продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана киргизүү боюнча демилгелерди колдоо аркылуу инновацияларга көмөктөшүү;
- кластердин долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстарды, анын ичинде мамлекеттик колдоо программалары, инвестициялар жана каржылоонун башка булактары аркылуу тартуу.
Кластердик кеңсе кластердин ишин оперативдүү башкарууда жана координациялоодо маанилүү ролду ойнойт, бул:
- кластердик кеңеш тарабынан иштелип чыккан, пландоону, координациялоону, мониторинг жүргүзүүнү жана алардын аткарылышын баалоону камтыган долбоорлорду жана программаларды башкаруу;
- маалымат жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле учурдагы маселелерди жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн үзгүлтүксүз жолугушууларды, консультацияларды жана жумушчу топторду уюштуруу менен алардын иш-аракеттеринин ырааттуулугун камсыз кылуу аркылуу катышуучуларды координациялоо;
- жаңы продуктуларды, технологияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо, ошондой эле зарыл ресурстарга жана экспертизага жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен кластерде инновациялык ишти дем берүү;
- жаңы катышуучуларды жана инвесторлорду тартуу менен, ошондой эле кластердин брендин илгерилетүү үчүн иш-чараларга, көргөзмөлөргө жана конференцияларга катышуу аркылуу кластердин продукциясын рынокто жайылтуу;
- кластердин финансылык ресурстарын башкаруу, анын ичинде бюджеттөө, чыгымдарды пландоо, катышуучулардын жана стейкхолдерлердин алдында эсепке алуу жана отчеттуулук;
- кластердин катышуучуларынын, ошондой эле тышкы стейкхолдерлердин, анын ичинде мамлекеттик органдардын, академиялык коомдоштуктун, инвесторлордун жана ишканалардын ортосунда натыйжалуу коммуникациялык каналдарды түзүү жана колдоо;
- кластердин катышуучуларынын көндүмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүү, ошондой эле тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуу үчүн окутуу программаларын, семинарларды, мастер-класстарды жана башка иш-чараларды уюштуруу;
- ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинде саясатта, мыйзамдарда жана башка жааттарда кластердин кызыкчылыктарын жана позициясын коргоо менен тышкы стейкхолдерлердин алдында кызыкчылыктарын көрсөтүү.
Кластердеги жумушчу топтор жана комитеттер конкреттүү милдеттерди жана көйгөйлөрдү чечүүдө, ошондой эле төмөнкүлөрдү камтыган чечимдерди кабыл алуу үчүн сунуштарды жана сунуштамаларды даярдоодо маанилүү ролду ойнойт:
- кластердин ишинин ар кандай чөйрөлөрүндө изилдөө жана талдоо (мисалы, рыноктун тенденцияларын, атаандаштык чөйрөсүн, технологиялык инновацияларды, рыноктун керектөөлөрүн ж.б.);
- өнүгүүнүн негизги багыттарын белгилөө жана максаттарга жетүү үчүн артыкчылыктарды аныктоо менен кластердин стратегиялык пландарын жана программаларын иштеп чыгууга катышуу;
- кластердин долбоорлорун жана программаларын даярдоо, анын ичинде максаттарды аныктоо, бизнес-пландарды иштеп чыгуу, тобокелдиктерди баалоо, бюджеттерди түзүү ж.б.;
- кластердин катышуучуларынын ортосунда макулдашылган иш-аракеттерди жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуучу конкреттүү милдеттердин жана иш-чаралардын аткарылышын координациялоо;
- долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, алардын натыйжалуулугуна баа берүү;
- кластердин катышуучулары үчүн окутуучу иш-чараларды, семинарларды, мастер-класстарды жана тажрыйба жана билим алмашуунун башка формаларын уюштуруу;
- өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын аныктоо жана аларды ишке ашыруу боюнча чараларды сунуштоо менен кластердеги инновациялык ишти колдоо жана дем берүү;
- рынокто кластердик брендди жана продукцияны илгерилетүү боюнча маркетингдик стратегияларды жана иш-чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- кластердин кызыкчылыктарын тышкы стейкхолдерлерге, анын ичинде мамлекеттик органдарга, илимий институттарга, инвесторлорго ж.б. сунуштоо.
Чакан комитеттер же жумушчу топтор, эреже катары конкреттүү милдеттерди аткаруу же белгилүү бир көйгөйлөрдү чечүү үчүн ири комитеттердин же жумушчу топтордун чегинде түзүлөт, мисалы:
- кластердин ишинин конкреттүү аспекттери менен байланышкан маалыматтарды изилдөөнү жана талдоону жүргүзүү (мисалы, рынокту изилдөө, атаандаштык чөйрөсүн талдоо, технологиялык тренддерди баалоо ж.б.);
- кластердин ишинин белгилүү бир аспекттерине көңүл буруу менен стратегиялык пландарды жана программаларды иштеп чыгууга катышуу (мисалы, рыноктун конкреттүү сегменттерин өнүктүрүү стратегиялары, инновациялык өнүктүрүү стратегиялары же кластердин продукциясынын маркетинги жана илгерилетүү стратегиялары);
- конкреттүү долбоорлорду жана программаларды даярдоо, алардын максаттарын жана милдеттерин түзүү, бизнес-пландарды жана долбоордук документтерди иштеп чыгуу, ошондой эле белгиленген мөөнөттөргө жана бюджетке ылайык алардын аткарылышын камсыз кылуу;
- көйгөйлөрдү, тобокелдиктерди аныктоо жана максаттарга жетүү үчүн чараларды оңдоо менен конкреттүү долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- кластердин катышуучуларынын кесиптик көндүмдөрүн жана билимдерин жогорулатуу максатында алардын компетенциялар жаатына байланыштуу конкреттүү темалар боюнча окутуучу иш-чараларды жана семинарларды уюштуруу;
- жаңы продуктуларды, технологияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү табуу, ошондой эле аларды ишке ашыруу үчүн иш-чараларды уюштуруу менен кластерде инновациялык ишти өбөлгөлөө;
- бекитилген стратегиялык максаттарга ылайык брендди жана кластердик продукцияны илгерилетүү боюнча маркетингдик стратегияларды жана иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
Бул кластерди башкаруу органдарынын функцияларынын жана милдеттеринин болжолдуу тизмеги. Ар бир конкреттүү учурда алар кластердин конкреттүү муктаждыктарына жана өзгөчөлүктөрүнө ыңгайланышы мүмкүн.
9. Тармактык же региондук кластерди аналитикалык жана маалыматтык колдоо борборун түзүү
Тармактык же региондук кластерди аналитикалык жана маалыматтык колдоо борбору кластердин натыйжалуу иштеши жана анын катышуучулары тарабынан негизделген стратегиялык чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултууда, талдоодо жана берүүдө маанилүү ролду ойнойт жана төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- негизги тренддерди, мүмкүнчүлүктөрдү жана коркунучтарды аныктоо үчүн рынок, атаандаштар, керектөөчүлөр, технологиялык тенденциялар жана кластердин ишине таасир этүүчү башка аспекттер жөнүндө ар түрдүү маалыматтарды чогултуу жана талдоо;
- кластердин катышуучуларына негиздүү маркетингдик чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү суроо-талапты изилдөө, рыноктук конъюнктураны талдоо, атаандаштык чөйрөсүн баалоо ж.б. максатында маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- тармактын учурдагы абалы жөнүндө маалыматты, өнүгүүнүн болжолдорун, стратегиялык аракеттер ж.б. боюнча сунуштамаларды камтыган аналитикалык отчетторду даярдоо;
- кластердин катышуучуларына маалыматтарды талдоо, стратегияларды иштеп чыгуу, инновациялык чечимдерди тандоо ж.б. менен байланышкан маселелер боюнча консультацияларды жана эксперттик колдоо көрсөтүү;
- кластердин катышуучулары үчүн аналитика, маркетинг, башкаруу ж.б. маселелер боюнча семинарларды, вебинарларды, тренингдерди жана башка окутуучу иш-чараларды уюштуруу;
- кластердин катышуучуларына маалыматтарды натыйжалуу алмашууга мүмкүндүк берген маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана колдоо;
- иштин жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү жана баалоо жана берилүүчү маалыматтын кластердин ишине тийгизген таасирин баалоо, бул стратегияларды жана иштөө методдорун оңдоого мүмкүндүк берет.
Тармактык же региондук кластер үчүн аналитикалык жана маалыматтык колдоо борборун түзүү анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат жана катышуучулардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
9.1. Тармактык же региондук кластердин иштөө процессин байкоо
Тармактык же региондук кластердин иштөө процессин байкоо аны башкаруунун жана өнүктүрүүнүн маанилүү аспекти болуп саналат:
- ийгиликтин негизги көрсөткүчтөрүн аныктоо (KPI), алар кластердин ишинин натыйжалуулугун чагылдырат (мисалы, өндүрүштүн көлөмү, түшкөн пайда, рыноктун үлүшү, инновациялык активдүүлүк, кластердин катышуучуларынын канааттануу деңгээли ж.б.);
- KPI тарабынан белгиленген маалыматтарга системалуу мониторинг жүргүзүү, ал өзүнө финансылык отчетторду, долбоорлордун аткарылышы жөнүндө отчетторду, инновациялык активдүүлүк жөнүндө маалыматтарды ж.б. талдоону камтууга тийиш;
- натыйжаларды талдоо жана тышкы чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө өз убагында жооп берүүгө жана өнүктүрүү стратегиясын түзөтүүгө мүмкүндүк берүүчү кластерди андан ары өнүктүрүүнү болжолдоо;
- кластердин коюлган максаттарына жетүүдө жүргүзүлүүчү иш-чаралардын жана программалардын таасирине баа берүү, ал инвестициялардын жана ресурстардын натыйжалуулугун аныктоого, ошондой эле ишти андан ары өркүндөтүү үчүн ийгиликтүү тажрыйбаларды жана каталарды аныктоого мүмкүндүк берет;
- кластердин катышуучулары менен ачык диалогду колдоо үчүн кайтарым байланыш жана өз ара аракеттенүү жана иштин натыйжалуулугун баалоодо алардын пикирлерин эске алуу, бул көйгөйлөрдү аныктоого жана аларды чечүүнүн жолдорун табууга, ошондой эле катышуучулардын ишеним жана канааттануу деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет;
- рыноктун өзгөрүүчү шарттарына ыңгайлашууга жана бүтүндөй кластердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берүүчү колдонуудагы пландарды жана программаларды үзгүлтүксүз жаңыртып туруу жана түзөтүү.
9.2. Натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн жана аларды өлчөө механизмдерин аныктоо
Натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (KPIs) жана аларды өлчөө механизмдерин аныктоо кластердин конкреттүү максаттарына жана стратегиясына жараша болот. Бирок кээ бир жалпы негизги көрсөткүчтөр төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн: Экономикалык көрсөткүчтөр:
- кластердин региондук дүң продукту (РДП);
- кластерде өндүрүштүн өсүшү;
- кластерге инвестициялардын көлөмү;
- кластердин продукцияларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн экспортунун деңгээли;
- кластерде жумуштуулуктун деңгээли.
Инновациялык көрсөткүчтөр:
- илимий-изилдөө жана иштеп чыгуу иштерине (ИИИ) инвестициялардын көлөмү;
- кластерди өндүрүүнүн жалпы көлөмүндөгү инновациялык продуктулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн саны жана үлүшү;
- кластердин катышуучулары тарабынан корголгон патенттердин жана башка интеллектуалдык укуктардын саны.
Өндүрүштүк көрсөткүчтөр:
- өндүрүштүк кубаттуулуктарды пайдалануу деңгээли;
- өндүрүштүн натыйжалуулугунун деңгээли (мисалы, чыгымдардын бирдигине продукциянын түшүүсү);
- рыноктун талабына жооп берүү убактысы.
Кызматташуу жана синергия деңгээли:
- кластердин катышуучуларынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин саны жана сапаты;
- биргелешкен долбоорлордун жана изилдөөлөрдүн деңгээли;
- кластердин катышуучуларынын ортосунда билим жана тажрыйба алмашуу деңгээли.
Катышуучулардын канааттануу деңгээли:
- кластер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын жана колдоонун сапаты боюнча кластердин катышуучуларын баалоо;
- катышуучулардын кластердик иш-чараларга жана демилгелерге катышуу деңгээли.
Корутунду
Корутундуда жыйынтык чыгарылат жана негизги тыянактар жасалат:
- кластерди ийгиликтүү түзүү үчүн зарыл болгон конкреттүү кадамдарды жана процесстерди көрсөтүү менен методикада берилген негизги этаптардын жыйынтыгын чыгаруу;
- кластерди түзүүгө жана анын ийгиликтүү иштешине өбөлгө болгон факторлорду жана шарттарды көрсөтүү менен жүргүзүлгөн талдоонун негизинде каралып жаткан тармакта же региондо кластерлөө потенциалын талкуулоо;
- кластердин катышуучуларынын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу башкаруу механизмдерин жана түзүмдөрүн баяндоо менен кластерди түзүү процессинде бардык кызыкдар тараптардын ортосунда координациялоонун жана кызматташуунун маанилүүлүгүн көрсөтүү;
- кластердик долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мамлекеттик түзүмдөрдүн, бизнестин, илимий жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн көрсөтүү менен кластерлерди түзүүдө жана колдоодо мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун ролун талкуулоо;
- кластердик саясатты жана методиканы андан ары өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн мүмкүн болгон багыттарды карап чыгып, түзүлгөн кластерди өнүктүрүү келечегин жана бардык катышуучулар үчүн потенциалдуу пайдаларды белгилөө.
2.1-сүрөт. Тармактык же региондук кластерди түзүүгө методологиялык мамиле
Графикалык көчүрмөнү караңыз. __________________ (1) Атаандаштык стратегиясы: Тармактарды жана атаандаштарды талдоо методикасы [Текст]: англис, которулду/М.Портер. - М.: Альпина Бизнес Букс, 2005. - 454-б.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасында кластерлерди уюштуруу жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 542 токтомуна)Положение · 04.09.2024 · № 542
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-августу № 560 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 542 "Кыргыз…Постановление · 19.08.2026 · № 560
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.