Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Байтик Баатыр айылдык кенешинин “Пионер” чокусунун атын өзгөртүү жөнүндө» токтому
БАЙТИК БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Байтик Баатыр айылдык кенешинин 30 чакырлышынын 3 жыйыны
2026-жылдын 3-августу № 01-6/6
“Пионер” чокусунун атын өзгөртүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана 7-беренелерине жана 2026-жылдын 20-июлундагы № 15-9082 “Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик саммитине байланыштуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын протоколдук тапшырмасына ылайык, Байтик Баатыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байтик Баатыр айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Ала-Арча» Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы» мамлекеттик мекемесинин аймагында жайгашкан, азыркы учурда “Пионер” аттуу чокусунун аты “Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу” деген атка которулсун.
2. Байтик Баатыр айыл өкмөтү тарабынан Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына “Пионер” чокусунун атын өзгөртүү боюнча өтүнүч кат жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер маселелери жана жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага | | А.М. Джумагулов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67