Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
738-61-статья. Конвертациялануучу заем келишими
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы
1. Стартаптардын, инновациялык компаниялардын жана венчурдук инвесторлордун ортосунда түзүлгөн, келечекте белгиленген мөөнөттө жана (же) тараптар макулдашкан шарттар жана башка жагдайлар келип чыкканда заемду компаниянын акцияларына же компаниянын уставдык капиталындагы үлүшүнө конвертациялоонун шарттарын белгилөөчү келишим конвертациялануучу заем келишими деп таанылат.
2. Конвертациялануучу заем келишиминин олуттуу шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- заем берүүчү заемду конвертациялоону талап кылуу, ал эми заем алуучу заемду конвертациялоону камсыз кылуу укугу келип чыккан мөөнөт же шарттар;
- пайыздык ставка;
- стартапты баалоо (максималдуу);
- инвесторго берилүүчү дисконт же арзандатуу, ошондой эле коомдун уставдык капиталын көбөйтүү суммасы же аларды аныктоо тартиби.
3. Конвертациялануучу заем келишимин, мурда түзүлгөн келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө макулдашууну, ошондой эле башка жакка конвертациялануучу заем келишимин аткаруу үчүн заем алуучудан бул жактын пайдасына кошумча акцияларды жайгаштырууну талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзүү эгерде аталган келишимде мындай өткөрүп берүүгө жол берилсе, заем алуучунун акционерлеринин же коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун алдын ала макулдугун талап кылат.
4. Заемду конвертациялоонун шарттары жана тартиби, анын ичинде конвертациялоо коэффициенти жана конвертациялоо келип чыккан шарттар тараптар тарабынан макулдашылышы жана жазуу жүзүндө жазылышы керек.
5. Конвертациялануучу заем келишимин түзүү үчүн милдеттүү шарт болуп коомдун катышуучуларынын (акционерлеринин) добуштарынын көпчүлүгү менен кабыл алынган заем алуучунун катышуучуларынын (акционерлеринин) жалпы чогулушунун чечиминин болушу эсептелет.".
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230050033/st-738-61" title="738-61-статья - Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>