Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
738-60-статья. Опциондук келишим
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы
1. Опциондук келишим боюнча бир тарап (опциондун ээси) мындай келишимде каралган шарттарда экинчи тараптан (опционду сатуучудан) опциондук келишимде каралган аракеттерди жасоону (анын ичинде акча каражаттарын төлөөнү, мүлктү, анын ичинде компаниянын акцияларын же компаниянын уставдык капиталындагы үлүшүн өткөрүп берүүнү же кабыл алууну) келишимде белгиленген мөөнөттө талап кылууга укуктуу жана мында, эгерде ыйгарым укуктуу тарап көрсөтүлгөн мөөнөттө талапты билдирбесе, опциондук келишим токтотулат. Опциондук келишимде опциондук келишим боюнча талап мындай келишимде аныкталган жагдайлар келип чыкканда билдирилген болуп эсептелет деп каралышы мүмкүн.
2. Эгерде опциондук келишимде, анын ичинде коммерциялык уюмдардын ортосунда түзүлгөн келишимде анын кайтарымсыздыгы каралган же болбосо мындай келишимди түзүү тараптардын мамилелеринен келип чыгуучу башка милдеттенме же мыйзам тарабынан корголуучу башка кызыкчылык менен шартталган учурларды кошпогондо, опциондук келишим боюнча талап коюу укугу үчүн тарап мындай келишимде каралган төлөмдү төлөйт.
3. Эгерде опциондук келишимде башкача каралбаса, опциондук келишим токтотулган учурда ушул статьянын 2-пунктунда каралган төлөм кайтарылууга тийиш эмес.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230050033/st-738-60" title="738-60-статья - Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>