Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаарында жана Гонконг шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунун ортосундагы Кирешеге жана капиталга салыктарга карата кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен жактырылган)
| | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын «___» __________ № _____ тескемеси менен жактырылган |
2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында жана Гонконг шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунун ортосундагы Кирешеге жана капиталга салыктарга карата кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунун ортосундагы Кирешеге жана капиталга салыктарга карата кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аталган Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-июнундагы № 535-т тескемеси менен жактырылган. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренесине ылайык ушул Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2025-жылдын 10-мартындагы жана Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги чечимдери менен жактырылган. Бул Макулдашуу республиканын экономикасына түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымына шарт түзүүчү курал катары каралат, анткени ал чет өлкөлүк компаниялар үчүн салык режимин алдын ала болжолдоо мүмкүндүгүн камсыздайт жана кош салык салууну жокко чыгарат. Мындан тышкары бул Макулдашуунун негизги милдеттери болуп бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекетте дискриминациялык салык салуудан коргоо, салык салуулардан качууга же Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, Макулдашуунун жоболорун аткарууну камсыз кылуу үчүн макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу саналат. Бул Макулдашуу бир эле учурда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жоболорун чагылдыра турган биздин мамлекеттин салык мыйзамдарын колдонууда Гонконг менен өз ара мамилелерди түзүү боюнча жалпы мамилени иштеп чыгуу үчүн зарыл. Ошондой эле жогоруда аталган Макулдашуу эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болгон жалпы көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүдө бирдиктүү форма болуп санала тургандыгын белгилейбиз. Макулдашуу өлкөлөр ортосундагы сооданы жана инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө жөндөм түзөт, гонконгдук компаниялардын Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүсүнө жагымдуу шарттарды түзөт. «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Бул Макулдашуу ратификацияланган учурда финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын, ошондой эле терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбей тургандыгын белгилейбиз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.