Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
91-берене. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишим түшүнүгү жана түрлөрү
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 13-глава
1. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимге ылайык ташуучу каттам башталганга чейин жана анын башында кемени деңизде сүзүүгө жарактуу абалга келтирүү үчүн тийиштүү кам көрүүгө, жөнөтүүчү берген же бере турган жүктү бара турган портко жеткирүүгө жана аны жүктү алууга ыйгарым укуктуу болгон жакка (алуучуга) өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми жөнөтүүчү же фрахттоочу жүктү ташуу үчүн шартталган акыны (фрахтты) төлөөгө милдеттенет.
2. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишим төмөнкүдөй түзүлүшү мүмкүн:
1) ташуу үчүн кемени бүтүндөй, анын бир бөлүгүн же кеменин белгилүү бир жайларын (чартер) берүү шарты менен;
2) кемени же анын бөлүгүн берүүсүз (коносаменттин же башка ташуу документинин негизинде ташуу).
3. Фрахттоочу болуп ташуучу менен кемени фрахттоо келишимин (чартер) түзгөн жак саналат.
4. Жөнөтүүчү болуп ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда аталган жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимди түзгөн жак, ошондой эле жүктү ташуучуга өз атынан тапшырган кандай болбосун башка жак саналат.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-91" title="91-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>