Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
88-берене. Жүктөрдү деңиз аркылуу ташууну уюштуруу
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 12-глава
1. Деңиз аркылуу ташуулардын укуктук режими ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленет. Деңиз аркылуу ташуулар чөйрөсүндөгү мамилелер соода үчүн деңизде сүзүү эркиндиги, кемечиликтин коопсуздугу жана деңиз чөйрөсүн коргоо принциптерине негизденет.
2. Жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу кемелер тарабынан ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ташуу келишимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында жүзөгө ашырылат.
3. Кеме ээлери, эгерде бул коопсуздук талаптарына жана кеменин классынын шарттарына карама-каршы келбесе, сүзүү райондорун, жүктөрдүн түрлөрүн жана ташууларды уюштуруунун түрлөрүн (линиялык же трамптык) тандоодо эркин.
4. Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында Кеме реестринде катталган кеме ээлери үчүн Министрлер Кабинетинин чечими менен жеңилдиктер жана артыкчылыктар белгилениши мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ташуунун ушул Кодексте каралгандан башка эрежелери белгиленген учурда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-88" title="88-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>