Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
75-берене. Керээзди жана каза болуу фактысын ырастоо
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 7-глава
1. Адамдардын кемеде сүзүү мезгилинде жасалган керээздери кеме капитаны тарабынан ырасталат жана нотариалдык жактан ырасталгандарга теңештирилет.
2. Кемеде кимдир бирөө каза болгон учурда капитан төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) каза болгондугу жөнүндө актыны эки күбөнүн жана алар бар болсо, врачтын же фельдшердин катышуусунда түзүүгө;
2) кеме журналына жазууну киргизүүгө;
3) актыга каза болгондун мүлкүнүн тизмесин тиркөөгө;
4) туугандарына же компетенттүү органдарга өткөрүп берилгенге чейин мүлктүн сакталышын камсыз кылууга.
3. Кеме капитаны маркумдун сөөгүн сактоо жана мекенине жөнөтүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө милдеттүү. Мындай мүмкүнчүлүк болбосо, ал сөөк коюуну кеме жакынкы деңиз портуна киргенде уюштурат.
4. Өзгөчө учурда, эгерде кеме узак убакыт бою ачык деңизде болууга тийиш болсо жана каза болгон адамдын сөөгүн сактоого мүмкүн болбосо, капитан бул жөнүндө акт түзүү жана кеме журналына тиешелүү жазууну киргизүү, сөөк деңизге берилген жердин географиялык координаттарын белгилөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясына милдеттүү түрдө билдирүү менен деңиз салтына ылайык сөөктү деңизге берүүгө укуктуу.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-75" title="75-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>