72-берене. Кеменин бортунда кылмыш жасалган учурда капитандын ыйгарым укуктары
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 7-глава
1. Сүзүп бараткан кемеде кылмыштын белгилерин камтыган жосун жасалган учурда капитан эл аралык укуктун ченемдерин, кемечиликтин эл аралык деңиз практикасын, ушул Кодексти, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарын жана тиешелүү нускамаларды жетекчиликке алуу менен алдын ала тергөөчүнүн аракеттерин аткарат.
2. Капитан кылмыш түрүндө жазалануучу жосунду жасоого шектелип жаткан адамды жакынкы кирүү портундагы компетенттүү органдарга өткөрүп бергенге чейин кармоого же аны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы башка кемеде Кыргыз Республикасына жиберүүгө укуктуу.
3. Кеме чет өлкөлүк портто болгон учурда анда кылмыш жасалган учурда капитан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана жүргөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык аракеттенүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
72-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-72" title="72-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>