Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
70-берене. Кемеде тартипти сактоо
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 7-глава
1. Капитандын өз ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктары кемедеги бардык адамдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Капитандын мыйзамдуу буйруктары аткарылбаган учурда ал кемеде тартипти камсыз кылууга багытталган зарыл чараларды көрүүгө укуктуу.
2. Капитан Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында жана кемелерде кызмат өтөөнүн уставдарында каралган тартипте экипаждын мүчөлөрүнө карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын, анын ичинде кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетүүнү да колдонууга укуктуу.
3. Капитан анын аракеттери кеменин, андагы адамдардын же мүлктүн коопсуздугуна коркунуч келтирген адамды кеме жакынкы портко келгенге чейин өзүнчө жайда обочолонтууга укуктуу, бул жөнүндө себебин, убактысын жана жагдайларын көрсөтүү менен кеме журналына жазууну киргизүүгө милдеттүү.
4. Ушул беренеге ылайык капитан тарабынан көрүлүүчү чаралар негиздүү жана кеменин, адамдардын жана мүлктүн коопсуздугуна коркунучтун деңгээлине өлчөмдөш болууга тийиш. Капитан кемедеги тартипти сактоо боюнча ал тарабынан көрүлгөн чаралардын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн кемедеги кызмат өтөөнүн уставына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-70" title="70-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>