Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
60-берене. Кеме ээсинин милдеттери
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 6-глава
1. Кеме ээси төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) кемедеги коопсуз эмгек шарттарын;
2) экипаж мүчөлөрүнүн ден соолугун коргоону;
3) азык-түлүк жана ичүүчү суу менен камсыздоону;
4) кемеде куткаруу каражаттарынын болушун;
5) тиешелүү кызматтык, турак жай-тиричилик жана башка жайлардын болушун;
6) ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кемени, жүктөрдү камсыздандырууну жана камсыздандыруунун башка түрлөрүн.
2. Кеме ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кеме экипажынын мүчөлөрү эмгектик милдеттерин аткарганда алардын өмүрүн жана ден соолугун камсыздандырууга;
2) кеме экипажынын мүчөлөрүнүн эмгек акысын жана аларга тиешелүү болгон башка суммаларды, анын ичинде репатриациялоого кеткен чыгашаларды камсыздандырууга.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган камсыздоонун минималдуу ченемдери жана кеме ээсинин милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-60" title="60-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>