57-берене. Экипаж мүчөлөрүнүн жарандыгы
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 6-глава
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүүчү кеменин экипажынын мүчөлөрү болуп кандай болбосун мамлекеттин жарандары боло алат.
2. Кыргыз Республикасынын жараны гана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган жана коммерциялык эмес максаттарда (мамлекеттик кызматтын) пайдаланылуучу кеменин капитаны боло алат.
3. Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кемелеринде чет өлкөлүк жаранды капитан катары дайындоого жол берилет. Мындай дайындоонун тартиби жана шарттары, ошондой эле мындай адамдардын квалификациясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсүнө карата талаптар Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан аныкталат.
4. Экипаждын курамына кирген чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык алардын квалификациясын тастыктаган, Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан таанылган кесиптик дипломдору жана күбөлүктөрү болууга тийиш.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
57-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-57" title="57-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>